КЫРГЫЗЫМДА БАТА БАР, БАТА БЕРЕТ АТАЛАР...

Кыргызда тушоо той, сүннөт той өңдүү жагымдуу тойлор бар. Албетте, ар бир той бата берүү менен коштолот. Андыктан биле жүрүңүз деп баталарды жарыялайбыз.

ТУШОО ТОЙГО БАТАЛАР

Тай-тай, балам, тай, балам,
Талпына гой, баса гой.
Шилте дагы бир кадам,
Бир кадамды аша гой.
Тай-тай, балам, тай, балам,
Тартынбагын жүрө бер.
Бешигиң калды коштошуп,
Чырпыктан атты мине бер.
Чыбык атың жорголоп,
Чын ат болсун ойдолоп.
Көтөрүп улам бутуңду,
Татынакай баскының.
Ойду ой дебей омуруп,
Кырды кыркып ашкының.
Катаал ашуу, калтаң муз,
Жиреп өт турмуш ташкынын.
Баскан жолуң оң болсун,
Жараткан сени колдосун,
Өмүр жолуң шыр болсун!
Омийин!

ххх

Тушооңду кестик жыгылба,
Тизеңди айрып ыйлаба.
Кулундай туйлап жүгүрчү,
Канакей, өзүңдү сына да.
Жүгүрсөң түздөн сүрүлбө,
Бийикке чыксаң бүгүлбө.
Кабыргаң катып болоттой,
От ойносун түгүңдө.
Узак болуп өмүрүң,
Шаттыктан ташып көңүлүң,
Жаркырап өскүн күн санап,
Жаркылдап тайды темингин,
Жар болсун көктө Теңириң!
Омийин!

СҮННӨТ ТОЙГО БАТАЛАР

Мусулман болдуң, карагым,
Кана, бери карагын.
Чырагын жагар уулусуң,
Атаң менен апаңдын.
Тоодой болсун талабың,
Алтын менен күмүштөн,
Жасалсын мүлдө жарагың.
Көркүң чыкты мынакей,
Барбы дагы каалаарың?
Кой сурасаң кой берем,
Тай сурасаң тай берем.
Зат сурасаң зат берем,
Ат сурасаң ат берем.
Баатырлыгың байкалса,
Зоот берем ак берен.
Эртең эле туруп кет,
Суранганың апкелем.
Муратыңа жете бер,
Күндөн-күнгө өсө бер.
Узак болуп өмүрүң,
Өмүрүңдүн түйүнүн,
Кудай колдоп чече бер.
Омийин!

ххх

Ага-тууган чогулуп келдик,
Наристе бөбөккө бата бердик.
Алтын башы аман болсун,
Ар балээден алыс болсун.
Бак-дөөлөтү тоодой болсун,
Алтыны сандыкка жык толсун.
Байтеректей бийик болсун,
Басар жагы жайык болсун.
Жоолошконго коргон болсун,
Жол баштаган көсөм болсун.
Үшүгөнгө оттой жанып,
Душманына кылыч болсун.
Намыс-арын бийик сактап,
Чыккан күндөй жарык болсун.
Доско жумшак, касына айбат,
Баскан жери аян болсун.
Арстандай аяр болсун,
Кескен сүннөт куттуу болсун!
Омийин!

ххх

Бактылуу бол, карагым,
Кара көзүм, маралым.
Алтындан болсун тарагың,
Күмүштөн болсун жарагың.
Кубаныч, күлкүң тыйылбай,
Ачык болсун кабагың.
Мактанычы боло бер,
Ата менен апанын.
Тилегиңе жете бер,
Үмүтүн актап атанын.
Жорткондо жолуң оң болсун,
Умай эне колдосун!
Омийин!

Баланын бутундагы ала жипти кыркуу менен адамдар "тушоосу кесилди. Эми турмуштун ак-карасын тааный билип, жашоосунда жаңылбасын, кадамы шыр болсун" деп ырымдашат.

Бегайым Шайыпова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
operaledi
2011-04-17 11:45:09
Принтерим гана жок да....
0
arlekino
2011-04-19 15:31:39
Бата жакшы, но тушоо деген ырым жырым туура эмес... тушоом кесилбей эле кудйга шугур жашап жатам. Бул жон эле повод...
-1
Demon
2011-04-21 18:58:26
arlekino туура айтасыз бирок, элимдин каада салты эч кандай жаман ойдо жасалбайт, эли, жери, мекени жана улуту учун дайыма чуркап журсун деп "тушоосун кесуунун" эмнеси жаман ?
+2
arlekino
2011-04-22 09:52:05
нарын тарапта туулган кун, тушоо кесуу итп..жок эле болчу чуйго келип эле билдим...
сунот, нике ж.б той деп эсептейм...
0
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан