“Жакында боло турган концертиме балдар үйлөрүндөгү тарбиялануучуларды да чакырам. Аларга деп 300 чакыруу кагазын даярдап койдум” деген Асем кыз Бишкек шаарында туулуп-өскөн. Бул айым балалык кезден алыстап кетсе да, ал учурдун таттуу көз ирмемдерин төкпөй-чачпай баяндап берди.
ӨЗҮ ТУУРАЛУУ
БИР ҮЙДҮН ЭРКЕСИ
– Балалык тууралуу сөз болсо эле өзүмдүн эркелигим эске түшөт. Бир үйдүн жалгыз кызы болсом эрке болбой коймок белем? Кээде апам “ананайын” деп эркелетсе, “чоңойбодумбу, кечке эле эркелете бересизби?” деп нааразы болуп калчумун.
Менден улуу Руслан, Дастан аттуу эки агам бар. Чындыгында, алардан сестенип турчумун. Анткени үйдө эч ким жокто, өзгөчө улуу байкем “бар, укта” деп бөлмөмө киргизип жиберчү. Апам келгенде эркиндикке чыккан куш сымал кудуңдап калчумун.
“БАЛАЛЫК КЫЯЛЫМА ЖЕТПЕЙ КЕЛЕМ”
– “Кичинеңде эле ырга шыктуу болчусуң” деп туугандарым айтып калышат. Чай ичилип бүтөрү менен “үстөлдүн үстүн жыйнагыла!” деп буйрук берчү экенмин. Көрсө, анын үстүнө чыгып алып ырдаган өнөрүм бар болчу тура. Үйдөгүлөрдүн бардыгы менин көзүмдү карап, бассам-турсам жалынып гана турушчу.
Балалыгымдагы орундалбай калган максатым – эки дөңгөлөктүү велосипедге жетпей калганым. Үйдөгүлөр үч дөңгөлөктүү велосипед алып беришсе, “мага эки гана дөңгөлөктүүсү керек” деп ыйлактап жаратпай койгом. Азыр зуулдата машина айдап жүрсөм да, балалыгымда эңсеген велосипедге жетким келет. Кээде машина эмес, велосипед эле алып албай деп калам.
“КӨК БЕТ КЫЗ БОЛЧУМУН”
– Абдан көп ооручумун. Кичине эле суук болуп калды дегиче, мен сыркоолоп жатып калар элем. Байкелеримдин эшикте көп ойнотпогону да ооруп калат деп корккондон болсо керек. Таарынчаак, көк бет кыз болчумун. Бирөө көңүлүмө жакпаган иш жасап койсо, оңой менен сүйлөбөй, бултуңдап калганымды азыр эстеп күлөм. Кыязы, кыялдарым жаңы чыгып келе жаткан кез болсо керек да. Бир жолу үйдөгү кол аарчынын жибин күйгүзүп көргүм келип ширеңке чаксам, аным өрттөнүп кетти. Коркконумдан муздаткычтын артына ыргытып жибердим. Апамдар “эмне жыттанып жатат?” деп таң калып, муздаткычтын артынан күйүп бүтүп калган кол аарчыны таап чыгышкан. Анан мен экенимди билишпей, экинчи агамды “ушу сен эле кылдың” деп урушкандары эсимде.
“ЭРКЕК БАЛДАР МЕНЕН МУШТАШЫП...”
– Боорукерлигимдин айынан эркек балдардан көп эле таяк жедим окшойт. Кыздарга тийишип жаткан балдарды көрсөм, жөн турбай болушуп, аягында өзүм ыйлап калчумун. Эркек балдар ошондуктан мени дос кылышчу эмес. Бирок мүнөзүм эркектикиндей болчу.
Эң жакын Анара жана Ажара деген курбуларым бар эле. 9 жашка чейин дос болдук. Шартка байланыштуу мамилебиз үзүлгөн. Азыр жолугуп калсак абдан кубанат элем. Биз ойногондо мен ар дайым атаман боло берчүмүн. Үчөөбүз “дочки-матери” ойногондон эч тажачу эмеспиз. Эх, ошол күндөр!.. Чын эле балалыгымды кадимкидей сагынам.
“УЙКУДАН КАЧЧУМУН”
– Уктаган мага жакчу эмес. Таң эрте ойгонуп алган адатымды учурда уулумдан да байкап калам. Азыр балалыгыма кайтканга мүмкүнчүлүк болсо, биринчи уйкунун планын толтурмакмын. Анткени учурда уйкуга “талгак” болуп жүргөн кезим.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg