БАҢГИСООДАГЕР ОПЕРКЫЗМАТКЕРДИ БЫЧАКТАДЫ

Ири өлчөмдөгү баңгизаттарын ташуучуларды кармоо учурунда милиция кызматкерлеринин бири оор жаракат алды. Кылмыш иши Лейлек районунда болуп өттү.

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрель күнү Баткен облусунун Лейлек районунда ИИМдин Мыйзамсыз баңгисоодага каршы күрөшүү башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча кызматкерлери атайын операция жүргүзүштү. “Баңгизаттарын алып келип сатып жүрүшөт” деп шектелип жаткан адамдарга оперкызматкерлер өзүлөрүн сатып алуучу катары тааныштырып, Тажикстан менен чектешкен Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн аймагынан жолукмай болушат. Болжол менен саат үчтөрдө жолугушууга Тажикстандын номери тагылган Дэу-Нексия автоунаасы менен эки адам келет. Товарды көрсөткөн маалда оперкызматкерлер экөөнү кармап, колдоруна кишен салмакчы болушат. Бирок ошол убакта шектүүлөр менен кошо келип, чек аранын жанында калган номери жок экинчи автоунаадан ок чыгарышат. Атылган октор милиция кызматкерлеринин автоунаасына да тиет. Бул учурдан пайдаланып кармалгандардын бири милиция кызматкеринин жүрөк тушуна үч жолу бычак сайып, экинчи шеригин кармап турган милиционерге бычагын көтөрүп жүгүрөт. Оперкызматкер эскертүү иретинде асманга үч жолу ок атып, андан кийин бычакчан кишиге карата ок чыгарат. Ошентип, экөө кармалып, алар Тажикстандын жарандары экендиги аныкталды. Кармалгандардын бирине ок жаңылып, аймактык ооруканага алып бара жаткан убакта каза болгон. Жүрөк тушунан бычак жеген милиция кызматкерин ооруканага жеткирүүгө үлгүрүштү.
Тинтүү учурунда кармалгандар айдап келген Дэу-Нексия автоунаасынын арткы орундугунун астынан 1 килограммдай героин табылды. Ал эми ок чыгарган экинчи автоунаадагылар Тажикстандын аймагына кире качкан боюнча дайынсыз. Бул автоунаада баңгизаттарынын ири партиясы болгон деп болжолдонууда. Из кубарлар Тажикстанга кире качкандардын аты-жөнүн тактап, кармоонун аракетинде жүрүшөт.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
joseph brain
2011-04-22 18:31:15
неге именно биздин апйылда мындай болушу керек,уфф. Ал милиция кызматкери менин болом болуп журбоду бекен...Ал ПОМдун начальниги болчу.
0
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан