“Жүрөгүмдү багынта алган мырзага бүт өмүрүмдү арноого даярмын”,- дейт бүгүнкү биздин каарман. Жалындаган жаштыгы менен таланты айкалыша сахна көркү болгон Сайкал Садыбакасова бул жолу “Бойдоктор бурчунда” конокто.
Туулган жылы – 1992-жыл, 10-декабрь
Бою – 167см, салмагы – 56 кг
Жылдыз белгиси – Жаачы
Учурда – Ош юридикалык академиясынын 3-курсунун студенти
Материалдык байлыгы – Апасы белек кылган Мерседес 280 жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаалары, ошондой эле Ош шаарындагы чакан сулуулук салону
– “Жолукканда жалт карайсың, жалжалым, сүйлөй албай сүрдөп кетем ансайын” дегендей, сүрдөп, сүйгөн мырзаң барбы?
– Ачыгын айтыш керек, азырынча жүрөгүмдү эч ким багынта элек. Бирок мени жалжал тутуп, сөз айткандар көп. Алардын бирин да тандай элекмин.
– Актанганың менен, бойго жеткен кызда сезимдер ойгонот эмеспи...
– (Каткырып) Керек болсо 3-классымда эле алгачкы сезимдерге кабылгам. Алмаз аттуу классташымды жакшы көрүп, Сүйүшкөндөр күнүндө атымды жашырып кат жазгам. Учурда ошол балалык сүйүүм менен досмун.
– Ырчы кыздын жүрөгү кандай жигиттерге жибийт болду экен?
– Негизи, кыздардын жүрөгүн жибитиш кыйын. Жеке мага эрктүү, акылдуу, спортко жакын, бою узун мырзалар абдан жагат. Келечектеги жолдошумду да ушундай элестетем. Турмуш-тиричиликке тың, боорукер, бардык маселелерди мени менен кеңешип чечкен адам болсо жакшы да.
– Дал ушундай сапаттарга ээ болгон мырзаны жолуктуруп калдың дейли. Анан “Кыз-Бурактын” “23 жашка чейин турмушка чыгууга болбойт” деген мыйзамын буза аласыңбы?
– Бул мыйзамды буза албайм. Канчалык сүйүп-күйүшпөйлү, бир пикирге келебиз деп ойлойм. Эгер ал жигит мени сүйсө, канча жыл болсо да күтөт деп эсептейм.
– Макул, ал күтүп жүрүп сага үйлөндү. Үйлөнгөндөн кийин “болду эми, чыгармачылыгыңды ташта” десечи...
– Апам дайыма турмушка чыккан эжелериме “жолдошуңдун шартына көн” деп айтып келет. Бул сөздөр мага да тиешелүү. Бирок азыр “сүйүктүүм үчүн чыгармачылыгымдан кол үзбөйм” деп так айта албайм. Ал деле менин жан дүйнөмдү түшүнөт чыгар.
– Ичтеги сыр тышка чыкса, жүрөккө жеңил эмеспи. Ким менен сырдашасың?
– Мурун апамдан сырларымды жашырчумун. Урушат деп коркчу белем, айтор, кооптонуп турчумун. Бара-бара апам жан курбума айланды. Азыр жан дүйнөмдө болуп жаткан абалдарды билип турган сырдашым – апам.
– Кээде кыздар көп иштерден чарчагандабы, айтор, “өх, эртерээк турмушка чыгып кетсем кутулат элем” деп калышат. Сенде да ушундай учур болобу?
– “Бир түйшүктөн кутулсаң, экинчи түйшүккө тутуласың” деген сөз бар го, анын сыңарындай, турмушка чыгып кеткенде деле андан эки эсе көп иштерге кабылып калышың мүмкүн. Мага андай ой келе элек. Чарчаганда болгон күчүмдү музыкадан чыгарып, ыр менен гана алаксыйм.
– Телефон номериңди сураган жигиттерге берген жообуң...
– Бардыгына бере бербейм. Бирок шыңга бойлуу, келбеттүү жигит менен таанышып, номеримди сураса жок дебейм. Бир көргөндө деле адамдын көзүн карап көп нерсени билип койсо болот. Ошондуктан жылдыздуу көрүнсө бере берем.
– Мырзаларга бир көргөндө кайсы жерим жагат деп ойлойсуң?
– (Ойлонуп) Күлгөндө эки уячам көздөрүнө урунат болуш керек.
Мына ушундай, жигиттер, ачык-айрым Сайкал сиз менен да баарлашуудан качпайт. “Кыз-Бурактын” 200дөн ашуун күйөө балдарынын катарын толуктайм же жөн гана бул сулуу менен дос болом десеңиз, анда www.super.kg cайтындагы "Атактуулар Супер-Форумда" бөлүмүнө баш багыңыз.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg