ДАТКАНЫН СҮРӨТҮНҮН СЫРЫ

Быйыл Кыргызстанда Курманжан датканын жылы. Атактуу Алай ханышасы тууралуу эч жерге жарыялана элек тарыхый маалыматтар көп. Жакында тарыхчы жана журналист Кыяс Молдокасымов архивдик булактардын негизинде Курманжан датканын буга чейин ким тартканы белгисиз болуп келген фотосүрөттөрүнүн авторун таап чыкты.

ПРЕЗИДЕНТ ТАРТКАН СҮРӨТ
Курманжан датканын бизге жеткен саналуу гана сүрөттөрү бар. Балким, кайсыл бир чет өлкөнүн архивинде, басылган китептеринде сүрөтү бардыр, бирок алар бизге жете элек. Аларды таап, алып келүүгө азырынча чамабыз чакталуу. Башка дагы сүрөттөрү болуу керек деп ишенимдүү айтып жатканым, ХIХ кылымдын акырында, ХХ кылымдын башында Ош, Алай аркылуу көптөгөн саякатчылар, расмий адамдар Кытай, Индияны көздөй каттап турушкан. Алардын ар бири Курманжан даткага жолугуп, колунан даам татып, маектешкенге куштарланган. Айрымдары атайылап издеп келип жолугушкан. Оштогу көп жыйындарга датка байма-бай чакырылып, ардактуу мейман болуп аралашып турган. Ал учурларда тартылган сүрөттөрдөн азырынча дайын жок. Өз доорунда тартылган сүрөттөрдүн арасынан Орусиянын Генералдык штабынын полковниги, соңунда Финляндиянын президенти Маннергеймдин тарткан сүрөттөрү эгемендүүлүк жылдарда дайын болду. Калган сүрөттөр алигиче дайынсыз.

СҮРӨТТҮН СЫРЫ 1 КЫЛЫМДАН КИЙИН АЧЫЛЫП…
Ал эми бизге белгилүү Курманжан даткага тиешелүү 4 сүрөттү ким тартканы билинбей, ар кандай божомолдор айтылып келген. Эми аны тактап, авторун элге жарыя кылууга мезгил келип жетти. Биз даткага тиешелүү бул сүрөттөрдү ким тартканын архивдерден көпкө изилдедик. Өзбекстандын Мамлекеттик Тарых музейинен да издедик. Өз убагында Санкт-Петербургдагы архивдерди каздык. Акыры сүрөттүн илинчеги Ташкенттеги Өзбекстандын Мамлекеттик Борбордук архивинен табылды. Мына ошол архивде Фергана облусунун иш кагаздары сакталган 19 фонд бар. Бул фонддун 8750-иш кагазында Ош уездинин начальнигинин милдетин аткаруучу, подполковник Алексеевдин Фергана аскер губернаторуна 1907-жылдын 5-февралында жазган каты сакталуу. Бул кат Курманжан датка каза болгондон 3 күндөн кийин жазылган. Андан сүрөттүн ээси ким экенин билебиз. Подполковник Алексеев өз катында:
«Фергана облусунун башкармалыгына мына ушул кат алышуулар менен бирге Курманжан датканын сүрөтү даяр болору менен дароо жиберилерин билдиргим келет. Бул сүрөт мага караштуу канцеляриянын катчысы Григорьев төрө тарабынан тартылган. Ал өзүнүн эмгеги үчүн эмгек акыдан да баш тартып, бул сүрөттү музейге тартуу иретинде кабыл алынышын каалап жатат»,- деп сүрөттүн чоо-жайын билдирген. Мына ушул кыскача маалыматтан улам Курманжан датканын сүрөтү ким тарабынан тартылганын билебиз. Бул сүрөт Санкт-Петербургдан чыгуучу «Исторический вестник» аттуу журналга 1907-жылы И.П.Ювачевдин «Курманжан датка Алай кыргыздарынын ханышасы» аттуу макаласы менен бирге басылган. Мына ушул журналдан алынган сүрөттөр аркылуу биз датканын өң-келбетин көрүп келдик. Бирок бул сүрөттүн түп нускасын азырынча биз эч бир жерден таппадык. Балким, бул сүрөттөр жалгыз эместир. Григорьев төрө бир нече сүрөт жиберип, алардын арасынан басма өзүнө ылайыктуусун гана тандап журналга баскандыр. Эң негизгиси, бул сүрөттөр Фергана облустук башкармалыгына жиберилген сүрөттөрбү же И.П.Ювачев Ошко келгенде Григорьев төрөнүн өз колунан алган сүрөттөрбү? Ал тууралуу И.П.Ювачев да эч сөз кылбайт. Айтор, сүрөттүн автору ким экени бир кылымдан соң бизге белгилүү болуп отурат.

Кыяс Молдокасымов
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
KURSHAB
2011-04-09 14:45:03
азго информ..
0
elif
2011-04-11 16:08:34
azamatsiniz Kiyas,kırgızdardın komuskodo kalgan tarihtarin achikka chigarip koptogon achilishtardi jarata berin.
Eger meni menen baylanishsaniz Datkabiz jonundo kichine maalimat bere alam,menin tortunchu chon atam Omoy Kurmanjan datka menen choguu ishteshken eken atamdin aytuusunda,andan kalgan arab alfabiti menen jazilgan moordun kopiyası bar apamdin sandiginda)).ani kotorto alsaniz mumkun bir tarihiy bojomoldu da achikka chigara alasiz
0
elif
2011-04-11 16:09:32
Basa men da alaydan bolom,akem da tarihchi,til tabiship kete alasiz,atamdin oozunan uksaniz dagi kiziktuu bolot...
0
izabel
2011-04-12 11:21:24
Тарыхый инсандарыбыз тарыхтан оз ордун таап атканы ото кубандырат
0
Аида
2011-04-13 00:55:48
Курманжан даткадай энебизболгону менен сыймыктанам.Азырчы саясасатчыларыбыз оз чонтокторун кантип кампайтуудан башканы ойлошпойт.
0
ulanbii
2011-07-16 11:13:35
Курманжан даткадай энебиз кылымда бир келет.Азыркы саясатчылар жон эле оз комочун ойлоп элди кыйнап жатпайбы элди болуп.Биздин датка энебиз элди бириктирген.
0
isabekD.A.
2011-10-27 10:18:43
Kurmanjan Datka bul Kurmanjan Datka!Azyrky kundo Otunbaevany tim ele Datka enebizge salyshtyrgandar koboyuudo...
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан