Арсен: «ЖОЛ КИРЕБИЗДИ АРАҢ ТАПТЫК»

8-9-апрелде Москва шаарындагы “Бородино-Холл” концерттик залында ”Жаңы толкун-2011” эл аралык сынагынын жарым финалы өтүп, финалчылардын аттары аталды. Кыргызстандын атынан барган 10 ырчынын ичинен Арсен менен Айбек Замирбек уулу финалга өтүп, Юрмалага жолдомо алышты.

– Жеңишиңер менен, жигиттер. Кандай барып келдиңер?
Арсен: Рахмат, ойлогонубуздан да сонун болду. Негизинен, биз, 10 ырчы: Ома, Курал Чокоев, Адилет Жумабек уулу, Кайрат Примбердиев, Гүлжигит Калыков, Раллия, Айгүл Жумакунова, Аман Бержибаев барган элек. Ачыгын айтыш керек, Айбек экөөбүз жол кире таппай жакшы эле кыйналдык. 6 саатта жол киребизди таптык да, 6-апрелде учуп кеттик.
Айбек: Чет жерге чыкканда атаандаш болбой, тескерисинче, бири-бириңди колдоп калат экенсиң. Айрыкча Ома байке баарыбыздын башыбызды бириктирип турду. Барганда “ушунча келгенден кийин Кыргызстанды жакшылап көрсөтөлү” деп бири-бирибизге сөз бердик.
– Сынактын талаптары оор болгон жокпу?
Арсен: Сынактын 1-туруна үч ыр жана фотосессияларыбызды жибергенбиз. Жогоруда аты аталган ырчылар өтүптүрбүз. Биринчи күнү 14 өлкөдөн келген бардык катышуучулар ырдадык. Ал эми экинчи күндө калыстар тобу тарабынан тандалып алынган 17 катышуучу өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Быйыл сынактын 10 жылдык мааракеси экен. Ошондуктанбы, калыстар тобу тандоого абдан көңүл бурушту. Сынакта чет элдик ырлардан да бирди аткарышыбыз шарт экен. Мен орусча “Это здорово” жана англисче “Joe cocker daila” деген эки ырды аткардым.
Айбек: Мен “l belive l can fly” аттуу англисче ырым менен эле өтүп кеттим. Мени кыргыз эли анча тааный бербейт. Анткени башка ырчылардай болуп концерттерге көп катышпайм. Баса, “Кыргызстан” авиакомпаниясынын демөөрчүлүгүн, “Тумар” радиосунун сынакты башынан аягына чейин түз эфирде угармандарга угузуп турганын айта кетпесек болбос. Буларга рахматыбызды айтабыз.
– Калыстардын курамында кимдер отурушту?
Арсен: Сынактын музыкалык продюсери Александр Резвин, Евгений Орлов, Александр Румянцев, Анастасия Ложаева жана “Жаңы толкундун” мурдагы катышуучулары Брэндон Стоун, Ирина Дубцова болушту. Негизи, сынактын шарты боюнча бир мамлекеттен бир гана ырчы өтүүгө тийиш экен. Андыктан калыстар тобу мени же Айбекти тандай албай убара болушту. Акырында экөөбүздү тең өткөрүшкөнү, албетте, бизди кубандырды. Ал гана эмес, Александр Резвин “Юрмалада дуэт ырдоого кандай карайсыңар?” деген сунушун айтты. Бизге бул идея абдан жакты. Буюрса, “Жаңы толкун-2011” эл аралык сынагынын финалы 26-31-июлда Юрмалада болот. Ага чейин эң мыкты деңгээлде даярданабыз деген ишеничтебиз. Жеңиш менен келсек дегенден эки көзүбүз төрт.
– Биз да силердин ийгилик менен кайтып келишиңерге тилектешпиз.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Арсен, Айбек Замирбек уулу
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
gilrfkg
2011-04-15 20:08:36
molodsy,iygilik kaalaim!!!Arsendin "iii,ekoobuz duet katary 4ygyp..."degen jeri ayabay jakty :))
0
naka
2011-04-15 21:39:18
Azamatsynar!Alga jigiter!biz siler menen!
0
Letty
2011-04-16 13:06:57
Арсен азаматсын! Ырлары, клиптери, стили, озун алып жургону эн эле жакшы! Татыктуу ырчы! Ийгилик каалайм!!!
0
kosya700
2011-04-16 16:13:22
респект дуетке, барып юрмаланы жарып келгиле... алга...
0
botokoz
2011-04-17 02:26:14
молодцы!!!!!!
0
altynkyz
2011-04-18 11:26:15
Кыргызымдын ЖИГИТТЕРИ ушундай эле дейм да!
0
SanjarKG
2011-04-18 12:33:22
ребята мы с вами гордимся
0
osmonakun
2011-04-18 15:52:53
Жигиттерге ийгилик, Юрмаланы "жайлап" келгиле.
0
gulnura88
2011-04-20 19:46:59
iygilik bizdin baldarga bolsun,molodes bar olgula Kyrgyzstanymdy kuday koldop tursun
0
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан