Тасманы көргөндөрдүн бири жийиркене жерге түкүрсө, экинчиси ыйлагысы келгенин айтып, үчүнчүсү “чыныгы искусствону чагылдырган биринчи тасма” деген кептерди айтышкан. Түрдүү сезимдерди козгогон “Кара ак куу” тасмасынын бет ачары болгондон тартып эле “фильм “Оскар” сыйлыгына негизги фаворит болот” дешкен эле. «Оскардагы» жеңиш да көп күттүргөн жок.
Тарткан өлкө – АКШ
Жанры – Психологиялык триллер
Режиссёру – Даррен Аронофски
Сценарийин жазгандар – Марк Хейман, Андрес Хайнц, Жон МакЛафлин
Оператору – Мэттью Либатик
Башкы ролдордо – Натали Портман (Нина), Мила Кунис (Лили), Венсан Кассель (Том), Вайнона Райдер (Бет)
БИРИНЧИ ЖАНА АКЫРКЫ ЖОЛУ
Балеттик труппанын прима-балеринасы Бет Макинтайр сахнаны таштоого мажбур эле. Прима болуу бардык балериналардын, анын ичинде Нинанын да кыялы болчу. “Нина таланттуу, бирок кара ак куунун албуут кумарын аткаруу колунан келбейт” деп күмөнсүп жүргөн хореограф Томдун пикири өзгөрүлүп, Нинага башкы ролду берет. Нина болгон күчү менен машыгууга киришет.
Труппада Лили аттуу жаш балерина да боло турган. Нинага жетишпеген эки сапат (сексуалдуулук жана эркиндик) Лилиде өтө өөрчүгөн эле. Бир күнү Лили Нинаны түнкү клубга алпарып ичимдик ичирип, андан соң Нинанын үйүнө келип, экөө дене кумарына батышат. Катуу уктап калган Нина машыгууга кечигип барса, Лили кара ак кууну бийлеп жаткан болот. Башкы ролду тарттырып жиберүү коркунучу Нинаны алдастатып, галлюцинация пайда болуп, эси оогонго чейин барат. Апасы кызынын психикалык жактан ооруп жатканын байкап, бет ачарга барбашын суранганына болбой, Нина театрга жөнөйт. Чын эле анын ролун ойноого Лили даярданып жаткан эле. Бирок Том кара ак кууну ойноону Нинага буюрат.
Биринчи эле актта Нина өнөктөшүнүн колунан түшүп кетип, тил угат. Антракт учурунда гримдөөчү бөлмөгө кирсе, Лили кара ак куунун көйнөгүн кийип отурган болот. Нина Лилини күзгүгө түртүп жиберип, сыныгы менен ичке сайып өлтүрөт. Өлүктү жуунуучу бөлмөгө киргизе салып, кара ак куунун бийин аткарганы сахнага чыгат. Ушунчалык ырахат, кумарлануу менен бийлеген Нина биринчи жолу аны эл карап жатканын унутуп, эркин бийлейт. Зал дүркүрөп, эл ордунан тура калып кол чаба баштайт.
Үчүнчү акттын алдында кийинүү үчүн гримдөөчү бөлмөгө кирген Нинанын эшиги тыкылдап, алдында куттуктоо сөзүн айтып турган Лилини көрөт. Таң калган Нина өлүктү жашырган бөлмөгө кирсе сөөк жок, бирок күзгү сынган. Көрсө, Нина галлюцинациядан улам Лилини өлтүрдүм деп ойлоп, өзүн ичке сайып алган болот. өмүрүнүн аяктаарына саналуу мүнөттөр калганын билсе да, өзү сүйгөн сахнага чыгат. Бул анын биринчи жана акыркы бийи эле.
ТАСМАНЫН ИДЕЯСЫ ВОЛОЧКОВАНЫКЫБЫ?
“Балериналарга бийликтегилердин кызыгуусу күч” деген кеп чын белем, орус элитасынын көпчүлүгү “Кара ак куунун” бет ачарына барышкан. Орус балеринасы Волочкова тасмадан кийин: “Идеясы менин китебимден (Волочкованын «Бир балеринанын сыры» китеби англис тилине которулганы чын) уурдалган. Мынчалык окшоштук болушу мүмкүн эмес. Фильмде менин гана эмес, апамдын да образы дал өзүндөй берилген”,- деп жар салган. Ал эми тасманын режиссёру Даррен Аронофски тасманын сценарийи 10 жыл мурун жазылганын айтат. Бул сценарий режиссёрдун колуна кокусунан тиет. Чыныгы окуя 2000-жылдары Бродвей театрында болуп, сценарийде тасма алгач “Дублёр” деп аталган.
КАЙДА? КАЧАН?
Тасма алгач Францияда тартылмак. Бирок бюджеттин жетишсиздигинен улам Нью-Йорк шаарынын Манхеттенинде тартылган. Негизги бөлүк «Нью-Йорк Сити Балет» театрында тартылып, кийин Нью-Йорк шаарындагы Искусство институтунун залын да ижарага алышкан. Тартуу учурунда 100дөн ашык балерина катышкан. Тасманын бюджети 13 миллионду түзүп, киреше 272 миллионду чапчыган. Бул ушул жылдагы рекорддук көрсөткүч болуп эсептелет. Тасма капчыкты эле толтурбастан, фильмдин жаратуучуларына “Оскарды” белек кылып, “Жылдын эң мыкты актрисасы” атагына Натали Портман ээ болду.
НАТАЛИ БИЙЧИ ЭМЕС, АКТРИСА
Тасманы көрсөңүз, Портманды азамат дээриңиз анык. Бирок бул пикирди жокко чыгаргандар да болууда. Наталинин дублёру – балерина Сара Лэйндин айтуусунда, атайын эффекттердин жардамы менен актрисанын башын анын денесине чаптап коюшкан.
“Тасмада 80 пайыз мен бийлегем. Келишим боюнча “Оскардын” салтанаты болгуча маалыматты сыртка чыгарбашым керек болчу. Голливуддун пиарчылары Наталини элге таланттуу кылып көрсөтүү үчүн бул жомокту ойлоп табышты. Балетте мыкты бийлөө үчүн айрымдар бүтүндөй өмүрүн сарпташы мүмкүн. Жарым жылда бул өнөрдү мыкты өздөштүрүү мүмкүн эмес. Наталинин балетти бат эле өздөштүрүп алганы жөнүндөгү кеп менин эле эмес, балет искусствосунун намысына шек келтирет”,- дейт Сара. Ал эми тасмада Нинанын өнөктөшү Девиддин ролун ойногон балерон Бенжамин Милипье тасмада 90 пайыз актриса өзү ойногонун баса белгилейт. Айтмакчы, Бенжамин Наталинин болочок баласынын атасы. Экөө тасмага тартылып жатып бири-бирин жактырып калышкан. Ал эми актрисанын бийди канча пайыз өзү аткарганы биз үчүн эле эмес, дүйнө эли үчүн табышмак.
КЫСКАЧА КЫЗЫКТАР
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg