ЕЛЕНА ИСИНБАЕВА

«Эч нерсеге алаксыбаш үчүн кепка кием да, өзүмдү унутуп, секирүүнү гана ойлойм. Бул абалда канча убакыт болсо да жүрө алам. Стадиондо атаандаштар тууралуу ойлобойм, алар мен үчүн жашабайт. Ал эми стадиондон сырт жерде саламдашып, сүйлөшүп жүрө беребиз» Е.И.

ЕЛЕНА ИСИНБАЕВА
Туулган жылы – 1982-жыл, 3-июнь.
Туулган жери – Орусиянын Волгоград шаары.
Бою – 174 см, салмагы – 64 кг.
Жетишкен ийгиликтери – 2 жолку Олимпиада (2004-жыл, 2008-жыл) чемпиону,
5 жолку дүйнө чемпиону, 2 жолку Европа чемпиону.
Шыргый менен бийиктикке секирүү боюнча 27 жолу дүйнөлүк рекордду жараткан.
2005-жылы 22-июлда Лондондо бийиктикке секирүү боюнча аялдар арасында биринчи жолу 5 метр бийиктикти багындырган.
2007-жылдын эң мыкты спортчу айымы.
Билими – Волгограддагы Дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган, педагогика илимдеринин кандидаты.

АТАКТУУЛУК СЕРЕСИНДЕ
Астурия ханзаадасынын сыйлыгынын (Испан тактысынын мураскеринин жыл сайын берилүүчү эл аралык сыйлыгы, ал 8 наам боюнча берилет) ээси.
«Track&Field News» журналы 2010-жылы 31-январда «Он жылдыктын эң мыкты жеңил атлетчи айымы» деп атаган.
«Оскарга» тете болгон «Laureus» сыйлыгынын эки жолку ээси.
Москва шаарындагы «Высота» кинотеатрынын жанында анын урматына фонтан орнотулган.
2008-жылы «Glamour» журналынын окурмандарынын добушу менен «Жылдын гламур айымы» наамын утуп алган.

КИРЕШЕ БУЛАГЫ
Электр буюмдарын чыгаруучу «Toshiba» фирмасы менен иштешкендиктен, жылына 1 миллион 200 миң доллар пайда табат.
Кытайдын спорттук кийимдерди сатуучу «Li Ning» дүкөндөр тармагы менен келишим түзүп, ал боюнча фирма 5 жылдын ичинде жети жарым миллион доллар төлөп бермекчи.
2010-жылы «Forbes» журналынын орусиялык жылдыздарынын рейтингинде 2 миллион 400 миң доллар пайда таап, 40-орунга илинген.

15 ЖАШАР ЖЕҢҮҮЧҮ
Еленанын атасы – Исинбаев Гаджи Гаджиевич улуту боюнча табасаран, Дагестандын атуулу. Көп жылдардан бери сантехник болуп иштеп келет. Апасы – Исинбаева Наталья Петровнанын улуту орус. Волгограддын жанындагы айылдардын биринде туулуп-өскөн. Кийинчерээк Волгоград шаарына көчүп келип Гаджиге турмушка чыккан соң, 24 жыл от жагуучу болуп эмгектенген.
Елена 5, сиңдиси Инна 4 жашка чыкканда экөөнү ата-энеси гимнастика менен машыксын деп спорт мектебине беришет. Елена талыкпай машыгып отуруп, 15 жашында көркөм гимнастика боюнча спорт чеберлигине жетет. Бирок анын бою аябай өсүп кеткендиктен, гимнастиканы таштоого аргасыз болот. Ошондо Еленаны машыктыруучусу жеңил атлетика боюнча чебер Евгений Трофимовго алып барат. Ошентип, Елена Трофимовдун колунда шыргый менен бийиктикке секирүү боюнча машыга баштайт. Алгач көпчүлүк Еленаны ийгиликке жете албайт деп ойлойт. Бирок жарым жылдан кийин, ошол эле 1998-жылы Москвада өткөн өспүрүмдөр арасындагы бүткүл дүйнөлүк оюндарда жеңүүчү аталат. Ошентип, 15 жаштагы кыз спорттун бул түрүнө чындап жана көпкө келгендигин далилдей алат.

ЕВРОПАГА ТААНЫЛУУ
Анын эң алгачкы ири мелдешке катышышы болуп 1998-жылы Францияда өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионат эсептелет. Ал мелдеште Елена 3 метр 90 сантиметр бийиктикти багындырып, 9-орунга илинет. Ал эми 1999-жылы Польшада өткөн өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионатта 4 метр 10 сантиметр бийиктикке секирип, чемпион аталат. 2000-жылы да 4 метр 20 сантиметр бийиктиктен секирип, дүйнө чемпионатынын дагы бир алтын медалын тагынат. 2001-жылы өспүрүмдөр арасында Европа чемпионаты өтөт. Анда 4 метр 40 сантиметр бийиктикти багындырып, кезектеги алтын медалдын ээси болот. Ушул эле жылы Берлинде өткөн эл аралык фестивалда өспүрүмдөр арасындагы жаңы рекордду (4 метр 46 сантиметр) жаратат. Ал эми 2002-жылкы Европа чемпионатында 4 метр 55 сантиметрди багынтканы менен, бул жолу өзүнөн 5 сантиметрге бийик секирген мекендеши Светлана Феофановага алтын медалды бөктөртүп жиберет. 2003-жылы 4 метр 65 сантиметр бийиктикке секирип, (23 жашка чейинкилер арасында) Европа чемпиону аталат.

РЕКОРД АРТЫНАН РЕКОРД
Еленаны алдыда дагы ийгиликтер күтүп турган. 2003-жылдын 13-июлунда Англияда өткөн жеңил атлетика боюнча спартакиадада Елена 4 метр 82 сантиметр бийиктикке секирет. Бул анын дүйнөлүк рекорду эле. Ушундан баштап Еленанын атаандаштары алтын медалдан үмүт үзүп, күмүш медалды гана ойлоп калышкан. Өзүнүн кайталангыс беш метрди багындыруу рекордун Исинбаева 2005-жылы Лондондо койгон. Анда ал «бул 5 метрлик бийиктик мен үчүн машыгып секирүү эле» деп айткан. Өзү койгон рекорддорун тез-тезден жаңыртууга Елена ашыкпайт. Мунун өзүнчө себептери бар. Биринчиден, аз-аздан жаңы бийиктиктерди багынтуу атак-даңкын улам чыгарып турса, экинчиден, ар бир жаңы рекорд спортчуга 50 миң доллар киреше алып келип турган. 2008-жылы Пекинде өткөн Олимпиадада дагы жаңы рекорд (5 метр 5 сантиметр) жаратып, кезектеги алтын медалды тагынат. 2009-жылы Берлинде өткөн дүйнөлүк чемпионатта финалга чыгууга жетишет. Бирок бир да бийиктикти багындыра албай коёт. Мунун себебин Елена «рекорд артынан рекорд коюп жүрүп, оюмду бир жерге топтой албай калдым» деп түшүндүргөн.
2009-жылдын 28-августунда Цюрихте өткөн «Алтын Лиганын» 5-этабында өзүнүн 27-рекордун (5 метр 6 сантиметр) жаратат. Андан кийин эки жолу ири мелдештен (2009-жылкы Дүйнө чемпионаты жана 2010-жылкы Кышкы дүйнөлүк чемпионат) жеңилип калат да, карьерасында тыныгуу жасоону чечет. 2010-жылдын апрель айында Елена Сингапурда өтүүчү өспүрүмдөр Олимпиадасына Орусиянын жүзү катары элчи болуп тандалат.
Бир жылдык тыныгуудан соң Исинбаева 2011-жылдын 6-февралында «Русская Зима» турнирине катышты. 4 метр 80 сантиметр бийиктикти багындыруу менен мелдешти дүйнөлүк сезондун мыкты жыйынтыгы менен утту. Азыркы тапта Елена машыгуу үстүндө.

ДЕЛЬФИНДИ СҮЙГӨН КЫЗДЫН ЖИГИТИ БАРБЫ?
Елена философия менен алектенип, жаныбарлардан акылдуу жана сулуу деп дельфинди баалайт. Андыктан дельфин оюнчуктарды, сувенирлерди коллекциялайт. Ал гана эмес, дельфиндин сүрөтү түшүрүлгөн шакек тагынып, футболкаларды киет. Элге «мурунку жашоомдо дельфин болсом керек» деп айтканы да бар.
Исинбаеванын өзүнөн кичүү Артём аттуу ди-джей жигити бар экендиги белгилүү. Бирок өзү жеке жашоосун айтпай жашырып келет.
«Карьерамды аяктагандан кийин кайсы бир фирманын жүзү болушум мүмкүн. Же атыр, кийим чыгаруучу фирма ачышым да ыктымал» деп белгилейт. Еленанын суранычы боюнча «Спирит» фирмасы ал үчүн ар түрдүү түстөгү шыргый жасап берет. Исинбаева кызгылт, көгүш, алтын түстүү шыргыйларды колдонот.

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жылдыздар жөнүндө - Елена Исенбаева
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
operaledi
2011-04-08 22:51:41
Кыздуу болсом, кызымдын спортсменка болушун каалабайт элем,что то ноги ее мне не понравились.
0
anna
2011-04-11 19:20:56
абдан жагатттт!!!!Азамат!!!!
0
temu
2011-04-13 13:42:50
Мага дагы ушул спортчу аябай жагат.
0
LIVER
2011-04-14 14:25:44
operaledi, ты на свои ношки посмотри? мышык майга жете албай жатып сасык дейт....
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан