«НУРЗАТ» САЛАТЫ СИЗДЕР ҮЧҮН

Алпаруучу Нурзат Токтосунова сөз чебери эле эмес, ашканада да мыкты экендигин далилдеди. Анда Нурзаттан кыз-келиндерге мастер-класс.

Керектелүүчү азыктар:

  • Краб таякчалары – 200 грамм
  • Ананас – 300 грамм
  • Жүгөрү – 300 грамм
  • Жумуртка – 3 даана
  • Майонез – 200 грамм
  • Помидор – 1 даана
  • Салат жалбырагы, укроп жана петрушка

Жасоо ыкмаксы:
Жумурткаларды сууга бышырып алабыз. Андан соң краб таякчалары, ананас жана жумуртка төрт бурчтук формасында тууралат. Аларга жүгөрү, майонез кошуп аралаштырабыз. Даяр болгон даамдын үстүнө помидордон гүл жасап, петрушка, укроп чөптөрү менен коздоп коёбуз.
Тамагыңыз таттуу, көңүлүңүз шаттуу болсун!

Нурзаттан пайдалуу кеңеш

  • Бычакты дат басса, чийки пияз менен сүртүп кетирсе болот.
  • Картошка аарчыганда колуңуз карарып калса, анда колуңузду алманын кабыгы менен сүртсөңүз жакшы кетет.
  • Пияздын жытын тактайдан кетириш үчүн кургак туз менен сүртүп койсоңуз, жыты жоголот.
  • Ашканадагы май же башка нерсенин жагымсыз жытын кетирүү үчүн уксусту кайнатып койсоңуз, аба тазаланып калат.
  • Кофеден же чайдан калган чыныдагы такты уксус же туздуу суу менен сүртүп кетирсеңиз болот.


"НАЗИК" САЛАТЫ

Жаздын келиши менен жашылча-жемиш кылтыйып, көк шибер жыттанып, аба да бир өзгөчө табитти ачып турат. Бул ирет витаминге бай болгон шалгамдан сиздерге "Назик" салатын тартуулайбыз.

Курамы:

  • Сууга бышкан уй эти – 300 грамм
  • Бир даана шалгам
  • Пияз – 1-2 даана
  • Туз
  • Калемпир
  • Майонез
  • Петрушка жалбырактары

Даярдоо ыкмасы:

1) Эт узунунан тууралат.
2) Шалгамды таза жууп алып, аны да узунунан туурайбыз.
3) Пиязды туурап, майга бир аз куурабыз.
Уй этин, шалгамды жана пиязды кошуп, татымына жараша калемпир, туз себилет. Даяр болгон салатка майонез кошуп, жакшылап аралаштырабыз.


ШАЛГАМДАН "РОЗА"

Каалаган тамак же салат болобу, аны шалгамдан жасалган “роза” менен кооздоп койсоңуз болот.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Нурзат Токтосунова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (39)
Nuray
2011-04-20 14:54:02
кичинекей эле кыз эле 4-5 жыл мурун эле, эми чон, каадалуу аялдын роулна тушуп калыптыр (( Нурзат, сен али жашсын! Чон аялдын образы, оор кадаа кутуп, же салабат салып суйлоонун кереги жок сага, кичине жаш кыздай эле имиджде калсан болмок, "естественнее" корунмок; дикция, тембр, тон баарысы кагылып буткон аялдай! эх...
П.С.:
1) алдагы дозадагы ананас менен зордобогулачы организм байкушту! аны дагы рекламалабай! азыр свежий ананасты жайы-кышы алсанар болот! жугоруго "мейли" дейли
0
Nuray
2011-04-20 14:56:13
Rahate: эмне мынча мындай бурный реакция кылгансын? )) ар бир созго эле ушунча нерв коротсон кандай болот жашоон?
Анан да киви таптакыр башка да! суротто эч бир окшоштугу жок жердешим! ))
0
Rahate
2011-04-20 15:42:03
Nuray:ону кивиникине окшогондуктан мен дагы озумдун оюмду жазган элем,сеники туура бирок мен адамдын конулун оорутуп кемсинпейм ошондуктан мен мындай кемсинтуудо аябай жаман болдум.
0
Rahate
2011-04-20 15:58:40
Rahate деп турса мени эркек бала болуш керек деп ойлосонуз керек?менин атым Нази.созунузго караганда улуу эже окшойсуз?
0
azulya
2011-04-20 16:45:22
Нурзат мен сизди сыйлайм. Жоолук да сонун жарашат экен. Негизи эле аябай образованная, воспитанная, акылдуу кыз. Ийгилик сизге!!!
0
kyrs
2011-04-21 02:28:14
Журналист кыз да сулуу экен мага ото жакты.
0
Sayori
2011-04-21 21:53:30
Эй кыргыздар кайда баратабыз шалгам деген эмне деп, асмандан тушконсуп? Шалгам деген "турп" орусча айтканда "редька", билип жургуло, уят.
0
Kana77
2011-04-23 12:43:46
Негизи Нурзаттын тамак жасаганы, озунун соз байлыгы, сулуулугу, адагерчилиги менен кыргыздын коптогоно кыздарынан айырмаланып турганы корунуп эле турбайбы.... Нурзат иштерине ийгилик, жеке жашооно да ийгилик, Аллах береке берсин...
0
Elmira
2011-04-24 20:01:59
Салатынын атын Нурзат дебей эле,ширин нерселерден тургандан кийин "Ширин салат деп атаса болмок
0
Kana77
2011-04-25 11:18:49
minday salattardi ozu fantazi mn oylop taap atkandan "Wirin Nurzat" dep koysok kanday bolot? :-)), oby4no owondoy go
0
kleine
2011-04-27 01:43:25
Urmattuu Rahate zhe Nazi.Siz kandaj kabyl alsanyz oshondoj kabyl alynyz, birok men sizdi shyldyndap, maskaralap zhazgan zherim zhok.Bir gana suroom: Kiwini kordun bele dep zhazdym.Boluptur, okshoshturup, bilgeninizdi zhazypsyz. Oshogo ushuncha katuu ketish kerekpi?!сен акылы жок акмактык мамаиле кылдын Menin akmaktyk mamile kylganym ushul bolso,anda soz zhok!Egerde men sizge akyly zhok akmaktyk mamile kylsam, anda kechirim surajm! Myndan kijin akmaktyk mamile kylbajm!
0
saya4ka
2011-04-27 14:26:49
Турп- редька! өңү жашыл болот. Ал эми шалгам- редиска! Ал кызыл түстө.Бирөөнү айтып койгондочу...
0
azizamamasabyrkyzy
2011-06-17 18:44:51
Алга Нурзат жакшы салат жасайт экенсиз баракелде
0
Arman
2011-06-23 06:47:31
eei bir salat uchun ushuncha urushpu////
0
anuka
2011-09-02 13:57:13
шалгам бул киви экенин ырас айтпадынарбы
0
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан