Санжар Мыкыев: «ЫРЧЫНЫН УУЛУ ЭКЕНДИГИМ ЧЫН»

“Тамашоу” долбоорунда Лысый деген лакап атка ээ болгон “Достук” командасынын капитаны, алайлык өрт жигит Санжар Мыкыев шоу-бизнес «казанына» кандайча түшүп, кантип кайнап жатканы тууралуу сөз кылмакчы.

МЕН ЖӨНҮНДӨ...

  • Толук аты-жөнүм – Мыкыев Санжар Асилбекович
  • Жашым – 22де
  • Боюм – 178 см
  • Үй-бүлөлүк абалым – Араңарда шарфын булгалаган бир кыз бар, таап алгыла.
  • Кайдан кийинем – Досумдун шкафынан.
  • Жакшы көргөн тамагым – Кызарта куурулган картошка, палоо.
  • Жактырган унаам – Лексус. Бирок 42-өлчөмдөгү 2 бутума толук ишенем.
  • Жактырган ырчым – Арсен. Анткени ал менин жакын досум.
  • Саясатка такыр кызыкпайм. Качып кете беришет экен.
  • Орус, түрк, англис тилдерин семичкедей чагам.

– Санжар, кечээ чалганымда “эртең экзаменден кийин барайын” дедиң эле. Ийгиликтүү тапшырып алдыңбы?
– Модуль деген неме башталып, бутум-бутума, тизем-тиземе тийбей чуркап жүргөн кезим. Жыйынтыгы жаман эмес.
– Жакшы. Анда маегибизди Санжардын мурунду жең менен сүртүп, чыбыкты ат кылып минген кездеринен баштабайлыбы...
– Атам аскер кызматкери болгондуктан, кичинекейимде көчмөн калк болдум окшойт. “Жаш бала менен кыйналасыңар” деп мени чоң энем алып калып, 5 жашыма чейин Алайдын Кызыл-Коргон айылында өстүм. «Нолевойду» Тажикстандан, 1-классты Алайдан бүтүп, 2-класстан баштап Оштогу математиканы тереңдетип окутуучу мектептен окуй баштагам. Биринчи күнү эле берилген маселени чыгара албай “нөл” алгам. Тамгаларды араң жазган бала болсом, ал тапшырманы кайдан аткармак элем? Бирок намыскөй жаным эртеси барып “5” алып, бат эле классташтарымды кууп жеттим. Сабактардан жакшы окуганым менен, “жүрүш-туруш” деген жерден “2” менен “3” бошочу эмес. Аябай тентек элем. Бир жолу мектептин терезесин сындырып, үйгө өңгүрөп ыйлап келгеним эсимден кетпейт. Ошондо апам атама айтпай 2500 сом төлөп кутулган. Ии, апам экөөбүздүн «кылмышыбыз» ачылып калды го... Атам бул окуяны азыркыга чейин билбейт болчу.
– Апаңа жакынсың го дейм.
– Азырбы? Ооба, сырларымды апам менен бөлүшөм. Бирок кичинекейимде атама жакын болчумун. Анткени тентек кылсак, бизди атам эмес, апам жазалачу. Мактангандай болбоюн, 22ге чыктым, ушул кезге чейин атамдын сөгүнгөнүн, бизге кол көтөргөнүн көргөн жокмун. Аскердик шаарчада турчубуз. Үйдүн артында самолёт боло турган. Ошого барыш үчүн да апамдан суранчумун. Балдар “ушул үчүн да суранасыңбы?” деп шылдыңдап калышар эле.
– Сени кайсы бир ырчынын баласы дешет...
– Ооба, апам Нарынкүл Бекмуратова ырчы, тамашакөй адам. Учурунда “Кыз-Буракта” ырдачу экен. Атам ырдатпай коюптур. Чындыгында, атам аскер кызматкери болгондуктанбы, ырчыларды анча жактыра бербейт. Бирок тамашаны жакшы эле ыргытат. Төрт иним бар. Улуусу «банк кызматкери болом» деп тытынып окуп жатат. Кийинки экөөсү мектеп окуучулары. Биринин башы кыйын иштейт, бири балбан. Кичүү иним 3 жашта. Барган сайын ага оюнчук ала барууну унутпайм.
– Үйдө жалаң эркектер болсо, үй-тири­чилигине жакшы эле бышыптырсың да.
– Ооба, апамдын оң колу болчумун. Кир жууп, камыр жууруп, үй жыйнамай, бала бакмайдын баары менден калган. 3-классымда болсо керек, апам 5 айлык инимди таштап, базарга кеткен. Бир убакта таятам конокко келип калды. Чай бериш керек да. Үч картошканы аарчып, майды кызытпай, актабай эле салып коюптурмун. Аным катуу, капкара болуп бышты. Уялбай укроп менен кооздоп дасторконго койгом. Таятам күлүп-күлүп жеп алган.
– Алайлык жигит кандайча борборго келип калды экен?
– 7-класста Оштогу Кыргыз-Түрк Себат лицейине өтүп кеттим. Ата-энем биздин окуубузга аябай көңүл бурушат. Ал кезде 350 доллар чоң акча болчу. Ошого карабай окутушкан. Жакшы окуп, компьютер боюнча Кыргызстандын атынан Хорватия, Румыния, Түркия мамлекеттеринде өткөн олимпиадаларга катыштым. Бирок ийгиликке жетишкен жокмун. 11-класста Хорватияга олимпиадага барганымдан кийин Москва техникалык окуу жайынан чакыруу кагазы келген. Бирок мен Ататүрк Ала-Тоо университетин тандап алып, Бишкекте окуп калдым. Дал ушул окуу жайдан “Достук” командасын түзүп, “Тамашоудо” ойной баштадык. Команданын аты айтып тургандай, баарыбыз доспуз. Командадагы балдар ар кайсы аймактан. Мисалы, мен Алайдан, Айбек Таластан, Улан Нарындан, Нурсултан Чүйдөн.
– Командаң чемпиондукка ат салышканы турат. Башка командалар «чемпион болсок, долбоордон кетебиз» деп калышчу эле.
– Ооба, бул жылы биз чемпион болууга аракеттенип жатабыз. Эгер чемпион болсок, эмдиги жылы “Достук” “Тамашоудо” ойнобойт. Себеби топтогу Улан Америкага кеткени жатат. Айбек болсо «футболго баш-отум менен кетем» дейт. Нурсултан болсо университеттин президенти болгондуктан, убактысы тар. А мен чоң иш баштасамбы деген оюм бар. Ойносок да “Тамашоу-Файтка” чыгабыз го дейм.
– Башка командалар сен тарапка көбүнчө “киргиз”, “лысый” деп таш ыргытышат. Сурайын дегеним, канча тоннага чейин тамашаны көтөрө аласың?
– Тамашаны канча болсо да көтөрөм. Бирөө айткан экен “бир тамаша эки жолу кайталанбайт. Эки жолу кайталанса, анда шылдың болуп саналат” деп. Эң негизгиси, ата-энеме, үй-бүлөмө тийишпесе болду.
– Өткөн оюнда «Чемпион болуу үчүн эмнеге даярсыңар?» деген суроого «Эробекетке сүрөткө түшүүгө» деп жооп бердиң. Чын элеби?
– Бул эми абалдан чыгуу үчүн айтылган жооп болчу. Антип түшсөм, кыздардан качып кутула албай калам го, ха-ха... Жок, түшмөк эмесмин.
– “Санжар тың, акча табуунун жолдорун жакшы билет” дешет...
– Ооба, кээде тамадалык кылып, гезит-журналдардын, сайттардын жасалгасын жасап акча таап калам. Чынын айтсам, кара жумуш иштеп акча тапкан эмесмин. Алгачкы маянам деп олимпиададан 1-орунду ээлегенде алган энчимди айта алам. Бирок эмнеге жумшаганым эсимде жок.
– «Түштүк жигиттери ашканада мыкты» деп коюшат. Тамактарды түрлөп жасасаң керек?
– Бардык эле тамактарды жасай алам. Бирок бирөөлөр келгенде эле... Өзүм болсом, «Алькони» же гамбургерге ыраазы болуп жүрө берем.
– Санжар, кыздар темасына кайрылбасак таарынып калышат го. Биздин гезиттеги “Бойдоктор бурчуна” чыкканыңда сүйлөшкөн кызың бурчка такаптыр дешет. Ушул чынбы?
– Ха-ха-ха... Бурчка такаптырбы?! Негизи, мен ал рубриканы “кыз кыялындагы мырзалар” деп түшүнүп алыпмын. Көрсө, ал жерде «кыздар, чапкыла!» деген сөз бар турбайбы.Таарынды, анан «шоу-бизнесте ар кандай нерсе боло берет» деп түшүндүрдүм.
– Кайсы жердин күйөө баласы болгону турасың?
– Наристе токтогулдук. 2 жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Анын адамгерчилиги, ар бир нерсени туура кабыл алгандыгы, түшүнүктүүлүгү жагат. Бири-бирибизди ата-энелерибиз менен тааныштырганбыз, байланышып турабыз.
– Анан качан бойдокчулук менен коштошкону турасың? Же «Алькони» жеп жүрө бересиңби?
– Азырынча эрте го. Кукси жей турайынчы... Чоң атам эрте эле каза болуп калган. Атам бир үйдүн улуусу болгондуктан, баарын окутуп, үйлөнтүп-жайлантып, аягында өзүбүзгө там салган. Ушунун баарын көрүп-билип туруп, атамдын ийинине отуруп алганым уят го. Үй-бүлөнү бардык жактан камсыз кылып багыш керек дегендей. Ошондуктан окуумду аяктап, бутума туруп, анан үйлөнсөмбү деген оюм бар.
– Кызыктуу маегиңе рахмат!


Жылмайып коюңуз!

Санжар менен «Не дай бох!» командасындагы Владимир жолугуп калышат. Владимир:
– Ай-ий, Санжар, чекеңдеги чачың түшүп лысый боло баштагансыңбы?! Эмнеге Кудай сенден чачын аяп жатат?
– Ал сеникиндей сары чач сунуш кылды эле, мен албай койдум...

Дамира Арстанова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Санжар Мыкыев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aminali
2011-04-08 20:55:06
Сүйлөшкөн кызынын аты жакты,жакшы үй бүлөөсү бар экен бакыт каалайм.
0
operaledi
2011-04-08 23:08:45
Мага дагы суйлошкон кызынын аты жакты, кыздуу болсом Наристе деп коем, жолдошум албетте макул болсо...
-1
jua
2011-04-09 11:30:36
создоруно караганда маанилуу суйлоптур молодец ийгилик жана дагы ийгилик
0
Tokmok
2011-04-09 15:19:16
:):))))))))) Kartoshka kuurugany abdan jakdy, molodez iyigilik koshtoi bersin!!!
-1
Wonderfullgirl
2011-04-09 19:38:45
Азамат озу "Достук" командасы жагат да.
0
cosmopolit
2011-04-10 00:37:14
Азамат... кыйын Жигит... ар дайым алга!!! суроо берген кыз жаккан жок...
0
APeace
2011-04-10 03:13:52
Azamat azamatsin!!!Alban alban iygilikterdi kaalaym.
0
gulzarali
2011-04-10 22:21:13
Санжар Наристе экоонор окшошуп кетет экенсинер!Бактылуу болгула!Наристе наристедей назик сулуу кыз экен,жигитти ушинтип башынан катуу кармаш керек азамат!
0
MIRDJAMELL
2011-04-11 23:16:47
gulzarali: Мдааа суйлошкон кызына куюп койгондой окшош турбайбы???Мынчалык окшош пара коргон эмесмин эч качан...Тим эле экоонун окшоштугун хахахахаха...айиии
0
Expert
2011-04-13 12:42:30
Kyzy chon korunot eken ayabay, kochodon korsom 25ten jogoru dep oylomokmun.
0
Akulina
2011-04-14 13:44:06
оооооо Санжар байке биздин күйөө бала боло турат турбайбы?!!! Мен да Токтогулдукмун... "Достук" Алга!!!
0
№ 440, 8-14-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан