«МАГА БУЙРУБАСА БАШКАГА ДА ЖОК...»

Бишкектин күн батыш тарабындагы ээн талаада эки эркек чуңкур казып жатышты.
– Тереңирээк каз. Эртең эле жолбун иттер шимшилеп келип соройто сууруп чыгышпасын.
– Анда эле күнүбүз бүттү дей бер...
– Көп былжырап кепти кө­бөйтпө. Минтип отурсак жолдон өткөн бирөө-жарымдын көзүнө чалдыгып, күнүбүз даана ошондо бүтөт.
Олбурлуу эркек жанындагы кашка башты шаштыра өзү да жер казууга киришти. Арыда каршы- терши суналып жансыз жаткан эки аял бул экөөнүн эмне үчүн тоңголок жерди казып, эмнеликтен туш-тарапка алаңдай шашып жаткандарын сезишкен жок. Эми аларга дүйнөң астын-үстүн болсо да баары бир эле.
Бул учурда бала бакчада жалгыз калган бала жүрөгү бир нерсени сезгендей солуктай ыйлап апасын, тае­несин күтүп жатты...

“ЫЙЛАБА БАЛАМ, АПАҢ КЕЛЕТ...”

Ыйлаба, балам, мына азыр апаң келип алып кетет.
Кичинекей баланы сооротуп отурган улгайган тарбиячы Батма апа бара-бара өзү да бул баланы алып кеткени бүгүн бирөө-жарым келерине ишене албай баратты. Жедеп, тажаганда солуктап ыйлап жатып уктап калган баланы күрмөсүнө ороп үйүнө алып кетүүгө аргасыз болду.
Тарбиячынын үйүндө жаткан бала ойгонор замат адатынча энесинин жылуу көкүрөгүн издеп кирди. Дайыма уйкудан чукурана ойгонуп көзүн ача электе энесинин жылуу көкүрөгүнө жабышып, өзүнө тааныш жытты сезген соң “жарк” дей күлүп ойгонор эле. Негедир колуна муздак бир буюм урунду. Көзү умачтай ачылып, колуна урунган пластмасса оюнчукту ыргыта чаңырып ыйлап жиберди. Ашканада жүргөн тарбиячы чуркап киргенде ого бетер бакырып ыйлап чалкасынан кетти.
– Неге ыйлайсың, каралдым. Мына азыр экөөбүз бала бакчага барабыз. Апаң келет, сени алып кетет.
Көңүлү негедир тынчыбай күбүрөнгөн Батма апа бул күнү эртеден кечке ушул бала менен алек болду. Тыкылдай эч качан кечикпеген баланын таенеси да, энеси да келишкен жок. Муну мындай калтырууга болбос эле. Жөндөн-жөн баласын бакчага таштаган боюнча кабар албай жүрө берер кишилер эмес экөө тең.
Өз ара кеңешишкен соң бала бакчадагылар райондук милиция бөлүмүнө кабар беришти. Ошентип, баланын таенеси менен энесин издөө башталды.

“КАСЫ БОЛУШУ МҮМКҮН ЭМЕС”

Шаарда далай адам жоголуп, анын бир канчасы табылса, көпчүлүгү табылбай, же сөөгү табылган учурлар көп эле болот. Милицияда иштеген адамга мындай маалыматтар кадимки көнүмүш көрүнүш. Капитан Самаков да эки аялдын дайынсыз жоголгонуна көп деле таң калбай, кадимки милдети катары иликтөөнү баштаган. Жоголгон энеси менен кызы көп деле эл-журт менен катыша бербеген үйбүлө экен. Сураштырып көрүшсө баланын энеси Ирина “Дордой” базарына Кытайдан дүңүнөн кийим-кече алып келип иштеп, акчаны көп тапкан айым экен. Издештирип жакын туугандарын таба алышпаган соң базардагы кардарларын сураштырып, кимдер менен жакын мамиледе, касы-досу ким, тактап киришти. Ирина көптөн бери арзуу кылып жүргөн “Лексус” машинесин атайын заказ менен алдырып базардагыларга майлап бергенине аз эле болгон экен. «Ал “Лексусту” апама берип, өзүм Канадага барып келем. Бир жакын досум бар, ошол “Кытай товарлары менен алышып убактыңды кетирбей бизге кел, жанталашып бир жылда тапканыңды бизде бир айда табасың ” деп улам чакырып жатат. Барса барып көрсөм окшойт»,- деп жүргөн. Достору көп эле болчу, касы... Билбейбиз, бирөө менен жөн-жайы жок урушканын көрбөдүк, дайыма күлүп-жайнап жүрөр эле. Ушундай адамда кандай кас болсун?»,-деп жооп беришти базарда чогуу иштешкендер.
Эки аялдын жоголгондугу жөнүндө кабар келип түшкөндөн бир жума өтсө да алардын дайыны чыкпай, иш жылбай жатты. Күн алыс мотурайган үч-төрт жаштардагы баланы көтөрүп алып милицияга тарбиячы Батма апа келет. Энеси жоголгондон бери аны Батма апа үйүнө алып кетип карап жатат. Таенеси менен энесинин өзүн таштап салып кайда кеткенин түшүнбөй ыйлаган бала эми Батма апаны этектеп, анын жанынан карыш жылбай калыптыр. “Бала энесин, таенесин сагынып куса болуп кетти. Кагылайын балам, бир нерсе кылбасаңар болбойт,”- дейт, көздөрүн куса баскан баланын башынан сылаган Батма апа.

ИЛИНЧЕК МОСКВАДАН ТАБЫЛДЫ

Дайынсыз кеткен эки аялды иликтөөдө Иринанын кол телефону аркылуу Москвадан Бишкекке чалуулар болгондугу такталды. Аялдабай Москвага учуп жеткен кылмыш илик­төөчүлөр кыргызстандык жаранды кармап келишти. Колдонуп жүргөн уюлдук телефонду “ЦУМдан сатып алгам” деп карганган Рустам Бишкекке алынып келинип, райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген соң гана иши чатак экенин сезе баштады. Ошентсе да көптү көргөн карышкыр оңой менен ачылбай “мен шектүү болуп көрүнгөн, атүгүл кылмыш кылган күндө да далилиңер жок, эчтеке кыла албайсыңар!” дегенсип кебелбей жатты. Бул арада кылмыш иликтөөчүлөр да анын абийирине келип, чечилерин күтүп отурбай Рустамдын “Дордой” базарында контейнери бардыгын, Иринадан товар алып жүргөндүгүн, дайыма жанында эки ирет соттолуп, түрмөгө отуруп чыккан Шамиль аттуу шектүү досу жүрөрүн билишип, Шамилдин сары изине чөп салып калышты. Маалыматтар боюнча күн сайын базарга келүүчү Шамиль эми сууга чөккөн өңдүү жоголуп табыла бербеди. Эки күндөн соң аны шаардагы сауналардын биринен кызылдай мас кезинде кармап келишти. Балким, мастыгынан улам, а балким, абакка түшүп чыга берип баары бир болуп калганбы, айтор, биринчи эле суроолор бериле баштаганда “Билем, силерге эмне керек экенин. Тиги Ирина жөнүндө сурайсыңар. Ал, Рустам досумду таштап салып кетмекчи болду. Эбак тынчытып салганбыз. Кайда жаткандарын таба албайсыңар, мени айтып берет экен десеңер, жаңылышасыңар. Сөөгү табылбаган соң кылмыш да жок, далилдей албайсыңар” деп булдуруктай сүйлөп таштады. Бирок, кылмыш иликтөөчү, тергөөчүлөргө ушул кымындай илинчектин өзү эле жетиштүү эле.

“МЕНДЕЙ АКМАКТЫН ТЕҢИ ЭМЕС БОЛЧУ”

Айткан кебине бекем турган Шамиль көпкө чейин маркумдар кай жерге көмүлгөнүн айтып бербей убакытты создуктурууга өттү. Ага болушчубу, улам такып сурап жатып Шамилди сүйлөтүштү. Ал Бишкектин батыш тарабындагы ээн талааны айтып “ушул талаага көмгөнбүз” деп отуруп алды. Эр болсоң жыйырма гектардан ашык талаадан эки адам көмүлгөн чуңкурду таап көр! Кырктан ашуун милиция кызматкери үч күн тыным албай, бурганактап жааган карга карабай айдың талааны тинтип жүрүп капилет өлүм тапкан эки маркум көмүлгөн жерди таап, сөөгүн алып келишти. Тоңголоктон улам бир айга чукул жатышса да сөөктөр бузула элек экен. Эңкейип жансыз жаткан жаш аялдын жүзүнө тигилген Рустам тизелеп отура калып солкулдап ыйлап жиберди.
– Канчалаган адамды сызга отургузсам да, кылмыш кылсам да Ира үчүн баарына даяр элем. Бирок, ал мага карамак түгүл бучкагына да теңеген жок. Ооба, ал мендей акмактын теңи эмес болчу. Бирок... Балким баш кошсок, балалуу болсок имерилээр деп ойлогом. Бул тилегим да ишке ашкан жок.
Эми тергөөчүнүн маңдайында, шуу үшкүрүнүп алып болгон окуяны айтып баштады.
– Кичине кезимде бизге кошуна болуп бир үйбүлө көчүп келген. Алардын тиштери кетик, чачтары кундуздай кызы бар болчу. Эртеден кечке ошол кызды ээрчип, аны менен ойноп жүрө берчүмүн. Үч жылдан соң алар шаарга көчүп кетишкенинде ээн жерге барып алып өңгүрөп ыйлагам. Тагдырым экен, ал кызга чоңойгондо дагы жолуктум. Балалык аруу сезимим сүйүүгө айланды. А балким, ошол балакай кезимден бери ашык болуп жүргөндүрмүн?! Бул ирет өтө жагымсыз абалда жолуктум. Достор менен түнкүсүн көчөдө жалгыз-жарым жүргөндөрдү тоноп кетер элек. Ошондой күндөрдүн биринде шашып бараткан кызга жете барып дубалга такап сумкасынан акчасын, шакек, сөйкөсүн тартып алганбыз. Ошол боюнча эле кете берсем эмне. Тоногон соң чөнтөк телефонумдун жарыгын күйгүзүп анын бетине үңүлө калбаймынбы. Дароо тааныдым. Ал да көздөрүн алайта “Сенби?” деп тиктеп калды.
Ошентип, менин кандай адам болгонумду көрдү. Артынан сая түшүп алсам да, тизелеп кечирим сурасам да, тоноочулугумду таштап эл катары иштегенге өтсөм да мени теңине албай койду. Айлам кеткенде суранып жатып конокко чакырып, асылып жатып зордуктап койдум. Мен ага кыйынчылык келтирип этин ооруткум келген эмес. Болгону ошол бир түн бирге болсом да балалуу болуп калсак, айласыз ийилер деген далалатым эле. Ал максатым да орундалды. Боюна бүтүп калыптыр. “Үйлөнүп алалы” деген кебиме кулак салып да койгон жок. Боюнан алдыртып таштамак болгондо жалынып, жалбарып, ыйлап жатып араң токтоттум. Макул болуп “Балага эч качан атаң элем деп айтпайсың. Дегеле эч кимге бул иш жөнүндө айтпайсың” деп шарт койду. Болуптур дедим. Мына, ошондон ушул күнгө дейре баламды күн алыс көрсөм да жанына барып “балам” деп башынан сылай албайм. Мен ал үчүн тек гана “Дордойдо” апасы менен чогуу иштеген байкемин...
Мейли, мени карабасын, тоготпосун, баарына макул элем. Эми Канададагы досуна кетмекчи болду. Ал жигитти билем, Ира десе ичкен ашын жерге коюп, баласына ата болуп алгысы бар. Бир күнү Ира базардагыларга алгач өзүм барып бир жыл иштейм, анан апам менен баламды көчүрүп кетем деп айтып калды. Иранын башка эркек менен жашаганына макул боло албадым. А баламчы? Кандайча менин балам башка бирөөнүн колунда, аны ата деп өсүшү керек. Чыдай албадым. Айрыкча, мени ким элең да деп койбой, бир ооз ушундай кылганы жатам деп эскертип койбой, базардагыларга планын айтып жатканында күйүп кеттим. Мага буйрубаса, башкага да жок болсун дедим. Алыска кетиргиче, сөөгү болсо да мен жашаган жерде болсун дедим.
Энесин болсо балама ээ болуу үчүн өлтүрдүм. Ал тирүү болсо мени баланын жанына карыш жолотпойт болчу. Ошентип, досум экөөбүз аларды үйүнөн бычактап өлтүрүп, ээн талаага көөмп салдык. Эми бир канча жылга болсо да камалармын. Бирок, баламдан кабар алып турам. Досторум, жакындарым аркылуу кем-карчын бүтөйм, багам. Эми Ираны да кимдир-бирөөдөн кызганып кыйналбайм...
Самаков жер тиктей сүйлөп жаткан кишинин кебин бир да ирет бөлгөн жок. Баштан-аяк унчукпай угуп отурду. Качан кеби бүткөндө тыштан күзөттөгү эки кызматкерди чакырды. Колу кишенделип, эки милиционердин жетегинде бараткан кылмышкер “Эми көңүлүм тынч!” деп кыйкырып, анан каткырып алды. Артынан оор темир эшик жабыла берди.

Айбек Нурадилов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 252, 31-август-6-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан