(Башы өткөн сандарыбызда)
– Күн алыс ушинтип ылжып жата беришет. Аракты укмуш ичишет. Мындай үй-бүлөлөр көп айылда. Балдары чоңоё берет. Станцияда байкасаң, көп эркектердин колу же буту жок. Суукта мас болуп уктап калып тоңдуруп алышып, доктурлар кесип салышкан.
Элмырза акеси ушинтип түшүндүрүп койду.
Экөө кобураша паспорт столго жетип келишти. Баары эле “жаңы немелер келиптир да” дегенсип карашат. Элмырза Кыргызстандан ала келген коньякты ал жерде иштеген аялдарга алып кирип, жумуштарды бат эле бүтүрүп чыкты. Экөө эми базарга келишти. Ал жердеги соода кылган кыргыздар менен саламдашып чыгышты. Кызыгы, кыргызстандык товарларды көбүнчө орустар алат экен. Үйдү көздөй бара жатышып Ширинбек:
– Элка аке, кыргыздын баарынын эле аялдары орустан го?
– Эмне, орустар адам эмеспи? Аларга үйлөнүш оңой, шаан-шөкөтү жок. Иштен үйгө келсең тамак даяр, кийимдериң таза. Бул жактан акча чогултуп барып, анан айылдагы кыздарга үйлөнүп ала берет да. Орус кыздарга кыргыз балдар жагат. Көп ичишпейт.
– Апе-ей, ошондой да болобу? Сиздин орус аялыңыз жокпу?
– Мурда бар болчу. Айылга барып келсем, Тюмень шаарына кетип калыптыр. Ал жакта бирөө менен жашап жатат деп уккам. Кийин келиптир, бир кыз көтөрүп алып. “Сенин кызың” дейт. Карап көрсөм, мага эч жери окшошпойт экен. “Алдаба!” деп жолго салгам,- деп каткырып күлүп алды.
– Жашооңор бир укмуш го...
– Сага да бир орус кыз таап берейин, үйлөнүп аласыңбы?
– Жок ай! Кереги жок.
Чочуп кетти Ширинбек. Заматта Бермети эсине келе түштү. “Бул жактан эч кимге үйлөнбөйм” деп өзүнчө ишеничтүү сүйлөнүп алды ичинен.
Үйгө жетип келген соң Элмырза:
– Сен жатып эс ала бер. Мен пилорамага (карагай устундарын такталарга кырккан жай) барып Ахмедге жолугуп келейин. Эртең ишке чыгып калабыз, буюрса,- деп сыртка чыгып кетти.
Үйгө кирип ордуна жата кетти. Жатса-турса да көчөдөгү, короо боюндагы отундар оюнан эч кетпей койду. Отундун ушунчалык кенендигине таң калып, алтургай ичи да тарып кетти. “Биз жакта курулушка колдоно турган жыгачты, булар отко жагат экен, чиркин. Бул отундар Кыргызстанда болсо, эл жыргап калбайт беле”. Аңгыча күндүз эле таанышкан, орус аялы бар Данияр аттуу бала кирип келди. Колунда эки баштыгы бар. Биринде толо пиво, биринде толтура тоок эти.
– Үйдө эч ким жокпу? Силердин келишиңер менен тоок этинен куурдак жасап берейин деп келдим. Суу дагы калбаптыр го, жүрү, сууга барып келели.
40 литрдик фляганы көтөрүп сыртка чыгышты. Дөңгөлөктөрү шалактап калган арабага салышты да, кудукту көздөй жөнөштү. Үстү жыгач менен жабылган, тереңдиги 15 метрдей кудук экен.
– Мындай кудуктарды эски кинолордон гана көргөм,- деп күлүп койду Ширинбек.
Фляганы толтуруп үйгө келишип, казан толтура эт куура башташты. Кеч кире баштаганда ызылдап чиркейлер талаганынан, анын ары-бери чапкыланып жатканын көрүп:
– Оо, бул башталышы. Өмүр бою эсиңде калат го булар. Жамгырда деле жүрө беришет,- деп күлүп калды Данияр.
– Эми эле айламды кетиришти. Бир-экиден келбей, кытайдын кыргынындай болуп алып чагышат экен да.
– Күйүп жаткан отундан чыгарып түтөткү кылсаң. Үйдүн ичинде да дүкөндөн келген түтөткүлөр бар.
Тамак бышкан соң үйгө качып киришти. Көп өтпөй Султан, Нурбек жана Самат деген жигиттер кирип келишти. Алар Тюменге барып келишиптир. Кыргызстанга акча жөнөтүп, базарлык кылып келишкенин айтышты. Самат бир аз ичип алганданбы, сүйлөгөн сөздөрү да башкача. Ширинбекти карап:
– Кандай анан? Жактыбы бул жер? Сибирге келдиң сен. Токтогул атабыз ушул жак менен качкан да Кыргызстанга. Илгери ата-бабаларыбыз бул жерлерди жердеген. Сен тарыхый мекениңе келдиң. Тюмендин кыргызчасы Төмөн, Сибирдики болсо Шибер да. Орустар кийин эле которуп алышкан.
– Ленин дагы кыргыз болгон дебейсиңби?- деп Султан сөзгө кошулду.
– Ооба да. Анын да ата-теги кыпкыргыз.
– Келгиле, тамакка карагыла.
Данияр балдарды столго чакырды.
– Айтмакчы, мен жаңы телефон алдым. Мурункумду сен көтөрө бер,- деп Самат эски телефонун сунду.
Ширинбек өмүрүндө биринчи уюлдук телефондуу болгонуна жетине албай турду.
– Рахмат!- деген ал калган сүйүнүчүн, ыраазычылыгын ичинде калтырды. Айтарга сөз да таба албады. Самат анын сүйүнүчүн байкап:
– Эртең номер салып аласың.
Баары тамакка отурганда Элмырза кирип келди.
– Оо, жакшы адаммын десем, ишенбейсиңер. Тамак үстүнөн чыктымбы, ыя?!
– Эй, сен экинчи партияга келдиң. Жеп бүткөнбүз биринчисин. Бизди жамандап кайда жүрдүң?
Данияр тамашалап калды.
– Иштерди бүтүрүп жүрөм да. Азыр бир сааттан кийин ишке чыгабыз. Ширинбек, даярдан.
– Ахмед силерди эле күтүп турган го.
– Ооба да. Тиги орустардын сменасын алып берди бизге.
– Байкуш Ширинбек, кантип көнүп кетер экен эми?..
– Бул айылдын баласы. Жакында силерден жакшы иштеп калат.
Тамашалашып отуруп тамактанышты. Ширинбекке эски, бүт жагы карагайдын ширесине толгон шымды, бутуна да эски кеданы кийгизишти. 5 мүнөткө жетпей пилорамага жетип келишти. Айлананын баары карагайга толгон. Тегерек бүт саман. Бир орус киши ары-бери басып жүрөт. Ал кароолчу Володя экен. Самат, Нурбек, Султан болушуп дароо иштей башташты. Зуулдап карагай кырккан машина ишке киришти. Элмырза экөө алар иштей турган пилорамага келишсе, Дима күтүп отуруптур. Аны көрүп эле Ширинбек:
– Дима десеңер, мен орус экен деп ойлоптурмун,- деди таң кала.
– Кайдагы орусту айтасың да. Орустар биз менен иштеше алмак беле. Өзбек бул. Чын аты – Дилшот, ташкенттик. Балдар үйүндө чоңойгон томолой жетим бала. Биз жактык өзбектер менен тил табыша албайт. Кыргыздар менен иштейт дайыма. Кыргызча таза сүйлөйт. Мунун да аялы орус,- деп жылмайып койду.
– Бул жердин кожоюну мени көрбөй эле ишке алдыбы? Документтерди деле текшербейби?
– Ой сен, оой! Бул жердеги кыргыздардын кадырын билбейсиң да. Ахмедди ушул даражага жеткирген кыргыздар. Пилорама жаңы иштей баштаганда орустар иштечү экен. Алар кара жумушка алсыз да. Бир сменде аябай көп устун кыркты дегенде 4 куб кыркышчу тура. Болбосо 2-3 кубга ыраазы. Анан кыргыз балдар келип иштей баштаган. Орустар 12 саатта кырккан 3-4 кубду алар 2 саатта кыркышат. Жанагы Даниярдын бригадасы бир сменде 27 куб кырккан. Азырынча ошол рекорд Тугулым боюнча. Анча эч ким кырка элек. 27 куб дегенди укканда орустар эмес, башка улуттагылар да акылынан адашып кала жаздаган. Ошондон кийин кыргыздарды сыйлашат. Алар келсе, сурабай эле ишке ала берет. Өзү да “мени ушул абалга жеткизген кыргыздар” деп айтып жүрөт. Документтин кереги жок. Райондогу милиция, прокуратурага чейин колго алып койгон. Болду эми, ишке киришели. Калганын эртең айтып берем. Эч ойлонбой иштей бер.
Залкарбек Карабалаев
(Уландысы кийинки саныбызда)