Саламат Садыкова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «ЖАШООМО БИР АДАМ ИЗ КАЛТЫРДЫ»

Чет элдик журналист Марк Хамфи Саламат Садыкова тууралуу минтип айткан экен: “Мындай үнгө эгедер болгон дүйнөдө үч гана ырчыны билем. Алардын бири Саламат Садыкова”. Атактуу эжебиздин чыгармачылыгы, инсандык тагдыры, аялдык бакыты, өксүүсү, толуусу “Чын сырым” рубрикасында.

«БИР АЙТТЫМ ДА, ЧЫГЫП КЕТТИМ»
– Саламат Садыкованын балалыгы татаал болгонунан кабарыбыз бар. Ошол абалда ырчылык талантыңызды ачуу оңой болбосо керек...
– Ата-энем эрте кеткени мен өзүм менен өзүм болуп, жан дүйнөмдө эмне болсо өзүм талдап, өзүм бүтүм чыгарып көндүм. Эсимде, эң алгачкы жолу 4-классымда “Эне жөнүндө баллада” деген ырды ырдап чыктым. Үнүмдө энеме болгон куса, орду толгус жоготуу болсо керек, айрымдар жашыганга чейин барышты. Ошондон баштап “мен ырчы болом” деген максат пайда болду. Талант – Жараткан ыроологон белек. Ал кимдир бирөөнүн ачышына муктаж эмес болуш керек. Ошондон баштап мектепте, райондо концерт менсиз өтчү эмес. Бизде, Баткенде ырчы десе эле чалкасынан кетип каршы болушчу. Музыкага дилгирлигим ушунчалык десеңиз, каршы чыккан туугандарымды “китепканачы болуп иштеп жатам” деп алдап коюп, өзүм маданий бөлүмдө иштеп жүрдүм. 17 жашымда районго атым чыгып, ырчы кыз аталгам.

Ошол жылдары Таластан бир жигит биздин айылдагы туугандарына конокко келип калды. Туугандары азыркылардын сөзү менен айтканда, ал жигитке "кастинг" уюштуруп, түрдүү кыздарды көрсөтөт. Ал менин ырдаганымды көрүп жактырып калса керек, “ырчы кызды алам, андан башканы албайм” дептир. Жумушка бара жатсам, алты метрдей аралыкта басып алып тиги жигит мага “чоң кыз, жактырып калдым, макул болсоң Таласка алып кетем” деди. Мен “жок, мен ырчы болом, окушум керек” деп баш чайкайм.

Акыры анын жеңеси мени алдап үйүнө чакырды. Кашы-көзү кара сулуу жигит аккордеонду кармап тартымыш болуп отуруптур. Жеңеси “экөөң Кара-Бууранын театрында иштей бересиңер. Бул дагы ырдаганды жакшы көрөт” деп убадаларды укмуш берип жатат. Ошентип, алдап отуруп жоолук салып коюшту.

Ошентип, 17 жашымда таластык жигит менен турмуштун чоң даңгырына түштүм.

Ойлоп көрсөм бала эле экем, болбосо башымдан жоолукту алып салып, кетип деле калбайт белем. Ошол эле күнү поездге түшүп, күйөөмдүн айылына келип тойду берип жашап калдык. Азыр да барган жерим тууралуу жаман сүйлөгүм келбейт. Анткени мени бүлө катары жакшы кабыл алышты. Аттиң, баары дүйнөдө жакшы мамиле менен чектелбейт тура!..
– Күйөөңүз "кийин ырдатам" деген убадасын унутуп калдыбы?
– Ал убада Баткенден бери чыкканда эле унутулган. Он жылдай кара казан менен кагышып, күйөөмө үлгүлүү жубай, кыздарыма эне болдум.

Бирок менин ордум башка жерде – өнөр секисинде экенин ички туюмум менен туюп эле жүрдүм. Мен үй-бүлөнү да, чыгармачылыкты да тең алып кете аларыма ишенген элем. Бирок күйөөм “ырчылыкты кулагыма угузба” деп эле так кесер туруп алды. Менимче, “аялы ырдайт” деген сокур намыс кылдыбы же кызгандыбы, билбейм, айтор, анын ырдатпасына көзүм жеткен соң кылчайбай чыгып кеттим.

Мен билгем, алдымда оңой жол турбаганын, тамандарым таштак жолго тилинерин. Бирок ошонун баарына баш байлап, көкүрөгүм дегдеген өнөр секисине жол алдым.

“КЕЧ ЖОЛУКТУК...”
– Өзүңүз өңдүү-түстүү аялсыз. Сиздин баркыңызга жете турган мырза кантип табылган жок. Же сиздин талабыңыз өтө күчтүүбү?
– Чыгармачылык менен алышып жүрүп, убакыттан уттуруп алдым. Аял үчүн убакыт өтө кымбат нерсе экен.

Жашоомдо бир адам терең из калтырып кетти. Экөөбүз беш-алты жыл жашадык. Ал Саламатты турган турушу менен, атагы менен, кыялы менен толук кабыл алып сүйө алды.

Аз, бирок мазмундуу жашадык. Бирок анын мурунку үй-бүлөсү тынчыбызды алып туруп алды. Мен ушундай аялмын. Бакытты кимдир бирөө менен бөлүшө албайм. Балдарынан көңүлү тынчыбай, анын менин алдымда актанып, бечара болушун каалабадым. Мында да чечимди өзүм кабыл алып, көңүлүбүз кирдей электе коё бердим. Билбейм, мага ошол адам ушунчалык жылуулук таштап кетиптир. Анын табы азыр да өчпөгөндөй туюлат. Кийин деле колумду сурагандар көп болду, бирок...
– Кийин жолукпадыңарбы?
– Жолукканды каалабадык деле. Азыр деле жолугуудан качып жүрөбүз (жылмайып).
– Экс-президент Акаевдин “мага Саламат Садыкованын гана үнү жагат” деген сөзү эл ичинде аябай уу-дуу болгон эле...

– Мамилебиз жакшы болчу. Эл башында турган адам акылдуу болсо, ошол элдин маданиятын, өнөрлүүсүн баалайт. Мен ал адамды өтө интеллектуалдуу адам катары баалайм.

– Комузду күүлөп отуруп сүй­лөйт экенсиз. Канча жашы­ңыз­дан бери чертесиз?
– Комузду 26 жашымда үйрөндүм. Ырдап жатканда айрымдар аккордеон, комуз чертип бербей же даярданганга келбей, аябай кыжалат кылышчу. Акыры “эл черткен комузду мен неге чертпейм?” деп көгөрүп отуруп үйрөнүп алгам. Комуз менен эчен өлкө кыдырып, элге таанылып калдым. Ошол кезде Нуржамал Таабалдиевадан кийинки эле комуз менен ырдаган аял мен болчумун.
– Сиздин үнүңүздү угуп, Марк Хамфи аттуу журналист эзели көрбөгөн Кыргызстанга сизге жолугуу үчүн келген дешет...
– Биз, “Камбаркан” тобу Японияга барып альбом чыгарган элек. Анда менин ырларым көп болчу. АКШнын журналисти диск саткан күркөдөн ошол альбомду алып угуп, менин үнүмдү жактырып, атайын жолугуу үчүн мага келиптир. Бизде сайт деген түшүнүк жокто ошол адам менин ырларымды эл аралык сайтка чыгарган эле. Бул дагы менин чыгармачылыгыма дем берген нерсе болду.
– Кыздарыңыздын ичинен кимиси сизге жакын?
– Эки кызым тең эле бирдей. Бирок кичүүм менин дүйнөмдү өзгөчө түшүнөт. Чагымчылардын айынан кээде жумуштан тиштенип барып, үйдүн эшигин ачарым менен "баа!" деп бакырып ыйлап жиберген учурларым болчу. Бийиктеп баратсам буттан тартып, ырдап жатсам көшөгөнүн артында туруп алып күбүрөп-шыбырап тургандар болгон. Ошондой оор кырдаалдарда жанымда караан болуп жүрдү.
– Эгерде жашооңузду кайра кайрып берүү мүмкүнчүлүгү болсо, сиз эмнени өзгөртмөксүз?
(Ойлонуп) Эч нерсени өзгөрт­пөйт элем.
– Жан дүйнөнүн майрамы сиз үчүн эмне?
– Мен үчүн жан дүйнөнүн майрамы – сүйүү. Сүйүү сени эч качан сатпайт, текеберлентпейт, мээримдүү кылат.

Нуржамал Жийдебаева
lira@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Саламат Садыкова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
Chopulya
2011-04-09 20:29:28
Сиз менен бээнин сутун ичкен жерде таанышкам. Сиз ото жонокой жана баарлашууну да билген, озунузго суктанып турган адамдарды да тушуно билген жонокой жана суйкумдуу аял затысыз. Сизге ийгилик. тоонун этегине алтыгат жайган аялды эстениз
0
MUSYA
2011-04-09 23:59:17
сиздин кайраттулугунузга баа берем!!!
0
Akbermet
2011-04-10 00:47:02
Саламат эже сизге ийгилик бар болунуз!
0
Narynbek
2011-04-10 20:27:15
Мен да сиздин чыгармачылыгыңызды жогору баалайм.Эже өнөрүңүз өркүндөп дайыма бар болуңуз!
0
DYIKANBAI MEDERBEKOV
2011-04-11 00:34:49
САЛАМАТ!Эл артиси наамын куттуктайм1Сага ден-соолук узун омур.
0
Tokmok
2011-04-11 00:48:39
Kudai omur bersin sizge!!!
0
arlekino
2011-04-11 12:37:09
Эже ишинизге ийгилик,аялдык бакыт!
0
GulyaJ
2011-04-11 20:50:21
Salamat eje sizdin onorynyzdy abdan baalaim jana daima syktanip ygam.Siz yshyl kairatinizdan jazbai omyrlyy bolynyz.
0
izabel
2011-04-12 12:12:47
кучтуу, оптимист аял экен, чыгармачылык бийиктик каалайм!
0
artelow
2011-04-12 12:48:22
сиздин чыгармачылыгынызды мен абдан урматтаймын...
0
BETA
2011-04-12 18:25:14
Эже,пайгамбар жашына келип ушинтип жазып чыкканыныз туура эмес го деп ойлойм.Мен сизди жана сиздин жашоонузга из калтырган адамды да жакшы тааныйм.Ал адамдын убагында балдары эле болсо,азыр анын астынан тосуп чыккан,китеп окуп калган неберелери да бар...Ушуну эске алаарсыз!!!Убагында ал адамга соз тийгизип жазып келип эле...Сизге бактылуу карылык жана ал адамдын озунун уй булоосуно да бакыт каалайм!!!
0
emilllya
2011-04-13 18:50:03
"Кеч жолуктук"...,эрте жолуккан кундо, ал адам сизге кайрылмак эмес.Озунуз жакшы билесиз, сизден кичуу адам убагында атак-данк учун бир келип кеткенин.Бул жашоодо мындай сынактар боло берет!!!
0
rema
2011-04-13 19:12:31
Саламат,аял заты негизинен кенедей жылуу созду дагы унута албай жашап келет эмеспи,эми откондогу коз ирмемдерге кайрыла бербестен, неберелериндин, кыздарындын бактысын тиле!Ал адамды мен дагы жакшы билем, Саламат синдим.
0
boru
2011-04-14 22:01:09
Талантыныз ташкындап, ылайым эле 100 жашка чыгып, ошондо да комузунузду колго алып ырдап журо бериниз. Суйууну баалаганынызга ыраазымын. Сиздин жан дуйнонуз бай аялзатысыз. Мен да сизге окшогон таланттуу бир ырчы аялзатын чексиз суйом. Бизде да дал сиздикиндей суйуу бар. Сизге ийгилик эже.
0
Mira.24.
2012-07-14 14:13:52
Талантынызга таазим!
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан