Элизабет Тейлор: «ЖАШООНУН АР БИР КӨЗ ИРМЕМИ ҮЧҮН РАХМАТ»

20-кылымдын өчпөс жылдызы, атактуу актриса Элизабет Тейлор 79 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышты. Артында кайталангыс ролдору, күйөрмандары, өчпөс ысымы калды. Легендарлуу актрисанын тагдыры, чыгармачылыгы, сүйүүсү төмөнкү макалада.

Толук аты-жөнү – Элизабет Тейлор Розмонд
Туулган жылы – 1932-жыл, 27-февраль, Лондон шаары
Лакап аты – Лиз
Тасмалары – «Клеопатра» (1963), «Баттерфилд 8», (1960-жыл. «Оскар» сыйлыгын алган тасма), «Виржиния Вульфтан ким коркот?» (1966-жыл. «Оскар» сыйлыгын алган тасма), «Айвенго» (1952), «Бум» (1968), «Сандпайлер» (1965), «Элизабет Тейлор Лондондо» (1963) ж.б.
Күйөөлөрү – Ник Хилтон (1950-1951), Майкл Уиндинг (1952-1957),
Майкл Тодд (1957-1958), Эдди Фишер (1959-1964), Ричард Бёртон, (1964-1974), (1975-1976), Жон Уорнер (1976-1982), Лерри Флоренски (1991-1996)

КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР

  • Тейлор 39 жашында чоң эне болгон.
  • 4 баласы, 10 небереси, 4 чөбөрөсү бар.
  • Актрисанын 1963-жылы түшкөн сүрөтү 2007-жылы 14-ноябрда Нью-Йорк шаарында 23,7 миллион долларга сатылган.
  • 1959-жылы 27 жашында иу­даизм динин кабыл алган.
  • Эң туруктуу достук Майкл Жексон менен Тейлордун ортосунда болгон. Экөө 1980-жылдан бери мамилесин үзбөй келишкен.

9 ЖАШТАН БАШТАЛГАН ӨНӨР
Болочок жылдыз Элизабет Тейлордун ата-энеси америкалык мигранттар эле. Атасы Френсис живопись жана скульптураларды алып сатуучу (арт-дилер), энеси Сара актриса болгон. Атасы Лондондо музей ачууну, сүрөттөрүн сатууну көздөгөндүктөн, үй-бүлө Америкадан Лондонго көчүп келишет. Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышы менен алар кайрадан өз мекенине кетүүгө мажбур болушат. Үй-бүлөнүн досу Элизабеттин актрисалык талантын байкап, аны 9 жашынан кино дүйнөсүнө алып келет. Тейлор өмүрүндө 69 тасмада роль жаратып, эки жолу «Оскар» сыйлыгын алган. Актрисанын жылдызы 50-60-жылдары өзгөчө жанган. 1961-жылы Египет ханышасы Клеопатранын ролун жаратып, дүйнөлүк атактуулукту багынткан эле. Элизабет кино тарыхында гонорары миллион долларды чапчыган алгачкы актриса катары калды.

СЕНАТОРДОН КУРУУЧУГА ЧЕЙИН
Актрисанын карьерасынан да жеке жашоосу кызыктуу. Кызыгын мындан би­лиңиз, Элизабет сегиз жолу нике шакегин тагынган. «Ажырашуу бул – оору. Илдеттен айыгуу үчүн кайра күйөөгө чыгуу керек»,- дечү ал. Бирок сегиз күйөөсүнүн ичинен жүрөгүнөн терең орун алган мырзалар – Майкл Тодд менен Ричард Бёртон болгон. Продюсер Майкл Тодд 1958-жылы учакта кырсыкка кабылып көз жумган. Ал эми Ричард Бёртон менен болгон сүйүү романы «Клеопатра» тасмасы тартылып жаткан учурда башталган. Анда Ричард Марк Антонионун ролун аткарган эле. Экөөнүн тең өмүрлүк түгөйлөрү бар болгондугуна карабай (Лиз анда төртүнчү күйөөсү Эдди Фишер менен жашап жүрчү) ачыкка чыгышкан. Үй-бүлө сепилин куруп, экөө 1964-жылы баш кошушат. Тейлор Ричард тууралуу «биздин эң негизги кемчилигибиз – бири-бирибизди катуу сүйгөндүгүбүздө» деп айткан экен. Ричард Бёртон экөө 10 жыл бирге жашап, 11 тасмага чогуу тартылышкан. Ричард ичкиликке катуу берилип кеткендигинен улам алар мыйзамдуу түрдө ажырашууну чечишет. Бирок экөөнө тең жашоо кызыксыз болуп, бир жылдан соң кайра табышышат. Жарака кеткен идишти бүтөй албагандай эле, экөөнүн жашоосу бириге албайт болчу. Аны түшүнгөн Лиз сүйүктүүсүн биротоло коё берүүнү чечет. Кийин сенатор Жон Уорнерге турмушка чыгат. Кайрадан ажырашуу... Лиздин эң акыркы күйөөсү өзүнөн 20 жаш кичүү жөнөкөй куруучу Лерри Флоренски болгон. Актрисанын төрт баласы бар. Экинчи күйөөсү Майкл Уиндингден Майкл жана Кристофер аттуу уулдары болсо, Майкл Тодд экөө­нүн ортосунда Элизабет деген кызы, Бёртон экөөнүн ортосунда Мария аттуу бакма кызы бар.

АКТРИСАНЫН АТАГЫН АШЫРГАН ЗЕР БУЮМДАР
"Мырзалар менен зер буюмдардын коллекциячысы». Лиздин достору аны тамашалап ушинтип аташчу. Актриса асыл таштарга болгон кумарын өзү да жашырчу эмес. Элизабет рубин жана бриллиант таштардын курамынан турган эң кымбат шурусун өзгөчө аспиеттечү. Анткени бул шуруну эң кымбат адамы Майкл Тодд белек кылган эле. Элизабеттин 40 жылдык мааракесинде Ричард Бёртон жүрөк формасындагы бриллиант чөгөрүлгөн чынжырчаны белекке берген. Легендага айланган бул жасалга алтын жана майда бриллианттар менен кооздолгон.
Лиздин тамчы сымал бермет таштардан жасалган мончогу да бар болчу. Учурунда «Ханышанын бермети» аталган бул асыл мончок Англиянын ханышасы Мария Тюдорго таандык болгон. 1978-жылы Ричард тартуулаган белекти Тейлор аукционго коюп, каражаттын бир бөлүгүн кайрымдуулук фондуна бөлүп берген. Жалпысынан алганда, актрисанын коллекциясы эң кымбат жана сейрек кездешүүчү асыл таштардын топтомун түзгөн. Эксперттер актрисанын коллекциясындагы баалуу таштардын баасы 70 миллион долларды чапчыйт деп эсептешүүдө. Актриса 2009-жылы Беверли-Хиллзде зер дүкөн ачкан.

КҮЙӨӨЛӨРҮ ЭЛИЗАБЕТ ТУУРАЛУУ
№1-Ник Хилтон: «Мен ал тууралуу эч нерсе айта албайм».
№2-Майкл Уиндинг: «Аны менен жашаган күндөрүм мен үчүн өтө кымбат. Бирок бир гана нерсени түшүнө алчу эмесмин. Мындай сулуу аялзатына мынча көп косметика колдонуунун эмне кажети бар?»
№3-Майкл Тодд: «Ал мага бүтүндөй ааламды тартуу кылды. Экөөбүз гана болгон күндөрдө бактылуу элек. Биз үйлөнүү тоюбуздун датасын жума сайын белгилечүбүз».
№4-Эдди Фишер: «Элизабет менин жалгыз махабатым болгон».
№5 жана 6-Ричард Бёртон: «Биз бири-бирибизди ушунчалык катуу сүйдүк. Көрсө, катуу сүйүш­көндөрдүн чогуу жашоосу мүмкүн эмес экен».
№7-Жон Уорнер: «Ал өтө акылдуу, ачык-айрым аял жана кайталангыс талант. Күйөөсүнө өтө туруктуу. Бирок аны менен жашоо оңой эмес».
№8-Лерри Флоренски: «Мен мындай аялды турмушумда кезиктирген эмесмин. Канча жыл жашасам да, бороон-чапкын кайсы жагынан келерин биле албай убара боло берчүмүн».

ЭЛИЗАБЕТ АКЫРКЫ ЖОЛУ ДА КЕЧИКТИ
Акыркы жылдары актрисанын жашоосу тынч агымга түшкөн. Мисалы, 2003-жылы улуттук Кино академиянын жыл сайын тапшырылчу 75-аземине келүүдөн баш тарткан. Баш айланткан атактуулук актрисага пайдасынан залалын көп тийгизген. Учурунда ичкиликке берилип, баңгизат да колдонгону анын ден соолугун жабыркатат. Жүрөгүнө бир нече жолу операция жасалып, тери рагынан жабыркайт. Эки бутуна жасалма муундар коюлуп, акыркы күндөрү коомчулукка майыптардын арабасында отуруп калган калыбында чыгууга мажбур болгон. Актриса 2011-жылдын 23-мартында дүйнө менен кош айтышты.
Акыркы сапарга узатуу зыйнаты белгиленген убакыттан 15 мүнөт кеч башталды. Анткени тирүү кезинде Элизабеттин бардык жерге 15 мүнөт кечигип баруу адаты бар эле. Андыктан маркум менен коштошууну да кечиктирип баштоону керээз кылып айтып кеткен экен. Акыркы керээзинде ал жөөттөрдүн диний жөрөлгөсү менен жерге берүүнү жана эстелигине «Жашоонун ар бир көз ирмеми үчүн рахмат» деген сөздү жазып коюуну өтүнгөн.

Лунара Бекиева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
operaledi
2011-04-08 22:39:02
Жаткан жери жайлуу болсун, мыкты актриса болгон,убагында.Мектепте окуп жургонумдо ричард Бартон экоонун суйуу баянын окуп алып, ыйлаганым, андан да кыялданганым........
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан