Кубатбек Байболов, экс-баш прокурордун милдетин аткаруучу: «АЖЫДААРДЫН КУЙРУГУН БАСЫП, ЭМИ ТАПАНЧА МЕНЕН ЖҮРӨМ»

1-апрель күнү катылып жаткан компроматтар Жогорку Кеңеште ачыкка чыгып, аягы мушташ менен бүттү. Башкы каарманга айланган Кубатбек Байболов көптөгөн былыкты учкай айтып, кенен сөз кылууга үлгүрбөй калган. Андыктан биз Кубатбек мырзага кайрылып, мушташтын айынан айтылбай калып кеткен кепти уладык.

БАЙБОЛОВ КУБАТБЕК КАЛБЕКОВИЧ

  • 1952-жылы 2-январда Аламүдүн районунун Чоң-Арык айылында туулган.
  • 1977-жылы КМУнун тарых факультетин аяктап,1983-жылы Ташкент шаарында Чалгындоо окуу жайын бүтүргөн. Андан кийин экономикалык жана юридикалык кесипке да ээ болгон.
  • Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты (1995, 2000, 2005-жылдар).
  • 2009-жылы мартта үй-бүлөсү менен АКШга кетүүгө аргасыз болуп, апрель окуясынан соң кайтып келген.
  • 2010-жылдын май айынан сентябрга чейин УКМКнын төрагасынын биринчи орун басары, Жалал-Абад облусунун коменданты жана Ички иштер министри.
  • 2010-жылдын сентябрынан 2011-жылдын мартына чейин Баш прокурордун милдетин аткаруучу болуп турган.
  • 2010-жылы 8-июлда милициянын генерал-лейтенанты наамын алган.
  • Үй-бүлөлүү. Төрт кыздын жана эки уулдун атасы. Беш неберелүү.

– Жума күнкү парламенттик жыйында бийликке каршы бир топ билдирүүлөрдү жасадыңыз. Жетекчилердин былык иштери сизге маалым болсо, аны эмне үчүн Баш прокурорлук кезде эмес, эми айта баштадыңыз? Буга кызматтан алынышыңыз себеп болдубу?
– Бир топ жетекчилердин үстүнөн кылмыш иштери Баш прокурордун милдетин аткарып турганымда эле козголгон. Алсак, “Манас интернэшнл сервис” компаниясы
743 миллион сомдук салыгын төлөбө­гөндүгүнө байланыштуу кылмыш иши бар. Андан сырткары учурдагы депутат Канат Исаевдин үстүнөн 4 кылмыш иши козголгон. Банктардын ячейкаларынан алынган каражаттардын жумшалышы боюнча күмөн иштер катталган. Ал эми Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин имаратынын бир бөлүгүн Президент Роза Отунбаеванын туугандары сот аркылуу бөлүп алып жаткандыгы жөнүндө жакында ошол университеттин жетекчиси келип арызын таштап кеткен.
Бирок маселенин баары башка жакта жатат. Ошол иштердин парламенттин трибунасында айтылып кетишине кызматтан алынышым эмес, Байболовду жаманатты кылып, жугунду куюп, ыргытып салуу аракеттери себеп болду. Мен союздан тарта кандай гана кызматтарда иштеген адаммын?! Ушунча жылдан бери элдин алдында ак кызмат кылып келип, анан минтип жегичтердин каралоосуна дуушар болгонум намысыма тийди. Намыс үчүн жан бермек бар. Мени кызматтан алууга "моралдык-этикалык мүнөздөмө себеп" дешти. Өздөрү белчесинен былыктарга батышкан. Анан мага бийик моралдык-этикалык талап коюшабы?
– Төрага Ахматбек Келдибековдун эскертүүсүнөн улам кээ бир депутаттардын ысымын атабадыңыз. Азыр кайсы эл өкүлдөр мыйзам бузгандыгын же паракорчулукка аралашканын айтып бере аласызбы?
– Менин фамилиямды он эки күн бою мазакташты. Анан “ушунчалык кыйын экенсиңер, төркүнүңөрдү көрөйүнчү” деп иликтеп көрсөм, Курманбек Бакиев кезинде эле козголгон кылмыш иштери бар болуп чыкты. Алардын көбү Бакиевге кызмат кылган эле жигиттер, учурда кыйын сүйлөп жаткандары Максимдин куйруктары.
Мага, болгону, жыйырма мүнөт беришти. "Депутаттын ысымын атаба, президентке тийишпе"дешкенин уктуңар. Демек, Байболовду боктой берген болот экен, бирок башкасына сөз жугузбаш керек тура.
– Сизди кызматтан алуу менен президент ката кетирди деген ойдосузбу?
– Мына, президенттик администрациянын жетекчиси Эмилбек Каптагаевге эмнеге тийишишпейт? Анын уулунун ызы-чуусу бүт элге ачыкка чыгып кетти. Эмнеге аны дароо жумуштан албайт?
Ал эми УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевди түштүк окуясын иликтеп чыккан улуттук комиссия “күнөөкөрлөрдүн ана башында турат” деди. Мындай айып тагылып отурса, моралдык-этикалык жагдайга такап, демек, аны да жумуштан алуу керек беле? Президент эки жакка мамиле жасоодо. Эгерде ал бир позицияны карманып, кылы кыйшайгандын баарын жумуштан алса, мен макул болмокмун.
Негизи, былтыркы жылы банктагы ячейкалардан алынган каражатты казып баштаганда эле Баш прокурорлук карьерам бүткөн болчу. Анткени эсепте өтө көп акча болгон. Мен бир эле УКМКга 1 миллион 600 миң доллар бөлүнгөнүн айттым. Бирок ушул күнгө чейин ал акчанын кайда жумшалгандыгы тууралуу маалымат жок. Сарпталгандан кийин эч кандай документтер түзүлбөй калып кеткен.
– Кантсе да бийликтеги адамдардын кызыкчылыгына каршы чыгып жатасыз, өмүрүңүз үчүн коркпойсузбу?
– Кыргызстанда коркпогон жан жок. Анткени биз коркунучтуу өлкөгө айландык. Жан сакчылардын баары галстукчандарды ээрчип жүрүшөт. Жума күнү парламентте болгон жаңжалда 8-9 тапанча табылыптыр, аларды урнага таштап жиберишкен имиш. Ошондон улам мен да өз өмүрүмдү коргоо үчүн чара көрүүгө мажбурмун. Анткени космосто жашап жаткан жерим жок. Ошолордун арасында жүрөм. Бир-эки жан сакчым бар, өзүмдүн жанымда да курал алып жүрүүгө аргасызмын. Себеби ажыдаардын куйругун басып алдым.
– “Мегаком” иштери боюнча тергөөдөн Баш прокурордун маалыматы болбой койбойт. “Сарамжал транс” “Мегакомдон” каражат алып чыгып кетүү максатында түзүлгөн фирма" деп шектелди. Жубайыңыздын ушундай фирма менен алака түзгөнүнө учурунда көңүл бурдуңуз беле?
– “Баланча-түкүнчө сумма алып чыгып кетип жатат” дешти, чынында, ошондой болуп жаткандыр. Бирок анын мага кандай тиешеси бар? Биз өз мүлкүбүздү сатканыбыз үчүн гана ызы-чууга илээштик. Анын баарын мага үйүп салууга болбойт. Тиешелүү органдар иликтешсин, табышсын, жыйынтыгында жоопко тартышсын. Мен өзүм көп жылдан бери бизнес менен алектенбейм. Саясат менен алпурушуп жүрөм. Жубайым болсо 8-мартта Кыргызстанга келди. Биздин ишти менеджерлер тейлейт. Ошол эле Өмүрбек Бабановдун, Кеңешбек Дүйшөбаевдин деле бизнесин менеджерлер тейлеп келет.
“Мегаком” бизге эч кандай каражат берген эмес. Ал “Сарамжал транс” деген фирма менен түзүлгөн келишим. Акча биздин фирманын эсебине дал ошол “Сарамжал транс” фирмасынын эсебинен түшкөн. Дүйшөбаев “мүлктү базар баасынан кыйла кымбатка сатыпсыңар” деп доомат коюп жатат. Мүлктөрдүн баасын көз карандысыз эксперттер баалап беришти, алардын жыйынтыгы боюнча мүлк реалдуу баасында сатылган. Болгону, бийликтеги айрым чиновниктердин көктөн издегени жерден табылды. “Былыктарыбыз билине баштады” деп кыйпычыктап жатышкан эле.
“Мегакомдун” тегерегиндеги ызы-чуу бизнеске кызыкчылыгы бар саясатчыларга керек болду. Ал эми менин кызматым саясий сооданын предметине айланды. Түпкү себеби президенттик шайлоого байланыштуу экенин түшүнгөн адамдар байкап турушат.
– “Максим Бакиев Лондондо отуруп алып, бул жактагы керектүү адамдардын телефондорун тыңшайт. Аны УКМК деле билет”,- дедиңиз. Муну менен эмне айткыңыз келди?
– Бул жерде УКМКнын тыңшоо­лору жөнүндө кеп болуп жатат. Бул мыйзамсыз. Тыңшоо боюнча СОРМ (система обеспечения оперативных мероприятий) системасы төрт уюлдук компанияга орноштурулган. Президентке кат киргизип, тыңшоо мыйзамсыз деп айткам. Андан бери төрт ай өттү, жыйынтык болбоду. Демек, тыңшоолор президентке өтө жагып жаткандай сезим калтырат. Кимдин ким менен сүйлөшүп жатканы тууралуу кабар кыргыз бийлигине өтө ширин окшойт. Бул кылмыштуу мекемеге тескөө салсак болмок. Депутаттар жакшылап изилдесе, талпактары ташка жайылат. Эгерде президент өзү жетектеген мекеменин маалыматы дүйнөгө белгилүү болсо, аларды бул жагдай өтө таң калтырат.
– Экс-президент Курманбек Бакиевдин тушунда тарттырып жиберген мүлкүңүздү кайтарып алганыңыз чынбы?
– Бардыгын эмес, бир гана “Апельсин” ресторанын. Соттошуп отуруп, жыйынтыгында келишим жана жоготуулар менен тындым болдук. Чынында, бир топ эле аласам бар болчу. Алды жок болуп, арты качып кетпедиби... Эми алардан үмүт үзүлдү.
– Кезектеги жаңжалдан улам Байболовдор кайрадан чет өлкөгө кетип калышы мүмкүнбү?
– Эми намыс үчүн эч жакка кетпейм. Же алар, же мен. Кетип калса дегенде эки көзү төрт болгондор ар кандай сөздөрдү таратып жатышат, угуп жатабыз. Менин баамымда, элдин үмүтү чоң болуп турат. "Ушул иштин аягына чыгарып бериңиз" деп күткөндөр бар. Бул өлкөдө акыркы адам болбогондон кийин өнөктөштөрүм менен бирге жаңы заманды курууга аракет кылып көрөйүн деп жатам. Анткени элдин үмүтү акталбай калды.
– Сизди оппозициянын лидери болот дешүүдө.
– Ар кандай болушу мүмкүн. Кыргыздар лидерликти жакшы көрөт. Президенттикке ат салышайын деген оюм жок болчу, азыр деле бүдөмүк. Азырынча андай чечим жок. Себеби мында көп маселе бар. Мисалы, каражат. Бирок ушунчалык шымаланып алганга жараша партия ишеним көрсөтсө, аны да көрөлү.
– Өнөктөштө­рүңүз же саясий талаада жөлөк болчулар кимдер?
– “Ата Мекен”, “Ак шумкар”, “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Акыйкат” партиялары. Алар мени жакшы билишет. Жыйырма жылдан бери тооккана да менчиктештирген эмесмин. Элдин баары заводдорду тартып алып, вагон-вагон бензинди жутуп алса деле жакшынакай жүрүшөт. Ак жерден эле айыптай беришсе күйөсүң да.
– “Камчыбек Ташиев менен Алтынбек Сулаймановдун мушташын Байболовдун сөзүн үзгүлтүккө учуратуу үчүн “республикачылар” атайын уюштурду” дешти. Бабанов тууралуу айтууга үлгүрбөй калган маалымат­тарыңыз бар беле?
– Анысын билбейт экенмин. Жаңжал мен чыгып кеткен соң болду. Сөз бербегенге аракет кылгандарын эл даана көрдү. Мындан мен эмес, өздөрү чоң уятка калышты. Сөз дегенди өлтүрө албайсың да. Ал парламентте айтылбаса, башка жерде баары бир айтылат. Илгеркидей оозду баса албайсың.
– Өлкө жетекчилигине бизнесмендин келишине кандай карайсыз?
– Бизнесмендин да түрдүүсү болот. Уурусу, уятсызы, абийирдүүсү дегендей. Мен да бизнесмен болгом, бирок алып-жутуп же катып алган эмесмин. Бизнеске байланыштуу кептер көкөйүмө көк таштай тийип бүттү. Жөн эле жүрөгүм зыркырачу болду.
– Өзүңүздү баймын деп эсептейсизби?
– Кайдагы баймын? Мына бул үйдү ижарага алып жашап жатабыз. Былтыркы жылы чет жерге кетерде өз үйүмдү тууганыма таштагам. Ал мага беш жыл ичинде башка үй куруп бермек. Бирок бир жылдан кийин келип калдым. Аны “чык” демек белем, ошон үчүн ижарага үй алууга туура келди.
– Үй-бүлөңүз Кыргызстандабы?
– Аялым экөөбүз бул жактабыз. Балдарым чет өлкөдө, ошол жакта окушат. Улууларынан экөө университетте, калгандары мектепте.
– Былтыркы жылы 7-апрель күнү кайда жана эмне менен алек болгон элеңиз?
– Чет жерде болчумун. Кыргызстанга майда келдим. Дароо учуп келейин десем, бул жактагы кээ бир өнөктөштөрүм ичкүйдүлүк кылгандай мамиле жасашты. “Ашка жүк, башка жүк болот” дешти окшойт. Анан “мейли, өз ара устукандарды бөлүштүрүп бүткүлө” дедим. Бул аралыкта тополоң башталып кетти. “Жаман айтпай, жакшы жок” демекчи, балким, тополоң болбой калса, мен ушул күнгө дейре кереги жок болуп жүрө бермекмин. Ошентип, мени “комендант болуп бер” деп калышты.
– Президент Роза Отунбаева “мен үчүн Байболовду кызматтан алуу чечими оор болду. Бирок кыйла эле сый-урмат көрсөттүк” деди. Сиздин жообуңуз кандай?
– Эми президенттин устукан тараткандай мамиле кылганы туура эмес. Көчөдөн алып келип генералдыкты берип койсо, ошентип айтса жарашат. 30 жыл иштеп, полковник чини өз тармагыма кызматым сиңгени үчүн берилген. Кызылдай согушка бардым. Жалал-Абаддын эли бүгүнкүгө чейин ыраазычылыгын билдирип келишет. Президент менен болгон сүйлөшүүдө ошол жердеги ишиме да шек келтирүүгө аракет жасашты.
– Өлкөдөгү кырдаалга кандай божомол бере аласыз?
– Божомол жаман жана шаңдуу эмес. Баалар асмандайт. Жыйынтыгында чыдабаган эл бийликтегилерди алып түшөт. Бирок былтыркыдай кан төгүүгө жетпейт. Бүгүн бийликте отургандардын арасында ишке жараксыздары бар. Алардын көбү “темир матростор” менен Максимдин куйруктары. Куйруктарды эшиктен куусаң, терезеден кирип келишти. Ал эми “темир матростор” талкалап, өлтүрүп, тартып алганга чебер, бирок алардын бир нерсени түзүп, куруп, өнүктүргөнгө мүмкүнчүлүгү жок.
Биздин тарыхыбыз чоң демократияга жете элек. Аң-сезим феодалдык деңгээлде турат. Ар жыл сайын ондогон жылдын арышын басып келе жатабыз. Муну прогресс десе болчудай. Жакынкы 50-60 жылда азыркы Европанын деңгээлине жетип калабыз деп ойлойм. Бирок мындай жетекчилик, шайлоо менен жетпей калышыбыз да мүмкүн. Шайлоого келгенде эл добушун шылуундарга сатып жиберүүдө. Акыркы шайлоо укмуштай таза өткөн жок, анда болуп көрбөгөндөй акча каражаты сарпталды. Эгерде мурун добушту 200-500 сомдон сатып алышса, мында шайлоочуларга 1000-5000 сомдон таркатышты.
– Жакынкы пландарыңыз кандай же эс алууга чыгасызбы?
– Албетте, эс алсам жакшы болмок, бирок ушундай абалда кайдагы эс алуу? Балдарды сагындым, өзүм да чарчадым. Жакында Жогорку Кеңештеги депутаттардын бирине кеңешчи болгону жатам. Ак үйгө күндө барып, катарга турам. Тилимди кесе алышпайт.
Намысыма тийип алышты. Кызмат деген бир күн бар да, бир күн жок. Анын үстүнө элдин “дагы тайсалдап качты” деген сөзү балдарымдын бетине чиркөө болушун каалабайм. Өлкөбүздү өзгөртүүгө дале кеч эмес деген үмүт менен иш алып барам.

Эльвира Караева
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Кубатбек Байболов
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
jua
2011-04-09 01:09:32
интервью берип суйлогондоруно карагандабул бул киши аябай эгоист экен анан дагы пессимист экен Байболов дагы деле чындыкты айткан жок дагы уяалбай уйум жок деп айтыптыр анда АПЕЛСИН ресторанын сатып уй албайбы экен элдин баарын келесоо ойлойт окшойт ушинтип айсам эле мага ишенип калышат деп
0
jua
2011-04-09 01:20:41
иий качан онолот экенбиз ээ ишенгенибиз булар болсо бийликтегилер иштешпей эле биринин былыгын бири чукулап отурушса эми кимге ишенип кандай надежда менен жашашты дагы билбей калдым ушул бир необитаемый островко кетип калгым келетко
0
SeNSoR
2011-04-09 09:33:04
Сизге ишенебиз Кубат агай
0
NURSULTANNAMAZALIEV
2011-04-09 16:21:14
барибир мен призидент болмоюнча кыргызстан онолбойт чондордун баары эле жейт бири иштен кетсе бири биринин былыгын ача башташат азыркы учурда призидент болгонго турактуу адам жок чондордун ичинен ушулар жебесе кыргыздар талаап ар мамлекттерде иштеп журушпосо керек деп ойлойм баары эле призидент болго шашылышат чынында колунан эч нерсе келбейт
0
asyl
2011-04-09 18:55:43
уйум жок.царское селодон ижарага алып жашап жатабыз десениз сонун жарашмак)))) бир орундуу суйлогон эч кимиси жок,бирин бири чукулап эле жатып калышты го.
0
MUSYA
2011-04-10 00:16:18
коро турабыз,эртен эле бугун кыйын болуп,бийликти менчиктеп алгандар шерменде болуп,оз элинерге кошула албай качасынар..кудай жазалайт элдин эсебинен жашагандарды!!!
0
Tokmok
2011-04-11 01:18:52
Ai kim bilet, eki sozunun birile jegen jokmun,jutkan jokmun dep ele aktanyp atat. Baaryle kyzmattan alyngandan kiyin kyikyryp chyga kelishet,aga cheiyin myshykdai jashynyp otura berishet..........
0
Venchuk
2011-04-11 10:24:57
Дагы да болсо коп ачык айтылбаган создору бар сыяктанат.Чын эле коркпосо,озу аралашкан эмес болсо,айтса болмок тизмелеп ЭЛ ишенгендей кылып.
0
arlekino
2011-04-11 13:26:33
Баары эле президенттике даярданып пиар кылууда деп эсептейм................
0
Мика
2011-04-11 16:21:44
"Менин байлыгым" жок дештен уялышса боло. Жубайы эмне үчүн сөзгө калууда, мына ошол Байболовдорго тиешелүү мүлктү сатканында болуп жатпайбы. Ушулардан күйдүм, "менде кайсы байлык, ижарада жашайм" деп кулакка лапша илгендерин. Ошол ижарага алып жаткан үйүңөр ким билет, кайсы тууганыңарга катталганын. Чарчадым дей баштайт, кызматтан тээп койсо булар.
0
vikuska
2011-04-14 11:14:29
arlekino...saga koshulam,bul PIAR.
0
Lollipop
2011-04-14 13:23:56
Элдин баары эле бийлий-бийлик дешет,жарактан чыгып калган заводдорду калыбына келтирели,кайра иштетели деп митинг кылган бироо да жок!Кечкеле бетме бет отуруп алып эле дебат кыла беришет,деги качан иштеп баштайбыз???Мунун баарын ойлонсон куйбогон жерин кул болот.Эл жонундо кабатыр болгондор бар болду бекне кызык?Ал эми кимдин канча байлыгы бар биздин ишибиз эмес го деп ойлойм.
0
osmonakun
2011-04-18 16:24:22
Ай Кубат аке!, сизге деле ишениш кыйын болуп калдыго. Эгер чын деп эле элиниз учун куйсонуз иштеп турган учурда принципиальный болуп болгон ишти ачык айтып чыксаныз, сиздин оозду эч ким жаба албайт эле. Анан эми жумуштан кеткенден кийин "Мага десен, бирин-олуп бирин кал", дегендей мамиле кылып жатасыз. Сиз бир дагы созунуздо эл учун, элим учун дебединиз, мен ыза болдум, деп озунуз учун эле кейип жатасыз. Озу учун чуркаганды эл эч убакта ээрчибейт. Эл учун башты сайдым десениз, анда бир жон.
0
lmakenovna
2011-04-25 10:34:41
рпо
0
lmakenovna
2011-04-25 10:39:39
кубат мырза туура эмес иш кылдыныз да 6 айдай иштединиз бир кылмыштын бетин ачкан жоксуз, унчукпай журдунуз кызматан кетээр замат жаман аялча суйлодунуз да эркектике жатпай калды бул жериниз
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан