Ушул жылдын кыш айларында Сокулук районунун аймагынан белгисиз адамдын сөөгү табылган. Анын ким экени билинбей, милиция кызматкерлери массалык маалымат каражаттары аркылуу жарыя беришкен.
ОДЕЯЛГА ОРОЛГОН СӨӨК
Карыянын сөөгү одеялга оролуп, пальтонун куру менен курчалып койгон экен. Бети-башы бычак менен аёосуз тилинип, далысынын бир нече жерине сайылган бычактын издери байкалат. Сөөктү кароо убагында чөнтөгүнөн 670 сом акча, «нитроглицерин» деген жазуусу бар флакондо таблеткалар, көк түстөгү кол аарчы чыккан. Сокулук райондук милиция кызматкерлери карыянын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоп иликтөө башталган.
ЖАРДАМ БЕРГЕН ЖАРЫЯ
Албетте, каза болгон адамдын өздүгүн тактабай туруп, кылмыш ишинин бетин ачууга аракет жасоо мүмкүн эмес. Массалык маалымат каражаттары аркылуу сүрөт жарыялангандан көп өтпөй карыяны туугандары таанып, из кубарларга байланышка чыгышкан. Ошентип, сүрөттөгү адам Панфилов районундагы Панфилов айылынын тургуну, 74 жаштагы Константин Петров аттуу адам болуп чыккан. Иликтөө иштерине ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери да активдүү катышып, бул адам, анын тууган, жакын санаалаштары тууралуу маалыматтар топтоло баштайт. Ал ортодо Константин Петровдун эч кимге зыяны тийбеген, өз оокатын эл катары өткөрүп жүргөн адам экендиги, Бишкектеги квартирасын ижарага берип күн өткөрүп келгендиги аныкталат. Аңгыча кылмыш иликтөөчүлөрдүн көңүлү бир нерсеге бурулат. Маркумдун уулу атасынын өлгөнүнөн эч бир кабары жок, акыркы кезде кыздар менен көңүл ачып, шапар тээп жүргөндөн колу бошобой жаткан кез экен. Кылмыш иликтөөчүлөрдүн «атаң кайда?» деген суроосуна 30 жаштагы жигит «ооруканада жатат» деп кайдигер жооп берет. Кайсы ооруканада экенин да, эмнеси ооруганын да билбейт, болгону, «Виталик айтты» деп түшүндүрөт эптеп…
ИЛИКТӨӨ ИШИНДЕГИ ЖАҢЫ ФИГУРАНТ
Ошентип, иликтөө ишинде Виталик аттуу жаңы фигурант пайда болот. Из кубарлар бул адамда бир мандем бар экенин кесиптик туюм аркылуу сезишип, ал адамдын ким экендигин аныктоону башташат. Көп узабай 40 жаштагы шектүү адамдын мурда алдамчылык менен соттолгону, маркумдун Бишкектеги квартирасын ижарага алып жашап жүргөнү маалым болот. Милиция кызматкерлери берген маалымат боюнча окуя мындай болгон:
Оңой акча табууну көздөгөн Виталик мурда да алдамчылыкка барып, темир тор артындагы жашоонун «даамын татып» чыккан эле. Ал сабак болбой, аны квартирасы бар карыган чал кызыктырат. «Мындай шанс бир келет» деп ойлойт. Түзүлгөн план боюнча чал менен уулунун ишенимине кирип, өз убагында квартиранын акчасын төлөп, алтургай чалдын уулу Сергей менен да коюн-колтук алышып дос болууга жетишет. Так ушул мезгилде арам оюн ишке ашырууну чечип, таанышы Андрей менен сыр бөлүшөт. Айдын белгилүү числосунда акча алууга келген 74 жаштагы карыя өзүн акча эмес, ажал күтүп жатканын кайдан билсин?! Квартирага киргенден көп өтпөй удаа-удаа сайылган бычак чалдын өмүр тамырын кыркып, жансыз денеси полго кулайт. Анын бети-башын таанылгыс кылыш үчүн кескилеп салышкан жанкечтилер сөөктү одеялга ороп туруп, түн ичинде Сокулук районундагы мүрзө тушка алып барып ыргытып кетишет.
ПЛАНДЫН ЭКИНЧИ БӨЛҮМҮ
Чалдын «көзүн тазалаган» эки эргул эми түзүлгөн пландын 2-бөлүмүн аткарууга киришет. Сергей менен жолугушкан Виталик анын «атамды көрдүңбү?» деген суроосуна «ооруканага жеткирдик» деп коёт. Так ошол минутадан баштап Сергей үчүн «жыргал жашоо» башталат. Виталик «досу» аракты суудай агызат, ал аз келгенсип кыздарды да тынымсыз «тартуулай» баштайт. Мындай жыргал жашоону көрбөгөн жигит күнү-түнү чардап, арадан бир топ күн өтөт. Бир күнү кызуу абалда отурса, Виталик ага кандайдыр бир кагаздарды сунуп, кол коюшун өтүнөт. Ал эмне кагаз экенин суроо жигиттин башына да келбейт, «досуна» ыраазы неме ошол замат макул болуп, ручканы колго алат. Көп узабай Виталик квартираны оңой гана пулдап жиберип, бекер акчага туйтунуп жатып калат…
КАН УЗАТПАЙТ
Бейкапар жашоосун улантып, Виталик кафеден башы чыкпай жүргөн кезинде оперативдик кызматкерлер тарабынан кармалып, колуна кишен салынды. «Өкүнөм, кылган ишиме аябай өкүнөм. Чалга боорум ооруйт» өңдүү сөздөрдү айткан айыпкердин көзүнө тик карап, тээ түпкүрүнө үңүлсөң, мупмуздак кайдигерлик, капкара туңгуюктан башка эч нерсе көрө албайсың. Ал көздөрдө аёо сезими, жылуулук капкачан өчүп калгандай…
Ырысбүбү Сагымбаева
koom@super.kg