ТУРМУШ АЙЛАМПАСЫ

Бурганактуу шамал алып учуруп, машина күтүп турган жигитти улуу сапарга чакырып жаткандай. Бакытына кетчү сапардан бир кезде ата-энесин кыя албаганынан, саркынды салттын айынан ажырап калган эле. Бирок, эртеби-кечпи, баары бир бул сапарга жол алмак. Жигит оор үшкүрүп алып кетип бара жатты. Көкүрөгүндө зор үмүт, көзүндө чолок жаш... Бирок, бул кубанычтын көз жашы болчу.

“СҮЙҮНЧҮ, АГАҢ АЯЛ АЛДЫ...”

Энтиге көзүнөн сүйүнүч толкуган кара тоголок бала кулакты жара кыйкырып талаага келе жатты.
– Жаныбек байке, сүйүнчү...
Чалгысын ары ыргыта утурлаган Жаныбек бетиндеги аккан терин аарчый тигил баланы көздөй утурлады.
– Эмне болуп кетти?
– Сүйүнчү, Калыбек байке колукту алып келди.
– Чынбы?
– Ийи.
Жаныбектин жадыраган жүзүн көрүп, тигил бала да кубанычтуу мулуңдай берди. Агасы Калыбек менен эгиз козудай ээрчишип чогуу чоңойгон. Анан калса, экөө башкача жакын болуп чоңоюшту. Эми агасы минтип шаардан колукту алып келип... Кубанычтан аптыгып кирип келген Жаныбектин көзүнө короодо апакай костюм-шым кийген агасы көрүндү.
– Калыке, куттуктайм.
Кучакташып, бирин-бири тамашалай далыга каккылап жаткан уулдарын көргөн апасы жетине албай жылмайып алды.
– Окшошкон каралдыларым менин, минтип эр жетип чоңоюп калдыңар. Бактылуу болсоңор экен.
Апа аста күбүрө­гөн тилегин бирөө угуп койчудай эки жагын карап алды. Уламдан-улам балдары токтобой, күйүт­төн жүрөгү өлгөн апа кантсин анан?! Биринен-бири бойлуу, келишимдүү уулдарына ушинтип тилек арнап жатты.
– Жеңеңдин көрүндүгүн чоң камдай турган болдуң, уул.
Тамашалай жылмайган жеңелеринин бирине Жаныбек шынаарлай калды.
– Кандай экен, жеңе?
– Кандайын сурайсың, айдан, күндөн түшкөн периште экен. Бирок, сенин сулууңа жетиш кайда.
– Көрсөтчү, жеңе...
– Шашпа, көрөсүң эми. Жеңеңдин колунан чай ичип, моокумуң кангыча сырдашасың.
Жаштардын тою ушинтип салтанаттуу, шааниси менен өтүп жатты. Апакай жоолук жүзүнө куп жарашкан Айнура Жаныбекке бир көргөн­дө эле жакты. “Мына, ушундай эле колукту алып келмек менин агам. Эми Кудай буюрса, менин да жолум ачылды. Жанарым менен мен дагы той тойлой турган кез жакындап калды шекилдүү”.
Толгон айды карап өзүнө-өзү маашырлана жылмайып алды. Бирок, бул бактылуу үйбүлөгө кайгынын кара көлөкөсү билинбей жылып келе жатканын жүрөгү туйган жок.

КЫРСЫК

– Эки-үч күндөн кийин алып кетем. Үйдөгүлөр камынып жатышат. Бир гана Калыбек байкемди күтүп жатабыз.
Өрөпкүп ушуларды сүйлөгөн Жаныбектин кең көкүрөгүнө жүзүн каткан кыз бактылуу жылмайып алды. Экөөнүн тоюн күткөндөр айылда көп эле. Анткени, алардын ашыктыгы айылга аңыз болуп калган.
– Биз бактылуу болобуз, ээ, Жаныбек?- эркелеген Жанара кумарлуу көздөрүн жадыратып Жаныбекти тиктеп калды.
– Албетте, бактылуу болобуз. Эки-үч гана күн калды.
Бирине-бири жалындуу сөздөрүн арнашкан экөө көк шиберге жыгылышты.
– Жанарым менин, бүгүн...
– Жок, Жаныбек, мен ак босогоңду таза аттагым келет.
– Айырмасы жок, берекем. Баары бир эми бизди эч ким, эч кандай күч ажырата албайт.
Жигиттин жалындуу сөздөрү, ысык кучагы кызды уламдан-улам алдан тайытып бара жатты. Экөө­нүн махабаттуу түнүнө ай-жылдыздар күбө болгон эле.
Мына, тойго аз гана күн калган. Өрөп­кү­гөн жигит отун жарып жаткан болчу. Ушул учурда томсорушкан туугандар, коңшулар кирип келишти.
Түрлөрү коркунучтуу, бир жаман кабарды сезгендей Жаныбек кетенчиктей берди. Аңгыча колу камыр болуп ашканадан чыккан апасы, нары жактан келе жаткан атасы көрүндү.
– Түрүңөр жаман, бир нерсе болдубу?
– Эмне... эмнеге келдиңер?
Үрөйү учкан үчөө селдее түшүштү.
– Кайрат кылгыла, туйгунуңар колдон учуптур.
– Эмне-е?
– Калыбек бул жакка келе жатып жол кырсыгынан каза болуптур.
Асман-жер бардыгы аралашып бара жаткандай болду Жаныбекке. Сакалынан жаш тамган атасын, боздоп жыгылган апасын карап туруп артка кетенчиктей берди.
– Жок! Ишенбейм!
Ушундай болду. Бирде бал жуткуруп, бирде уу жуткурган турмуш бул жолу да кастарын тигип, бир үйбүлөгө кайгынын селин агызды. Көрсө, инисинин тоюна шашып келе жаткан Калыбек жолдон кырсыкка кабылган экен. Баарынан оору Жаныбек үчүн жеңесинин кайгысын, көз жашын көрүү болчу. Бирде эсинен танып, бирде чачын жулуп бакырган Айнура боор ооругандай боздоп жатты.
– Мени кайда таштадың? Уулубузду кайда таштадың? Эми мен кантем? Кантип сенсиз жашайм?- деп ботодой боздогон келин көргөн адамды жашытып жатты.
– Кой, балам, сабыр кыл. Эки айлык болсо да баласы калды. Уучуң куру эмес.
– Антип өзүңдү көп кыйнаба.
Жарылдаша сабыр айткан аялдардын сөзүн уккусу келбей, эки кулагын жаап туйлады, боздоду байкуш келин.

ТАГДЫР БУРУЛУШУ

Калыбекти жерге бергенден бери бир жыл өттү. Азалуу, кайгылуу бир жыл Жаныбек үчүн тозоктун отундай эле болду. Бир гана үмүт аны жоошутуп, жашоосуна жарык берип жаткан эле. Бул агасынын ашын берсе, Жанарасына үйлөнүү калат. Бирок, алардын тагдыры башкача чечилди. Абышка-кемпир Жаныбек менен Айнуранын тагдырын өздө­рүнчө чечип коюшкан болчу.
– Кемпир, келиндин айласын не кылабыз?
– Менин да башым маң. Аш бүт­көндөн кийин баласын алып шаарга жөнөй берсе айлабыз эмне болот?
– Баламдан го өлүм ажыратты, эми неберемден кантип тирүүлөй айрылам? Жок, кемпир, бир айласын таап, баланы да, келинди да алып калышыбыз керек.
– Кантип?
– Жаныбекке нике окутабыз.
Мындайды күтпөгөн апасы чок басып алгандай чочуду.
– Ок, анын колуктусу бар эмеспи. Ашты күтүп...
Кемпирди ой баса түштү. Чындыгында эле абышкасы туура айтат. Ушундай кылышса небересин сактап калышат. Анан калса, Айнура келини да адамгерчиликтүү, адеп­түү келин. Мындай бүлө көп адамга туш боло бербейт.
– Ырас айтасың, анын маңдайына жазылган да бирөө тургандыр. Бирок, Жаныбек макул болоор бекен?
– Макул болот. Агасынын арбагын сыйласа, экөөбүздү какшаткысы келбесе макул болот.
Абышка чорт бүтүм чыгарды. Ушул учурда бир эмес үч тагдырды талкалап жатканын, үч адамдын көз жашына калып жатканын капарына албады. Бул тууралуу Жаныбек Жанарадан укту.
Ар дайым жадырай күлүп тосуп алган Жанарасы негедир сыртын салып турду.
– Сага эмне болгон?
– А сагачы? Берген убадаларың, сүйлөгөн сөзүңдүн баары жалган беле? “Үйлөнөбүз” деп коёт дагы...
– Сен эмне деп жатасың? Аш бүткөн­дөн кийин деп сүйлөшпөдүк беле?
– А мен билем эмне үчүн тойду кечиктирип жатканыңарды. Сен тигил шаардык жеңеңе үйлөнөөрүңдү эмнеге айткан жоксуң?
Кыздын мөлтүрөгөн жаштары жүзүн жууп кетти. Куду башына балта тийгендей теңселген Жаныбек отуруп калды.
– Кимден угуп жүрөсүң?
– Баары айтып жүрүшөт.
– Жанара, андай болбойт. Мен сенсиз жашай албайм.
Жаныбектин дирилдеген добушун шамал жула качты. Кыз үйүнө тез кирип кетти. Шалдайган жигит аргасыз артына бурулду.

“ЖЕҢЕҢДИ АЛАСЫҢ, САЛТ ОШОНДОЙ”

– Айланайын, апа, Жанараны кантем?
– Бул тагдырды биз сурап алган жокпуз, балам. Өзүң ойлосоң Кукентайдын бирөөнү “ата” деп бизден бөлөк өскөнүн. Агаңдын арбагынын алдында парзың ушул.
– Жок, мен көнө албайм.
Ордунан туруп кеткен жигиттин алдынан айыл аксакалдарын ээрчиткен атасы чыкты.
– Ата...
– Отур,- өкүм унчуккан атасы баласына суз карады. – Бир секелек үчүн баарыбызды садага чапкың келеби?
– Ата, сиз түшүнбөй жатасыз...
– Менби же сенби? Мына, аксакал адамдар алдыңда турушат. Илгертеден келе жаткан салт ушул. Кыскасы, Айнурага үйлөнөсүң. Сөз бүттү.
Ошентип, апасы боздоп, атасы “топурагымды түйүп берем” деп жатып үйлөнүүгө акыры макул кылышты. Айнура болсо ыйлап туруп: “Калыбектин ата-энесин боздотуп таштап кете албайм. Айла жок, макулмун”,- деди.
Көк чөптүн үстүндө көмкөрөсүнөн түшкөн жигит кимдир-бирөө жакындап келе жатканын туйду. Бул Жанара эле. Акырын жанына басып келди да, жүйүртө басып отура калып, Жаныбектин башынан сылады. Ушул кыймылда айтып бүткүс назиктик, мээрим бар эле. Жигиттин каңырыгы түтөп кетти.
– Эмне кылайын эми?
– Эч нерсе, жаным, мен сага түшүнөм. Сенин жүрөгүң меники болсо болду. Жеңеңе үйлөнө бер.
– Сенчи?
– Мен үчүн дагы бир тагдырдын сыноосу тургандыр. Эртең шаарга жол тартам. Өзүң билесиң го, андан башка айлам жок. Сенин бул жакта экениңди билип атайын келдим. Айлаңды кетирип жатып макул кылышканын уктум. Эми коштошоюн деп келдим. Кош эми, тагдырыбыз ушул экен.
Кыз майышып ордунан турду. Анын алыстап кетип бара жатканын байкаса да, Жаныбек ордунан тура албады. Токтотконго да чамасы келген жок. Тек гана көз жашы тыпылдап агып жатты.

КЫЙНОО ЖАНА ЧЕЧИМ

Ошентип, Жаныбек менен Айнуранын тою болду. Арадан убакыт өттү. Экөө эрди-катын болуп жашап калышканы менен биротоло биригип, бирине-бири бой сала алышкан жок. Экөөнүн ортосунда кандайдыр бир дубал тургандай экөө тең кыйналып жүрүштү.
– Апа, Жаныбек кайда?
Ыйбалуу үн каткан келинди аяп карап алган кайненеси колун жаңсай берди:
– Тигил жакта мал менен жүргөн, анан өзөндү көздөй басты го. Карачы балам, келсе тамак ичели.
– Азыр чакырып келем.
Элпек бурулган Айнура Жаныбектин артынан жөнөдү. Шуулдаган шамал гана жорткон ээн жерде Жаныбек бир кыз менен отурган экен. Бул Жанара болчу. Шаардан келгенин уккан Жаныбек шашып бул жакка келген. Демин жыйган Айнура экөөнүн жакындап келе жатканын көрүп боюн жашыра калды.
– Эмнеге келдиң?
– А сен эмнеге келдиң?
Кыз жооп бере албай туруп калды.
– Болду, эми жашооң башка болгондон кийин кыйнабачы мени,- деди кыздын буулуккан үнү.
– А мен кыйналбай жүрүптүр­мүнбү? Айнура мен үчүн жеңе катары эле калды. Баары бир аны менен жашоом болбойт. Ата-энемдин көңүлү үчүн гана...
– Мени эмне кыл деген турасың?
– Билбейм, өзүм да жанчылып бүттүм.
Жигиттин коңур үнү так эле өзү­нүн Калыбегине окшош эле. Айнура узап бара жаткан экөөнү карап туруп ордунан үшкүрө турду. Келишимдүү жигиттин басканы да, кетип бара жатканы да Калыбегин эске салды. “Кызык, балким, ушул окшоштук үчүн эле макул болсом керек. Калыбегимди Жаныбектен тап­кым келген окшобойбу?! Бирок, бул өзүмдү-өзүм алдоо менен экөөнүн тагдырын бузуп койгонумду карачы... Ка-ап, мурун билгенимде... Бирок, эми да кеч эмес”. Айнура чечкиндүү басып үйүнө бет алды.

ххх

“Жаныбек, Жанара экөөңдү көр­гөн­дөн кийин мындан ары сени менен жашай албасымды сездим. Сен аны сүйөөрүңдү, ал сени сүйөөрүн түшүн­дүм. Мен да сенин агаңды ушинтип сүйгөм. Экөөбүз жаңылдык. Эми сага бакыт каалайм. Атам-апама өзүм түшүн­дүрдүм. Бала алар менен калат. Сен Жанараны издеп тап. Бактылуу бол”. Кыска мазмундагы Айнуранын бул каты Жаныбектин колунда дирилдеп турду. Кубанычтан жүзү албырган ал ыйлап да, сүйлөнүп да жатты.
– Рахмат! Рахмат сага, жеңе....
– Байке, апам “чай ич” деп жатат.
Кужулдап жанына келген кичинекей Кубанычты бооруна кысып, көзүнөн аккан жашка ээ боло албай ата-энесин көздөй жөнөдү. Эртеси эле Жанараны издөөгө сапар алды.

Нуржамал Жийдебаева
Сүрөтчүсү:
Уларбек Атайбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
FIANIT
2009-09-20 17:48:18
"Бирде бал жуткуруп, бирде уу жуткурган турмуш" эмне мынча адам баласын кыйноого салаарынды билбейм, же адам баласында очун барбы???
0
belka
2018-01-10 12:18:33
Сонун чыгарма экен!!!
0
№ 251, 24-30-август, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан