БАЙБОЛОВ АЧКАН БЫЛЫКТАР ОРТО ЖОЛДО КАЛБАЙБЫ?
Кубатбек Байболов Жогорку Кеңеште эки жолу сүйлөп, бийликтин “кара жашигин” ачып салды. Эми мындан жыйынтык чыгабы же, тескерисинче, бу киши куугунтукталабы? Жыйынтык чыкпаса анда азыркы бийликтин мурункудан кайсы айырмасы калат?
Президент Баш прокурорлуктан Байболовду алып салуу оңой эмес болгондугун мойнуна алды. Кубатбек мырза да отставкасын оор кабыл алган чыгар, “мына сага” деп адатта жашыруун сакталган айыптар сандыгын элге жайды. Урунттууларын сөз кылалы:
1. “Дастан” заводу боюнча кылмыш иши козголгон. Анда “Дастандан” алынган 2 миллион долларга чукул каражат КСДПнын шайлоо өнөктүгүнө сарпталганын айтып күбөлөр көрсөтмө беришти”.
– Алмазбек Атамбаев Баш прокуратурага кайрылып, Байболовдун бул маалыматын тактап, көзөмөлгө алууну суранды. Учурда бийликтеги партиялар мамлекеттин казынасын өз чөнтөгүндөй пайдаланганы чын болсо, анда мурдагы президенттерге коюлган “калктын казынасына тийбөө” талабы кайда калат?
2. “Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун эки компаниясы 700 миллион сом өлчөмүндөгү салыкты төлөгөн эмес”.
– Өлкөнүн экономикалык тармагын башкарган биринчи вице-премьер бийликке келген соң «салыктан качып көмүскө бизнес жүргүзгөндөрдү ачыкка чыгарам» деп белсенген. Жогорудагы кепке таянсак, анда Өмүрбек мырза салыкчылардан айланып качуунун жолдорун мыкты билсе керек.
3. “УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевге ага чейинки УКМКнын башчысы Мурат Суталинов 8-апрель күнү келген. Ошондон кийин Дүйшөбаев Суталиновду кармоого негиз жоктугун айтып, чек арага чейин жылуу-жумшак узатып койгон”.
– Бул маалымат учкай мурун да айтылган. Кандуу апрель окуясына негизги айыптуулардын бири Мурат Суталинов экенин билип туруп, эмнеге камакка алган эмес? Анда “түштөн кийин” дүйнөгө жар сала Интерпол аркылуу издетүүнүн деги зарылдыгы бар беле?
4. “Водолаз деген лакап аты менен таанымал кримчөйрөнүн өкүлү, учурда абакта жаткан Максат Абакировду боштондукка чыгарууга аракеттер жасалды”.
Учурда күч структуралары кримдүйнөгө каршы күрөшүүдө. Биротоло тамырын кыркуу үчүнбү же керексиздердин көзүн тазалоо үчүнбү? “Кримдүйнөнүн бийлик менен байланышы эч качан жоголбойт, болгону, кожоюндар, оюнчулар алмашып турат” деп жоругандар бар. Мындан келди, учурда качып жүргөн Камчы Көлбаевдин ордуна маркум Рыспек Акматбаевдин жигиттеринин бири болгон Водолазды алып келүүнү максат кылышканбы, бийликтеги айрымдар.
5. “Орусиялык ишкерлер Өмүрбек Бабановго 50 миллион долларды берүүдөн баш тартканда Каржы полициясы “Мегакомдун” кеңсесин басып алды. Бабанов үйүмө чейин келип, “Мегакомго” каршы кылмыш ишин козгоону суранган”.
Президент тергөө бейтарап жүргүзүлсүн деп Байболовду кызматтан алды. Эгер Бабановдун 50 миллион доллар талап кылгандыгы, «Дастандын» акчасынын КСДПга жумшалгандыгы аныкталса, анда вице-премьер менен өкмөт башчыны да бийликтен алуу керекпи деген суроо жаралбай койбойт. Андай болбосо, президент кайсы бир маселеде объективдүүлүктү сактап, ушуга окшош эле башка жагдайда бир жактуу чечимдерге барса, анын бейтараптыгына көлөкө түшүп, ишеним артпоо маселеси жаралат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
туштон кийин ойгонгонсуп былжырап суйлобой эле койбойбу прокурор болуп турганда эмне Байболовтун оозун буроо тигип коюуптурбу кыйын экен ошондо ушул айткандарын момент козгобой беле оставкага кетирип койгондо чыйпылыктабай
же Байболоб мега комдун акчаларына тойбой калган окшойт коп озу деле ооруп жаткан элдин башын оорутпай Америкасына кете бербейби
Jua сен Байболовду жакшы билген кишидей эле жазганына жол болсун. Озунун кучу менен байыган бизнесмен адам, ал киши ар бир кадамын ойлонуп анан таштайт. Сага окшогон былжырактарды дагы тазалайт кантсе дагы Чекист да.
SeNSoR байкенди мен абдан жакшы билем так что менин оюум менен сенин ишин болбосун тушунуктубу
SeNSoR сен коп эле Байболовго болуша бербе,jua туура айтат бул киши да коп былжырап элдин кыжырын келтире бербесинчи Акмак киши экен эми туштон кийин,азыр кимге ишенишини да билбейсин баары ЖЕГИЧТЕР,ТОЙБОСТОР,ЖАЛГАНЧЫЛАР!Деги булардын тоюп бутуп анан стоп,БОЛДУ ТОЙДУК эми карапайым элди дагы ойлоп койолучу деген кундору бар бекен?Андай киши биздин Кыргызстанда жок го!
Байболов туштон кийин эмне кыйын болот? Андай кыйын болсо, ошол учурда эле баарын тазалабайт беле. Бир дагы таза иштеген адам жок. Эгерде баары таза иштесе, биздин мамлекет мурун эле онуккон мамлекетке айланмак.
кыскасы,баш аламан... эч кимисине ишеним жок.бир нерсе деш кыйын болуп калды.
jua Байболов менин байкем туура айтасын! Ал дагы мен дагы кыргыз! Кыргыздар улууларын урматтап байке деп келет качантан бери. Ал сенин дагы байкениз, бирок сен политикада эч нерсени тушунбогон жаш бала коруносуз,Ар кимдин оюу ар кандай. Таза киши жок дейсиз, а сиз озунузчу? тазасызбы?! Байболов таза саясатчылардын бири!
SeNSoR озун айткандай ар кимдин ою ар кандай менин оюум менен сенин ишин болбосун
Баягы эле бардак...баш которгон эч ким жок...тушкон кийин кыйын болгондон башка колдорунан бок келбейт...КГ качан онолот деп айгараган текедей болуп кутконубуз куткон...
Бирин кайын бирин тал, бирин олуп бирин кал.
Охооо...ыыы "1:2" эсебинде juaсынбы хуасынбы билбейм...бирок алдыдасын
саясат жонундо окугум да келбей калыптыр,туура эле комментарийди ачып окудум,биз го эми эмне болсо болду дипломду алып,сандыка бекем салып ОКЕлерге жалданма жумушчу болуп кун откоруп жатабыз а жаш муундардын келечегичи,ал эмне болот?Элдин убалы урсун ушул ууруларды,оомийн.
super info,kirgiz elim politikadan tajaganday,andan koro eldin konulun kotorup jani rubrikalardan 4igarsanar bolmok..uwu politikadan tajadim 4in uje korgum dagi kelbey kaldi...gezitti a4kanda kara taktay ele korunot,uwunday bir soonun kele jatip politika buzup koetda!buut baari ele uwintip jamandik jonundo jaza berse,kirgizimdin esinde emne kalmak ele..mina sovetskiy soyuzda jamandik jonundo degi jaz4u emes,azir bolso 4imindan pildi kilip jiberiwetda baari..!elge jani jakwi janilik kerek!!!
бизге сталиндик заман керек.куноолулордун баарын атканда гана заман онолот...............