Үй-бүлөлүк бийликти тактыдан кулатуу учурунда мекендин келечеги үчүн эр-азаматтарыбыз жанын курмандыкка байлаганына баарыбыз күбөбүз. 7-апрелде каза болгон азаматтар ар бир мекендештин жүрөгүндө, тарых барактарында сакталып кала берет. Ал эми өткөн аптада ошол баатырлардын бирөө тирүү экени тууралуу кеп тарап, көпчүлүктүн оозун араандай ачырды.
КОШУМЧА МААЛЫМАТ
«АРБАК МЕНЕН ЧОГУУ ЧАЙ ИЧИП ОТУРАМ»
Ак үйдүн жанынан ары-бери өткөн сайын жүрөк титиреткен каргашалуу апрель окуясы көз алдыга тартылат. Ажалдан коркпой, көкүрөгүн окко тоскон баатырларыбыздын ашы жакындап, эскерүү иш-чараларына даярдык жүрүп жатканда чагылгандын огундай тездик менен бир каңшаар тарады.
«2010-жылдын 7-апрелинде каза болуп, «Ата-Бейит» көрүстөнүнө сөөгү коюлду» деген 86 баатырдын бири тирүү деген. Маалыматка ылайык, каза болгондордун катарындагы тизмеде 71-болуп жазылган Максымбеков Маралбек Сатылганович 1963-жылы Ала-Бука районунун Ызар айылында туулган. Бирок ал баатырлардын катарында Аксы районунда туулган деп жазылып калган.
«Максымбековду тааныган-билгендердин айтуусунда, ал бир жыл мурда Орусияга жумуш издеп кеткен. Эмнегедир апрель айында кайра Кыргызстанга келген. Учурда «маркумдун» айылдаштары «Маралбек тирүү экен» деп ызы-чуу түшүп жатышат. Себеби ошол айылдык бир жигит Орусиянын Екатеринбург шаарына барып, Маралбек менен жолугуп калат. Алтургай чогуу чай ичип отуруп, «арбак менен чогуу чай ичип жатам» деп тамашалайт. Бул сөзгө Маралбек ыңгайсыз болуп, «койсоңчу, эмне, өз көзүңө өзүң ишенбейсиңби? Мен өлбөй эле маңдайыңда отурбаймынбы» деп жооп берген» деп жазат «Азат» гезити.
Ошентип, парламенттин имаратына жеткен бул сөз депутаттардын төбө чачын тик тургузду. Эл өкүлү Алтынбек Сулайманов 31-марттагы парламент жыйынында Максымбековдун Орусиянын Екатеринбург шаарында айдоочу болуп иштеп жүргөндүгүн тактаганын билдирди. Жагдайдын чын-төгүнүн билүү үчүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына тапшырма берип, эгер Максымбеков тирүү болсо, анын коопсуздугун камсыз кылууну Жогорку Кеңештин төрагасы сунуш кылды.
«ТАК МААЛЫМАТ АЙТА АЛБАЙБЫЗ»
Маалыматтын чын-төгүнүн билүү үчүн 7-апрелде курман болгондордун жакындары тарабынан түзүлгөн «Мекен шейиттери» коомунун жетекчиси Осунбек Жамансариевге (сүрөттө) кайрылдык. Ал: «2010-жылдын 7-апрелинде саат 23:00 чамасында Республикалык оорукананын сотмедэкспертизалык өлүкканасына «Ала-Тоо» аянтынан ок тийип каза болгон азиат улутундагы 50-55 жаштар чамасындагы белгисиз адамдын сөөгү келип түшкөн. Сөөк туугандары тарабынан таанылган» деген экспертизанын жыйынтыгы турат. Биздеги маалыматтарга токтолсок, Маралбектин жанында эч кандай өздүк документтер жана денесинде өзгөчө белгилери болгон эмес. Болгону, «баласымын, менин атама окшош» деген Эрлан аттуу жигиттин көрсөтмөсү, тактоосу менен тизмеге кирип, «Ата-Бейитке» коюлган 26 баланын катарынан орун алган. Андан башка жакындары болгон эмес. Учурдагы «тирүү жүрөт» деген сөздөрдүн чын же жалган экенин так билбейбиз, балким, тирүүдүр же башка бирөөнө окшоштуруп жатышкандыр... Бул боюнча так маалымат айта албайбыз. Аныгын билсек бизге деле жакшы болмок. Ал эми 7-апрелде курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн ар бирине бөлүнгөн 1 миллион сом өлчөмүндөгү жөлөк пул Маралбектин баласы Эрландын колуна берилген»,- деп билдирди.
«АТАМДЫ ИЗДЕП ОРУСИЯГА АТТАНАМ»
«Мекен шейиттери» коомунан «Маралбектин баласымын» деген 25 жаштагы Эрландын телефон номерин таап, байланышка чыктык.
– Эрлан, сиздин атаңыз тирүү экен деген сөз уктук. Ал Орусияда иштеп жүрөт деген кабарды уктуңузбу?
– Ооба, уктум. Атам апрель окуясына чейин Орусияда иштеп жүргөнү чын. 2008-жылы Кыргызстанга келгенде жолукканбыз. Бирок андан кийин кайда кеткени белгисиз болуп, издеп жүргөм. Тирүү болсо сүйүнөт элем.
– 7-апрелден кийин сөөктү сиз таанып, «менин атам болчу» деп күбө болгон турбайсызбы...
– Атам деп тааныганым чын, себеби окшош экен.
– Ал кишини сизден башка да таанып-билгендер барбы?
– Жакындарынан атамдын бир тууган иниси Жумабек азыр Таласта жашайт. Иним бар. Апамдын көзү өтүп кеткенине 15 жылдай болуп калды.
– Курман болгон баатырлардын ичинде атаңыздын сүрөтү жок экен. Сизде сүрөттөрү болсо керек...
– Чынында, менде атамдын бир да сүрөтү жок.
– Апаңыздын жакындары менен катышасызбы? Ошол кишилерде сүрөттөрү бардыр...
– Жок, катышпай калганыма көп болду. Мен азыр алардын кайда жашап жатканын билбейм. Кабарым жок.
Эрлан жакын арада Орусияга атасын издегени бара турганын билдирди. “Чын эле ошол адам менин атам болуп калса жакшы болот эле”,- дейт ал.
СӨЗ СОҢУНДА
Учурда бул иштерди териштирүү боюнча атайын комиссия түзүлүп, такталмай болду. «Бул маалыматты мен өз каналдарым аркылуу тактадым» деп парламент жыйынында сөз кылган эл өкүлү Алтынбек Сулайманов менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Биз 7-апрелде курман болгондорго шек келтирели деген оюбуз жок экенин баса белгилеп, маалымат каражаты катары бизде эле эмес, көпчүлүктө төмөнкүдөй суроолор жаралышы толук ыктымал деген пикирдебиз. Орусияда иштеп жүргөн жигит чын эле ошолбу же башкабы? Эгер ал адам чын эле өлдү аталган киши болуп чыкса, анда «Ата-Бейитке» коюлган адам ким? Аны издеп таппай жүргөн туугандары үмүт менен күтүп жүрүшкөндүр... Бул кимдин катасы же акча алуу максатында атайылап жасалган ишпи?
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg