Калп тапкыч
Бул жолу «Калп тапкычтын» сынагынан ырчы Ильяз Абдыразаковду өткөрдүк. Алгач «ток урбайбы?» деп чочулаган Ильяз менен калп тапкычтын кармашына өзүңүздөр күбө болуңуздар.
Жылдыз оорусу менен оорудуң беле?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Ильяздын комментарийи:
– Жооп берип жатканда ушул даражага акырындык менен, өз күчүм менен, бут тосууларга карабай жеткенимди ойлоп, өзүмө ыраазы боло түштүм.
Мирбек Атабековго атаандаш катары ич күйдүлүк кыласыңбы?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ильяздын комментарийи:
– Бир кезде мен, Мирбек Атабеков, Азиз Жетигенов үчөөбүз “Санат” тобунда чогуу ырдачубуз. Алар менен азыр да жылуу мамиледемин. Кесиптештеримдин жетишкендиктери менин да ийгилигим деп эсептейм.
Бирөөлөрдүн обондорун уурдадың беле?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Ильяздын комментарийи:
– Негизи, обон жаратарда учурда кайсы жанрдагы музыка мода болуп жатканын билип, аларды угуп көрүп анан ишке киришем. Бирок бир да кайрык уурдаган эмесмин.
Нарындын кызына үйлөнүшүңө ата-энең каршы болду беле?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Ильяздын комментарийи:
– “Балам, эрте үйлөнүп жаткан жоксуңбу, ойлончу? Турмуш оңой эмес” деген сыяктуу үй-бүлөлүк талкуулар болгон.
Келинчегиңди кызганасыңбы?
Ильяз: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Ильяздын комментарийи:
– Эми сүйүү бар жерде кызганыч болот да. Бирок меники чеги менен эле.
Өзүңдү сексуалдуу мырзамын деп эсептейсиңби?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Жок
Төшөк жаатында бактылуусуңбу?
Ильяз: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Эгер 1000 доллар сунуш кылышса, жылаңач сүрөткө түшөт белең?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Ильяздын комментарийи:
– Кызык суроо экен. Буга чейин мага мындай суроо берилген эмес эле. Жылаңач сүрөтүмдү элестетип кызыктай болуп кеттим.
Кыз талашып мушташкансыңбы?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Жок
“Ильяз коркок” деген сөзгө кошуласыңбы?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Ильяздын комментарийи:
– Жанымда дайыма ишеничтүү адамдар жүрөт. Аларга аябай таянып алган окшойм.
Саунага кыздарды чакыргансыңбы?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ильяздын комментарийи:
– Тескерисинче, меничакырган кыздар болгон. Бирок каршы болуп койгом.
Кошумча бизнесиң барбы?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Жок
Базарга баш бакпай калганың чынбы?
Ильяз: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Баңгизатын колдонуп көрдүң беле?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Жок
Экс-продюсериң Баяке Чааровго катуу таарынганың чынбы?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Ильяздын комментарийи:
– Ортобузда таарынычтар болгон.
Үйдө акчаны өзүң кармайсыңбы?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Жок
Ильяздын комментарийи:
– Жаныма күнүмдүк турмушка жетчү гана акча алып жүрөм. Калганы банкта.
Рэкеттерге салык төлөгөнсүңбү?
Ильяз: Жок
Калп тапкыч: Жок
Дамира Арстанова
star@super.kg