ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Казакстан

НАЗАРБАЕВ КАЙРАДАН «ЭЭРГЕ МИНДИ»
3-апрелде кечки саат 9да Казакстан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо аяктады. Учурда 9 миллион 180 миң шайлоочусу бар казак эли шайлоону тынч өткөрүп алганына сүйүнүп отурушат. Президенттикке 4 талапкер: мамлекет башчы, «Нур Отан» партиясынын лидери Нурсултан Назарбаев, «Казакстан Коммунисттер» элдик партиясынан Жамбыл Ахметбеков, «Патриоттор» партиясынын лидери, сенатор Гани Касымов жана «Табигат» экологиялык бирикмесинин жетекчиси Мэлс Елеусизов ат салышышкан. Алдын ала жыйынтык боюнча, 95,55 пайыз добуш менен 70 жаштагы Нурсултан Назарбаев 4-жолу катары менен Казакстандын президенти болуп шайланды.

Пакистан

СУФИЙЛЕРДИН СЫЙЫНУУЧУ ЖАЙЫ ЖАРДЫРЫЛДЫ
Дера Гази Хан шаарындагы суфийлердин сыйынуучу жайындагы жан кечтилердин жардыруусунан 42 адам каза таап, жүздөн ашууну жаракат алды. Жардырууну «Техрик-и-талибан Пакистан» экстремисттик кыймылы моюнуна алып, «бул өлкөнүн түндүк-батышындагы талибдерге каршы согушуп жаткан өкмөттүк аскерлердин иш-аракетине жооп иретинде болду» деп билдиришкен. Эскерте кетсек, сыйынуу учурунда эки жан кечти храмга кирип келип өздөрүн жардырып жиберишкен. Ал эми үчүнчү жан кечти полиция тарабынан колго түшүрүлүп, жардырууга үлгүрбөй калган.

Ооганстан

КУРМАН БОЛГОНДОРДУН САНЫ ЖҮЗДӨН АШТЫ
Кандагар провинциясында митингге чыккан эл Ооганстандагы БУУнун жана жергиликтүү администрациянын имаратына кирүүгө аракеттенишип, бир офицерди ур-токмокко алышкан. Ошол учурда укук коргоо кызматкерлери толкуган элге ок чыгарып, анын натыйжасында жүздөн ашуун адам набыт болду. Ушул тапта шаардагы абал тынч, жаракат алгандар ооруканаларга жаткырылды. Алардын арасында жаш балдар көп.
Ооган бийлиги баш аламандыкты уюштургандарга издөө салды. Америкалык диний кызматкер Терри Жонсон негизги күнөөкөр экенин баары билишет. Эскерте кетсек, бул адам өткөн аптада АКШнын чиркөөлөрүнүн биринде коомчулуктун алдында куран китебин өрттөгөн. Мына ушул акциядан кийин Ооганстанда эл көтөрүлүп, Мазари-Шарифтеги БУУнун кызматкерлерине кол салышкан. Анда БУУнун 7 кызматкери курман болуп, 20дан ашыгы жабыр тарткан.

Түндүк Корея

ЭКС-МИНИСТРЛЕР ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН АЛДЫ
Корей элдик демократиялык республикасынын мурунку министрлери өлүм жазасын алышты. Алар аталган өлкөнүн мурдагы Жол каттамы министри Ким Ен Сам жана мурунку Каржы министри Мун Иль Бон. Аталган министрликти 1998-2008-жылдар аралыгында жетектеген Ким Ен Сандын 2004-жылы темир жолдогу жардырууга тиешеси бар. Тактап айтканда, «КЭРдин лидери Ким Чен Ир Кытайдан иш сапары менен кайтканда темир жолдон кол салууну уюштурганга шектүү» деген негизде күнөөлөнгөн. Ал эми Мун Иль Бонго болсо 2009-жылдагы туура эмес каржы реформасынын негизинде айып тагылган.

Франция

АВИАКЫРСЫКТАН КАЗА БОЛГОНДОР ОКЕАНДАН ТАБЫЛДЫ
Франциянын Анализ жана изилдөө жүргүзүү бюросу 2009-жылдын июнь айында Парижден Рио-де-Жанейрого учуп баратканда Атлантика океанына кулаган Airbus A 330 учагынан каза болгон жарандардын сөөгү табылганын маалымдайт. Адистер суу түбүнө түшүрүлгөн роботтун жардамы менен бир нече адамдын сөөгү тартылып алынган сүрөттөрдү көрүшкөн. Изилдөө ошонун негизинде болуп, эми океандан сөөктөр алынып чыгып көмүлөт жана авиакырсыктын анык себеби аныкталмакчы. Бул кырсыктан 32 мамлекеттин жараны каза болгон. Анын 72си француздар, 59у Бразилия жарандары эле. 50 кишинин сөөгү бир ай өткөндөн кийин океандан табылган болчу.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
imperator
2011-04-08 19:39:11
Казактардын шайлоосуна келсек,"Добушту кимдин бергени эмес,кимдин санаганы маанилуу."Орто Азияда эски бийлик качан иш таштап,шайлоого катышпаганда гана жаны адамдар келиши мумкун.Анда деле адамдарын коюп кетишет.
0
nurbek_posol
2011-04-08 20:51:24
Азияда ошол эле жашоо, эч кандай озгоруу болбойт, эч ким бизге асмандагы жылдызды алып бербейт. Соз беришет алып бергенге, бирок баягы эле корунуш. Ошого ар ким озу эле аракет кылганы жакшы.
0
chinara77
2011-04-09 13:43:51
зато Назарбаев Казахстанды кандай кылып которуп койду,казак элинин орто эсеп менен айлык маянасы 800доллардан башталат,а биздечи соз жок!Эмне дейбиз казактардын бешенеси бар экен президенти жакшы чыгып молодцы!Биздин Кыргызстан качан онолот экен...
0
jua
2011-04-09 14:34:58
казактар Назарбаевка рахмат айтыш керек
0
rahi
2011-04-09 15:17:09
barakelde.kazaktar malades eken , birok bulardi maktasan jardan alis sekiret, bizdin tagdir bashina kele elekte , bular da ichki sayasatin ondop alishsa bolmok, ertebi kechpei kapistan kaptagan balee jaman ele.
0
Kubahan92
2011-04-11 19:06:23
Биз деле байкуш Аскар Акаевди кетирбесек,жеп ичип тойгондон кийин,сатканын сатып бутуп кичинекей эл-жери калганда гулдогон жашоо орнотуп жашай берет беле Кыргызстанда эле же....
0
Аида
2011-04-12 23:26:35
Алакандай кыргыз элин гулдотуп коюшса болмок аттин дуйно.казакстандын экономикасын которду го бул киши дуйнолук дэнгээлге.
0
gulzarali
2011-04-13 23:22:32
Назарбаевди прокатка алып туруш керек экен(тамаша).
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан