ИТ УРУШТУРУУ – КАТААЛ СПОРТ

“Ит – адамдын досу” деген макал жөн жеринен чыккан эмес чыгар. Тээ атам замандан бери эле иттер адамдар менен чогуу эриш-аркак жашап келишет. Алардын арасында мал багышканы да, аңчылыкта жардам бергендери да бар. Биз төмөндө урушка чыгып жүргөн иттер жөнүндө кеп кылмакчыбыз.

ТАРЫХЫ
Иттерди спортто пайдаланууну сөз кылууда Байыркы Римдин амфитеатрларындагы ит уруштарды айта кетпесек болбос. Ал убакта арстан, жолборс сыяктуу жырткыч жаныбарлар менен уруштурушкан да, көпчүлүгүндө иттер жеңип чыгышкан. Көбүнчө гладиатор катары салмагы 80 килограммга чейин жеткен молосс породасындагы иттер колдонулган. Бул кандуу спорт бир гана Римде эле эмес, Байыркы Ассирия, Вавилон сыяктуу өлкөлөрдө да гүлдөп-өнүгүп келген. Англияда кандуу спорттун мындай түрлөрү бардык эле кылымдарда популярдуу болуп, бирок 19-кылымдын баш чендеринде каардуу көңүл ачууларга тыюу салына баштаган. Натыйжада 19-кылымдын ортолорунда кандуу оюндардан жалгыз гана иттердин урушу калган. Ал убакта иттерди “Пит” аталган аренага коё беришкен да, аягында бутуна тура алган (же тирүү калган) акыркы ит жеңүүчү аталган. Англияда көбүнчө пугнасес породасындагы күчтүү иттерди өстүрүшкөн. Учурда кеңири жайылган бульдог болсо бука менен уруштуруу үчүн чыгарылган порода болуп эсептелинет. Анын мурду жалпак келип, буканын тамагынан тиштегенде да жеңил дем ала алган.

ЖАКШЫ УРУШКАН ИТТЕР
Жакшы уруша алуучу иттердин породалары көп. Бүгүнкү күндө эң мыктылары делип питбультерьер, стаффордширтерьер жана түркмөн бөрүбасары (алабай) эсептелет. Питбультерьер жана стаффордширтерьер бизге ит уруштары көп өткөрүлүүчү Түштүк Америка өлкөлөрүнөн жана Мексикадан келген. Ал эми алабай болсо мурунку СССРдин аймагында гана белгилүү. Жакшы урушуучу иттерге кавказ овчаркасы да кирет, бирок алардын шаар шартында эмес, тоодо багылгандары. Тоодо багылган кавказ овчаркасы алабайга окшош келип, жүнү да кыска болот.

КАНТИП МАШЫКТЫРАТ?
Атайын мушташ үчүн багылган иттердин жашоосу дайыма машыгуу менен өтөт. Аны туулгандан баштап эле башка иттерге эрегиштирип, кайраштырып багышат да, күнүнө бир нече саат бою чуркоого мажбурлашат. Анын татыктуу өлтүргүч болуп тарбияланышы үчүн башка көптөгөн жаныбарлардын о дүйнөгө кетишине туура келет. Мышыктын же башка жаныбарлардын артынан кубалаттырып, машыгуунун аягында ал жаныбарды тыткылап өлтүрүүгө салып беришет. Кээде куйруктуу гладиаторлордун тиштери дагы да курч болуш үчүн курчутуп, атаандашы тиштеп албаш үчүн кулагын кесип салышат. Урушка түшүүчү иттердин ээлери кантип көбөйтүүнүн, багуунун жана машыктыруунун жолдорунун орчундууларын сыр кылып келишет. Алгачкы күрөшүн ит жаш кезинде өткөрөт да, ал 5-10 мүнөттөн ашпайт. Мында жаш гладиатордун мүмкүнчүлүгү сыналып, натыйжада канчалык келечектүү экени билинет.

ЭРЕЖЕЛЕРИ
Иттерди уруштуруунун эрежелери өтө эле жөнөкөй, бирок ошол эрежелер кынтыксыз аткарылуусу кажет. Мушташтын алдында жүнүндө уу же айнектин сыныктары болуп калбасын деп алгач сүткө, анан сууга жуунтушат. Жуундуруп жатып ээлери иттерин алмаштырып көрүшөт. Эгер ит чоочун адамга же судьяга карап ыркыраса, анда ал мелдештен четтетилет. Ортодо иттер жекеме-жеке алышышат да, уруш аяктагыча ээси итине жакындабашы керек. Алсызыраагы жеңилгенин билдирип каңшылайт же куйругун кыпчыйт. Ошентип, жеңүүчү аныкталып, таймаш токтотулат. Эгер иттин бири рингден чыгып кетип, бирок куйругун кыпчыбаса, анда алар дем алгандан кийин экинчи раунд белгилениши да мүмкүн. Эрөөл жеңилген иттин өлүмү же куйругун кыпчып качышы менен аяктайт. Экинчи жолу да жеңилгенинин келечеги жок деп эсептелип, мындайлар көбүнчө жок кылынат.

ИТТЕРДИН СУМОСУ
Япондордо иттерди уруштурууда салт болуп калган сумо сымал да түрү бар. Мында ит каршылашын жыгылтуусу же рингге кысып салуусу керек. Атаандашын тиштеген же уруш учурунда үргөн ит мелдештен четтетилип, кийинки мелдештерге катыштырылбайт. Сумодой эле мында да иттерге наам берилип, көптөгөн мушташтарда жеңишке жетишкен эң күчтүү жана чыдамкай иттерге “чемпион”, “улуу чемпион” деген наамдар ыйгарылат.

Кинолог Бахрам Мамажанов төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Мен 40 жылдан бери ит багып, мушташтырып келем. Атам да иттерди үйрөтүп, уруштарга катыштыруучу. Мурда иттерди той-тамашаларда гана алыштырса, азыркы тапта атайын мелдештер өткөрүлүп турат. Ит уруштуруунун да өзүнчө кумары бар. Биз Казакстан, Орусия жана Өзбекстанда өткөрүлгөн мелдештерге барып турсак, алар биздеги мелдештерге катышып турушат. Мен жалаң алабай породасындагы иттерди багам. Азыр отузга жакын итим бар. Алардын көбү көргөзмөлөрдө, мелдештерде байгелүү орундарды алып келишүүдө. Жакында канчык карышкыр менен Чайыр аттуу дөбөтүмдү аргындаштырдым. Карышкыр 4 күчүк тууп, анын экөөсүн өзүм алып калдым. Кандай натыйжа берерин келечек көрсөтөт.
Кыргызстандын иттери чыдамкай болгондуктан, Казакстан, Орусия, Украина өлкөлөрүнөн келип сатып алып кетишет. Таза кандуу күчүктөр 200 доллардан жогору турат. Менин укканым боюнча, эң кымбатка бааланган алабай 60 миң долларга чыккан. Жакында эле Федя аттуу итимди 10 миң долларга сураганда бербей койдум.
Иттер салмагына жараша урушка түшүрүлөт. Жеңил салмактагылар болуп 52 килограммга чейин эсептелсе, 52 килограммдан 62 килограммга чейинкилер орто, ал эми андан ашкандар оор салмактагылар болуп эсептелинет.


Жылмайып коюңуз!

Короодо эс алып жүргөн бульдог балкондо турган пуделди көрүп калып ага айтып жатат:
– Кел, түшпөйсүңбү, чогуу ойнойбуз.
– Жок, түшө албайм, эшикти жаап кетишкен.
– А сен балкондон секирип түш да.
– Жок. Эмне менин тумшугум да сеникиндей болуп калсын дейсиңби?

Нурбек Абдыкадыров
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Репортаж - Ит уруштуруу - катаал спорт
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Heartbreaker
2011-04-15 22:43:12
Мен ушу жаныбарлардын урушун эч колдобойм,бечара жаныбарлар эле кыйналышат,кээ бирлери олуп да кетишет,аларды мушташтырып коюп жыргап корушот. Адам заты ушунчалык мыкаачы болушат экен,журогум кейип кетет...
0
Arstan
2011-04-16 14:06:08
Анегдот жакты мага.
0
Elmira
2011-04-18 14:16:17
Аииий 30 итине тамакты кантип берет?
0
operaledi
2011-04-19 17:42:33
Журогу таш неме экен. Озу багып чонойткон кучукторун кантип сатат да, кантип мушташка кошот? Олумго башын байлап берип атпайбы!?!? Уффф.......
0
lolo
2011-04-20 16:38:27
Oi bul itter emne bolup kalyptyr,erejesiz er mushtashta adamdar dele olup jatpaiby :(
0
ilikgosh
2011-04-21 13:32:11
акча керек болсо сатат да аларды ошол учун чонойтот да
0
Nuray
2011-04-25 03:43:00
ооо Алабай! бизде да Алабай бар, бирок абдан коркунучтуу раса экен, кишиге оной эле кол салат
0
Nuray
2011-04-25 03:46:32
ой жаныыы! сонун кучуктор экен! кымбат болгондору гана жаман да! баасы да, жашоосу да
0
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан