Өзбекстан
“ЕТАР!” КЫЙМЫЛЫ КАРИМОВДУ КЫЙШАЙТАБЫ?
Өзбекстандагы “Етар!” (“Жетишет!”) жаштар кыймылы “Ташкенттин аянтына элди топтоп, Ислам Каримовдун отставкасын талап кылабыз” деп күжүрдөнүүдө. Акцияны ушул жылдын 1-июлуна белгилешти. Катышуучуларга төшөк-жууркан, аптага жетчү тамак-аш, радиоприёмниктерди алууну сунушташкан. Жаштар кыймылынын аты эле айтып тургандай, буга “өзбек президенти такта мыйзамсыз отурат, жетишет, болду!” деген кыжырдануу себеп. Нааразычылык акциянын уюштуруучулары өлкөнүн күч түзүмдөрүнө да “эч кандай күч, курал көтөрүүнүн кереги жок. Биз тынч гана өз нааразычылыктарыбызды айтабыз” дешүүдө. Кыймылдын мүчөлөрү интернет аркылуу маалыматты таратышып, чет жерде жашаган өзбек жарандарын демөөрчү болууга чакырышууда. Буга карата азырынча бийлик тарабынан эч кандай реакция боло элек.
Беларусь
МЕТРОДО МЕРТ БОЛУШТУ
Минсктеги метро бекетинде жардыруу болуп, адам өмүрлөрү кыйылды. Окуя болгон “Октябрь” метро бекети Минск шаарынын тарыхый борбору болуп саналат. Бул бекеттен 100 метрдей алыстыкта президенттин ак сарайы орун алган. Жардыруудан 12 киши мерт болуп, 200 адам жаракат алды. “Муну террорчулар уюштурду” деген кептер тараганы менен, чын-төгүнү азырынча аныктала элек. Өлкөдө чукул жыйындар өтүп, окуя болгон жерди изилдеп-иликтөө уланууда. Жардыруудан улам каза болгондордун аты-жөнү такталды.
Франция
ПАРАНЖЫ ЖАМЫНСАҢ, 150 ЕВРО АЙЫП ТӨЛӨ
Франциянын бийлиги кыз-келиндердин коомдук жайларда паранжы жамынып жүрүүсүнө тыюу салды. Эгерде кимде-ким эрежеге баш ийбесе, анда 150 евро өлчөмүндөгү айып салынат. 2010-жылдын сентябрь айында өлкөнүн парламент жыйынында бул маселе каралган. Эгерде эркектер аялдарын үйдөн сырткары паранжы жамынганга мажбурлашса, бир жылга эркинен ажыратылышы тууралуу мыйзам күчүнө кирет. Францияда мусулмандардын саны 5 миллион. Эки миңден ашуун мусулман аялдары бети-башын жаап, чүмкөнүп жүрүшөт. Андыктан бул мыйзам мусулман дүйнөсүнө оор тийүүдө. Айрыкча Усама Бен Ладен буга кыжырдануу менен карап, 2010-жылы Нигериядагы 5 француз жаранынын барымтага алынышын француз элине эскертүү экенин айтып коркутту.
Казакстан
КАЗАК БАШЫ КҮЙӨӨ БАЛАСЫН ИШКЕ САЛДЫ
Казак башы тактыга отурары менен күйөө баласын да жаңы орунга дайындады. Ортончу кызы Динаранын күйөөсү Тимур Кулибаевди “Самрук-Казына” башкаруу фондунун төрагалыгынын креслосуна отургузду. Тактай кетсек, Тимур Кулибаев ушул эле фондду жетектеп, белгисиз себептерден улам 2007-жылы жумушунан кол жууган эле. Маалыматтарга ылайык, Кулибаев азыркы жумушунан сырткары бир канча мамлекеттик мекемелерди башкарып, “Казмунайзат”, “Казакстан темир жолы” жана “Сармук-Энерго” компанияларынын Директорлор кеңешинин өкүлү экен. Ошондой эле аялы экөө Казакстандагы эң ири “Халык банктын” да ээси болуп саналышат.
Япония
«ФУКУСИМА» «ЧЕРНОБЫЛДЫ» КАЙТАЛАЙБЫ?
Япониядагы табият кырсыгынан каза болгондордун саны 13,5 миңден ашса, дээрлик 15 миңдей адам дайынсыз. Эң эле коркунучтуу абал “Фукусима-1” АЭСинде болууда. Аптанын башында өлкөнүн түндүк-чыгышында дагы жер силкинип, натыйжада аталган АЭСтеги коркунучтун деңгээли бешинчи баскычтан жетинчиге чейин көтөрүлгөн. Мындай баскыч «Чернобыль» АЭСинде жардыруу болгондо берилген эле. Бирок “Фукусимадан” айлана-чөйрөгө тараган радиациянын көлөмү «Чернобыль» кырсыгынан тараган радиациянын 10 пайызын түзөт. Япониянын премьер-министри Наото Кан япон элинен жардамын аябаган 20дан ашык өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга ыраазычылык катын жолдоду.
Бурул Исмаилова
koom@super.kg