БӨЙРӨК ЭМНЕ ҮЧҮН ООРУЙТ?

Адамда эки бөйрөк бар. Мына ушул орган эмне менен азыктанат жана аны эмнелер ооруга туш кылат?

Суюктук. Бөйрөктүн калыптагыдай иштеши үчүн күнүгө 1,5-2 литр суюктук ичүү керек. Мүмкүн болушунча ашкана суусу болсо жакшы. Сүт, чай, компот ичүү да болот. Булар организмдеги ашыкча суюктукту чыгарып, бөйрөктө таштын пайда болуусунун алдын алат.
Кофе, таттуу жана газдалган суюктуктар бөйрөктү дүүлүктүрөт. Көп ичилген минералдык суу таштын пайда болушуна жеткирет.
Сыра бөйрөктүн клеткаларын бузат, ал эми дамамат сыра ичүүдөн бөйрөк оорулары жаралат.

Спорт
Бөйрөк кыймылды сүйөт. Бөйрөктөгү таштар үй-жумуш-үй боло бергенден келип чыгат. Анткени кыймыл аз болгон кезде зат алмашуу жай жүрөт да, организмдеги туз аз бөлүнүп чыгат. Чыкпай калган туз бөйрөктө чогулуп, таштын жаралышын шарттайт.
Бий, сейилдөө, үйдө иштөө бул – органдын жакшы иштөөсүнө өбөлгө.

Табарсыкты убагында бошотуу
Табарсык толгондо чыдамдуулукту көрсөтүү жакшы натыйжа бербейт. Анткени туруп калган заарада микробдор көбөйүп, ал микробдор табарсыкты сезгентет. Андан тышкары заара каналдары аркылуу жылып, бөйрөктү сезгентип, оору жаратат.
Урук чыктагыч бездин оорусунан жабыркагандарда заара убагында чыкпайт да, таштын жаралуусун шарттайт. Андыктан мындай оорусу барлар врачка кайрылып, дарыланып, көзөмөлдө болуулары кажет.

Тамак-аш
Бөйрөк аркылуу организмдеги уулуу заттар, туз бөлүнүп чыгат. Андыктан бөйрөк заара кубалоочу азыктарды сүйөт. Мисалы, ашкабак, дарбыз, коон, алма, капуста, түрп, таттуу болгар калемпири, чычырканак.
Жаман көрөт: сыр, быштак, эт, шоколад, алма уксусу, ат кулакты.
Ошондой эле дарыларды кабыл алганда да бөйрөккө зыян келтиребиз. Андыктан ашыкча дары (жана да өз алдынча) ичпөө зарыл.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
baby
2011-04-18 20:48:59
шакый оорусу жонундо маалымат берип койсонуздар ,рахмат.
0
Debi
2011-04-20 15:59:28
рахмат мыкты маалыматчылар
0
gulnura88
2011-04-20 19:54:14
4oon rahmat negizi ele super info gezitinin 4ikkany jakwy boldu,kop kyzyktuu nerselerdi uwul jaktan alabyz jana kyzyktu
0
solnyshko
2011-04-20 22:09:25
Менин да бойрогум ооруйт,кофесиз жашай албайм,Супер Инфо аркылуу коп нерсени билип алдым,рахмат сиздерге,денсоолук жонундо коп маалыматтырды жазып турсанар.Особенно про зрение
0
dina
2011-04-23 11:46:47
ммм мен шоколад жакшы корчумда, эми жебейм, маалыматынарга рахмат!
0
King
2011-04-24 19:13:19
Суу ичиш керек экен да коп.
0
nestan
2011-05-10 19:18:50
Бул жашоо бардыгы зыян! Баардыгын билип алсан, эч нерсе жебей ичпей, баспай, уктабай да каласын!
-1
aidor
2011-06-13 12:54:02
рахмат супер инфо сиздерге
0
rusys
2011-07-13 09:36:56
Супер инфо озу супер гезит
мага да аябай жагат.
0
solomon3dark
2011-07-24 20:18:20
Рахмат баарынарга! Сиздерден суранам,,, Мени бир олуттуу суроо кыйнап келет! Сексуалдуу жактан алсыз болуп жатам, сураныч кенештер болсо жазыныздарчы! E mail. Solomon3@list.ru кутом! Рахмат алдын ала!
+1
bakiev_kurmanbek
2011-10-16 05:55:06
Жакшы экен,эми мен бат баттан сийип турам.
0
Oimo
2012-03-10 22:02:38
Супер инфо силерге абдан абдан ыраазычылыгымды билдирем.силердин бул берип жаткан маалыматтын элдин баары окуса кана.Кыргыз элимдин омуру бир азга болсо да жашармак.
0
2012-04-12 00:11:03
рахмат!Супер-Инфо.
0
kesha1
2012-05-08 22:06:51
рахмат,баардык нерсе оз чеги менен болсо баарысы жакшы,
+1
anarbek8993
2014-08-06 20:58:04
Рахмат кенештериниздерге
0
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан