Мерген Турган деген ысым эл оозуна кандай бат алынса, анын "Өмүр кечи" аттуу ыры да жарыкка чыгары менен калың элди каптап кеткен. Ырдын жаралыш тарыхы тууралуу автор өзү мындайча баяндап берди.
– Бул ырым 1994-жылы үч күн ичинде жаралган. Биз, адамдар бардык нерсени өз учурунда баалабайт эмеспизби. Качан гана убакыт өтүп кеткенде өкүнүп калабыз. Ушундай өкүнүч, ажал, сүйүү, айтор, бүт өмүрдү камтыган музыкалык чыгарма десем болот. Өзөгү өзүмдүн жашоомдон алынган.
"Тамчы урган терезеде жашыдым түндө,
Унута албайт окшойм, ойлойм сен жөнүндө.
Тагдырымды талдай сындырып, кайрылбадың,
Мени оюнчуктай ойнодуң неге?"
деген саптар бар эмеспи, жаш кезимде сүйгөн кызым менен таарыныша кетип, жүрөгүм ыйлаган. Сүйгөн адамың менен тагдырлаш болбой калсаң жаман экен да. Кадимкидей ошол кезде өзүмдү таштап салган элем. Керек болсо бул жашоодон кетким келип, жаман абалда жүргөнүмдө ошол ыр жаралган.
Чыгарма 2000-2005-жылдары абдан популярдуу болду. Радиолордон тынбай жаңырып, угармандар сурап угушчу. Кийин “мен ырдайын” деп келген дагы ырчылар болду. Бирок эмне себептен ырдабай калышты билбейм. "Өмүр кечин" уккан кээ бир адамдар өлүмдөн да калышкан. Телефон чалып, “ушул ырды уккандан кийин жашагым келип калды, сизге рахмат” дегендер кездешкен. Андыктан мен ойлойм, жашоодон үмүтү үзүлүп бараткан адамдардын үмүт отун кайра жандандыруучу ыр болду деп.
Бир жолу ырды эжем угуп алып “көңүлдүү ырларды ырдачу элең, сага эмне болду, өлгүң келип жатабы, коштошуп жаткандай ырдаптырсың?..” деп ыйлап келгени эсимде. Ыр бат эле эл оозуна алынып кетти. Андан кийин деле көп ырларды ырдап чыктым, бирок бири дагы “Өмүр кечине” жеткен жок. Бийчи Бакыт Байсариевге жолуккан сайын “баягы ырыңызды ырдап бериңизчи?” деп суранып калат.
Кызыгы, "Суранам, өмүрүмдү кайрадан берчи,
Жартылай мүнөзүмдү толуктап берчи.
Кыйналдым бул дүйнөдө сүйүүмө жетпей,
Мен үчүн батып кеткен өмүр кечи" деген саптардан уламбы, айтор, бул ырымды гейлердин гимни деп айтышат экен. Буга такыр кошулбайм. Бул көрө албастардын айткандары. Сүйгөнүнөн айрылган адам жарты болбой эмне болот?! "Өмүр кечин" замандаштарым үчүн чыгаргам.
Байкалбастан өмүр өтөт көз ирмемимде,
Кай жаккадыр кетет шашыла, күндөн күнгө.
А биз келген бул дүйнөгө мейман, конокпуз,
Мөөнөтүбүз бүтсө, кайтарбыз үйгө...
Чындыгында, өмүр аз, өмүр кыска, андыктан баалап-барктап жашай билели деген ойду ыр аркылуу айткым келген.
Бул ырды Медиа-порталдан уга аласыздар.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg