АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Ошон үчүн айтышат да, “ишим оңолсун десең, биринчи сөзүң менен оюңду оңдо” деп.
– Койчу, Айдай, алтышка, мен андайларга ишенбей калганым качан? Ошонуң чын болсо, эмнеге экөөбүз бириге алган жокпуз? Же эмне, сен “Арстандан башка бирөөгө турмушка чыксам” деп кыялданып, сүйлөдүң беле?
– Менин жөнүм башка. Аны айта бергенден пайда жок.
– Анда эмнеден пайда бар?
– Көздү чоң ач деп жатам, сага. Кечке эле бир кыз деп, ошону ойлоп, ошону Кудай тутуп жүрө бербе, өзүңдүн теңиңди тап деп жатам.
– А мен өзүмө теңди бир гана жолу жолуктургам. Ошону берилип сүйгөм, андан айрылып калгам. Андан бери мени кызыктыра алган аялзатын жолуктура элекмин. Мага караганда менин сүйгөнүм жолдуу экен, биринчи эле попыткадан өзүнүн теңин таап кетти. Оңой эле менин ордумду алмаштырып кетти.
– Арстан, жаным, алтыным, сени түшүнөм. Сенин алдыңда чоң күнөөм бар, аны моюнга алам. Өмүр бою кечирилбес күнөө экенин да билем. Бирок ишен, мен ошондой жолду тандоого мажбур болгом. Сага айтпаганга да аргасыз элем. Сенин минтип эртеңкиден үмүтү жок жашап жатканыңды көрсөм, жүрөгүм эзилип кетет. Болду, сүйүүгө туруктуулугуңду эки эмес, он эселеп көрсөттүң, эми унут. Унута албасаң да, жаңыча жашоого аракет кылып көр.
– Кана, ошо колумдан келсе. Бир күнү ойгонсом эле сен, сенин элесиң, алдагы көздөрүң, жытың, күлгөнүң, эриндериң баары эсимден жуулуп кетсе. Жок, андай болбойт экен. Сени унутам деп үйдөн безип, алыста жашап да көрдүм, болбоду. Жанында, башка бирөөнүн аялы экенин өз көзүм менен көрүп-билип турсам көңүлүм калар деп ойлогом, ал да болбоду. Көңүлүм суумак тургай, кызганычтан өзөгүм өрттөнүп кетчү. Эми кандай айла кыларды билбейм. Же эркектер менен мамиле куруп көрсөмбү?
– Арстан?!
– Тамаша, алтын кыз, тамаша. Экөөбүз талашып-тартышып муну чече албайбыз. Муну тагдыр деп коёт. Көкүрөгүмдөн Айдай деген нерсени жулуп таштай албай калдым көрүнөт. Сени унуттурар аялзаты табыларына көзүм деле жетпей калды. Чын айтам, аябай жардамга муктаж бир бечара аялдын үйүнө кирип алып, ошого жардам берип жашай берет окшойм. Мени сүй деп талап кылбаган, жүрөгүмдү эзип, өткөн-кеткенди сурай бербеген аял керек мага.
– АКШга ошол максатта барата­сыңбы?
– АКШ – эркин өлкө. Бул жакка караганда бир топ эркин.
– Жок, сенин минтип өлүү менен тирүүнүн ортосунда калышыңа жол бере албайм. Анда Элдардан кетем, сени менен кошо кетем.
– Балаңчы?
– Аны Элдар мага бербейт. Кийин чоңоюп, акыл-эси киргенде мени кечирер. Болбосо өмүр бою жек көрүп өтөр. Бирок сенин минтип мусапыр болуп кетишиңе макул боло албайм.
– Ай тентек кыз ай, тентек кыз. Кучагыңда жаткан адамыңдын ким экенин эмгиче билбейсиң, ээ? Кетем десең Элдар сени “макул, жакшы бар, бактылуу жашагыла” деп тирүү коё берет дейсиңби? Эсиңде болсун, эркек киши аялынын мындай жоругун эч качан, угуп жатасыңбы, эч качан кечирбейт. Экөөбүздүн көзүбүздү бир түндө тазалатып, изибизди кырдырып салар.
– Элдар андай кылбайт. Башкаларга кылса кылар, мага эмес.
– Жаңылышасың. Ооба, ал сени сүйөт. Катуу сүйөт. Ошол сүйүүсү көз алдында башка менен жетелешип кетчү болсо, кызганычтан өзүн токтото албай калат. Мен сени ичимден менчиктеп жүрөм. А Элдар болсо алда качан сени өзүнө энчилеп бүткөн. Эркектер, сыртынан кандай көрүнбөсүн, баары өзүнүн менчигине келгенде бирдей. Башка менен бөлүшкүсү келбейт.
Элдардын “мен да кызганам, кызганганда да кандай, жакшысы, сен аны көрбөй эле кой” дегени эсиме түшүп, ичиркенип кеттим. Ошол сөздү укканда да жон терим жымырап кеткен болчу.
Кайрадан супсак күндөр. Бүткүл ой-туюмумду ээлеген адам тууралуу азыр ойлобогонго аракет кылып, балама, жумушума алаксып жүрөм. Телевидение дегенди мындай элестеткен эмесмин. Экрандан баары сулуу, адамгерчиликтүү, боорукер. Чыныгы турмушта токсон пайызы таптакыр башка адамдар экен. “Тиги тиги менен жүрүп жатат, ошон үчүн баланча программага алып баруучу кылып койду. Мунун крышасы тиги, тигинин крышасы бул. Баланча айым бүгүн мындай жасалга тагынып келди, тиги айым болсо эртең менен баланчанын машинасынан түштү...” Ишенесиздерби, кээде таң калып кетем, күнү-түнү тыным албай иштеп жүрүп, ушакташууга кайдан күч табышат деп. Мени алгач сын көз менен коомай кабыл алышты. “Атактуу Элдардын аялы...” Көпчүлүгү артымдан айтып, демди ичке ала узатып тиктеп калышса, айрым кыйындары көзүмчө эле айтып, “байдын эрке-талтаң аялы эсиргенинен келди” дегенчелик кылып жатышты. Табиятымдан ушак айтып да, ушакчыларга маани берип да көрбөгөнүм жакшы экен, бул абал мени кыйнаган жок. Эч бирине көңүл бөлбөй, өз арбайымды согуп жүрө бердим. Бирок Элдар менен уулумдун кубанычында чек жок. Элдар ар бир жаңылыктар блогун карап, жаңылган учурларымды кадимкидей белгилеп алып, каталар менен иштөөгө жардам берип жүрдү. Атүгүл макияж жасагандарга купулу толбой отуруп, акыры, бир мыкты визажист жалдап берип тынды. Баарына макул болсом да, ушунусуна аябай каршы болдум.
– Кереги жок, телеканал менен иштешкен визажисттер өз ишин жакшы эле билишет. Анын үстүнө мен өзүмдү андай деле өңү суук деп сезбеймин. Анча-мынча макияж болсо жетиштүү.
– Сендеги сулуулук адамзатында чанда кездешет. А тиги эптемей боёгучтар өздөрү көнгөн эле стилге салып, сулуулугуңду бузуп жатышат. Ошон үчүн атайы визажист жалдап берем.
– Түшүнсөңчү, ансыз деле уюлгуган ушакчылардын арасында жүрөм. Эгер бир өзүмө антип шоопур, стилист, визажист жалдасаң, балээге калам. Алардын ушагына ансыз деле кулагымдын кужуру кайнап жүрөт.
– Жаны, сен аларга маани бербе. Менин Айдайымдын деңгээлин башкалардан мыкты билем. Сен ушакчыларга убакыт бөлүп отурбай, жакшысы, стилист-визажист издештире бер, акчасын мен өзүм макулдашам. Ии, баса, кийинки жума күнү Италияга учабыз.
– Неге?
– Миланга барып көрө элексиң, ээ? Мага ишенип кой, сага аябай жагат. Искен да азыртадан эл көрсүн, жер көрсүн. Андан пайдаланып сени кийинтип келебиз. Тележылдызга Миландын дүкөндөрүнөн кийинүүдөн өтөр кайф болбосо керек?
– Мен эч кандай тележылдыз эмесмин. Болгону, жаңылыктарды алып баруучумун. Эгер жанагы “жылдыз” дегендерге айланат десең, жаңылышасың. Андай болбойм.
– Менин акылдуум.
Ошентип, макул болуп бердим. Түшүнөм, Элдарга мени эркелеткен, бардык шартты түзүп берген өзгөчө ырахат тартуулайт. Ооба, эркелик кимге жакпасын, мага деле ханышадай жашаган жагат. Бирок ичи тар, көрө албас адамдар көп. Биздин жылуу уябыз, үй-бүлөбүз ошолордун эрмегине айланбаса экен деп тилейм.
Арстандан кабар албаска аракет кылып тиштенип жүрүп, беш ай чыдап салыптырмын. Кыйын экенсиң, Айдай, деп койдум. Элдар экөө кабарлашып, жаңылыктарын айтып турушат. Мен атайы көңүл бөлбөй, ал тууралуу сөз башталганда “тынч болсо болду” деген кеп менен токтойм. Кепти дароо башкага буруп жиберем. Элдар муну байкаса да, “не болуп жатасың?” деп ачык сурабайт. Ошонусу мага да ыңгайлуу. Телеканалдагы иштерим жакшы, кадимкидей көнүп, өзүмө ишенимдүү болуп калдым. Анча-мынчасы менен ымала түзүп, кечелерге чогуу барчу болдум.
Менде бир табышмактуу күйөрман пайда болду. Бир күнү жаңылыктардын түнкү блогун жаңы гана бүтүрүп, оператор, режиссёр үчөөбүз бир чыныдан чай ичип отуруп калганбыз. Бир кучак ромашка гүлүн көтөргөн курьер келип калды, мени издеп...

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
Kylym
2011-04-15 20:37:44
Коп коптон эле жазгылачы кызыгына жеткенде эле бутуп калат да.Уландысын кутобуз.
0
zana
2011-04-15 23:21:16
Emne emi tigi kujotmany chyga kaldy orto joldon?
0
4andi
2011-04-16 15:05:35
Кобуроок эле жазгылачы. Кызыгына келгенде бутуруп койбой.
0
aku
2011-04-16 16:39:57
soz jok,timele ashyrtyp
0
Tokmok
2011-04-16 20:35:43
oi mama bashyn unutup kaldym, koburook jazylsa jakshy bolmok ele, bashynan ele kakshap keltabys
:( echnerse jokko....
0
operaledi
2011-04-17 11:17:36
"Бирок ичи тар, көрө албас адамдар көп. Биздин жылуу уябыз, үй-бүлөбүз ошолордун эрмегине айланбаса экен деп тилейм" деп коюп Арстан менен даже баласын таштап кеткиси келгени кандай? Аягы кандай болот болду экен, кызык болду го....
0
veneraaalieva
2011-04-18 11:19:34
Ох,качан Айдайды окуп бутот экенбиз, дагы кандай кызыктуу окуялар ботот экен . Рахмат Жазгул Калиевага оркунун осун! Окурмандарга мындан дагы кызыктуу чыгарма жаратышына тилектешмин.
0
Elmira
2011-04-18 12:25:34
Озу бул Айдай не решительный кыз экен да,отконку санда баламдан айрыла албайм ,Арстанды унутуш керек деген ,эми Арстанга,баламы таштап кетем деп жатат.Муну кандай тушунсо болот ыя?
0
Tosha
2011-04-19 14:35:19
китебин кайдан алса болот? тажап кеттим 1 жумада бир окуп атып.
0
yalida-82
2011-04-19 19:39:52
эми ортодон бироо чыкты, ал да болсо жон болбосо керек,эми аны Арстанга окшотурдум деп суйуп калып балээ болбосо болду
0
Jazgulya
2011-04-20 14:48:48
ka4an butoooooooot??? kopton ele jaza bergile4i,surany4.
0
zare
2011-04-22 03:52:31
уландысы бар. рррррииииизззззииииикккккааааа////
0
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан