АК КЕМЕ

Терең философиялык идеяны камтыган мазмун жана ошол мазмунду жеткире билген мыкты режиссёрдук иш. Ушундай жөнөкөй формуланын негизинде тартылган тасманы бир гана сөз менен аныктаса болот – шедевр. Башкача айтканда, “Ак кеме” – улуу адамдардын колунан жаралган улуу тасма.

Режиссёру – Болот Шамшиев
Сценарийин жазгандар –
Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев
Ролдордо: Бала – Н.Сыдыгалиев, Момун – А.Куттубаев,
Керез – С.Күмүшалиева, Орозкул – О.Кутманалиев,
Кулубек – И.Думанаев, Гүлжамал – А.Темирова,
Бекей – Н.Мамбетова, Сейдакмат – М.Рыскулбеков

Кыскача мазмуну

Бул чыгарманын мазмунун билбеген кыргыз жокко эсе болсо керек. Ошентсе да дагы бир жолу эскерте кетүү ашыкчалык кылбас.
Окуя бийик тоолор арасында токой ичинде жашаган үч кичинекей үйбүлө­нүн тегерегинде болсо да, андагы сүрөт­төлгөн эпизоддор дүйнөлүк масштабдагы маселени чагылдырат.
Өмүрүндө бир катуу сөз сүйлөп көрбөгөн Момун чал тажаал кемпири Керез менен түтүн булатып келет. Алардын жанындагы үйдө кызы Бекей күйөөсү Орозкул менен жашайт. Орозкул дүйнөдөгү эң жаман касиеттерди өзүнө жыйнап алгандай сезилет. Мыкаачылык менен бугу атып, мүйүзүн кесип алган Орозкулга табият таарынып, аны балалуу болуу бактысынан ажыратып койгон. Орозкул болсо жинин байкуш жубайы Бекейден чыгарат. Кудайдын куттуу күнү күйөөсүнөн таяк жеген Бекей оор турмушка баш ийгендей. Ага ким болушат? Керез энеси кызына болушмак турсун кайра анын өзүн күнөө­лөйт. Орозкулга жагынып жаш келин Гүлжамалды ага токолдукка алып бергиси бар. Татынакай Гүлжамалды болсо тагдыр бул жакка адаштырып алып келгенби, айтор анын шайыр мүнөзү токойдогу оор жашоого коошпойт. Күйөөсү Сейдакматты болсо чөп үстүндө чалкалай жатып ырдагандан башка эч нерсе кызыктырбайт.
Ушундай татаал мамилелерден курулган оор турмушка кичинекей наристе да аралашууга мажбур. Ал бала караңгы түндөгү кичинекей күн нурундай. Өзүнүн куруп алган таза, жарык дүйнөсү бар. Ал дүйнөсүн жалгыз жакын досу, таятасы Момун менен гана бөлүшөт. Албетте, жаш жүрөктү кубанта турган жөнөкөй нерселер бар. Мисалы, 1-сентябрга алынган жаңы портфель. Аны көтөрүп алып сүйүнчүлөп чуркаганы эсиңиздеби?
Жашоодо баланын ыйык туткан эки нерсеси бар: улуу Бугу эне жана Ак кеме. Биринчи жомокту таятасынан уккан. Адам баласын өлүмдөн сактап калган Бугу эненин бала үчүн мааниси чоң. Ошол себептен ал Орозкулду бүт жү­рөгү менен жек көрөт. Мыкаачынын бугунун мү­йүзүнө балта чаап жатканы баланын көзү­нө бешикти кыйратып жаткандай көрүнөт. Ал эми Ак кеме жөнүн­дөгү экинчи жомокту өзү ойлоп чыгарган. Атасы кеменин капитаны. Ал жакында уулун алыс жакка алып кетүү үчүн сүзүп келет...

Бүгүнкү күндүн санжырасы

Режиссёр Болот Шамшиев Чыңгыз Айтматовдон токойдо таятасы менен жашаган бала тууралуу аңгемени укканда абдан таасирленип калган. Кийин “Ак кеме” повестин журналдан окуп, анын негизинде кино тартуу идеясы оюнан кетпей койгон. Сүйүктүү каармандарын тасмада көрүү – ар бир окурмандын кыялы эмеспи. Ал кыялды ишке ашыруу режиссёрлордун колунда.
Тасма 1976-жылы тартылып бүткөн. 1976-жылы IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине, СССР Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон.

ххх

  • Тасмада бир дагы ашыкча деталь жок. Ар бир нерсенин чоң мааниси бар, ар бир нерседе кандайдыр бир сыр катылган. Мисалы, баланын колунан түшпөгөн дүрбүсү. Ал жөн гана дүрбү эмес, алыстагы адамдарды, буюмдарды, дүйнөнү жакындатуучу нерсе. Баланын “достору” таштар да өзгөчө. Алардын ар биринин аты бар: танк, жаткан төө, карышкыр, ээр. Бала алар менен сүйлөшүп, сырдашып турат. Антпесе алар таарынып калышы мүм­күн.
  • Чыгармадагыдай эле тасмада да балага ат берилген эмес. Анткени, ал конкреттүү кишинин эмес, жалпыланган символикалык образ. Антсе да тасмада актёрго өз аты менен Нургазы деп кайрылган жерлери бар.

Кызыктуусу...

  • Жазуучу үчүн да, режиссёр үчүн да баланын ролу эң маанилүү эле. Аны аткаруу үчүн өзгөчө актёр керек болчу. Актриса Сабира Кү­мү­шалиева эскерет: “Баланын ролуна тандоо жарыяланганда миңдеген балдарды жетелеп келишкен. Алардын арасынан бизге он чактысы жакса да режиссер бирөөнү да жаратпай койгон. Бир күнү режиссёр мага көздөрү бакырайган балакайды көрсөтүп, “жарайбы?” деп сурады. Ал өтө эле тентек, шок болгондуктан, аркасынан жете албай калабыз деп корктук. Болот “кана, бизге сууда сүзүп бараткан баланы көрсөт­чү” десе, тиги ойлонбой туруп жерге жата калды да чын эле сууда сүзүп бараткандай кыймылдап көрсөтүп берди. Ошол күнү дароо тандоо токтотулду”.
  • Сабира Күмүшалиева апабыздын эсинде дагы бир кызык окуя калган экен. Бир сюжетти тартууда режиссёр анын ыйлоосун талап кылган. Көзүнөн эч жаш чыгара албай кыйналган актрисаны режиссёр урушуп коёт. Ошондо катуу сөзгө ызаланган Сабира апабыз кетем деп терс басып баратып, ызасына чыдабай ыйлап баштаган экен. Анан бир кезде тык токтоп, артка кайрылып “ыйлап жатам, мени тезирээк тарткыла” деп режиссерду шаштырыптыр.
  • Тасмадагы санжыраны чагылдырган эпизоддогу Бугу эненин мүйүзүндөгү бешиктеги ымыркай актриса Айтурган Темированын баласы экенин айта кетели. Актриса өзү кичине баласынын киного тартылуусун каалаган эмес. Анда Болот Шамшиев куулук кылып Айтурган Темированы дүкөнгө жиберип ийет да, апасы жокто наристени тасмага тартууга уурдап кеткен экен.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kub_u3_kgstana
2015-11-22 16:09:38
Неге кыргыздын эски ушул сыяктуу Ак кеме, кок мелюиген тоолордо, ж.б кыргыз тилиндеги кинолорду жуктобойсунор?
0
admin_superstan
2015-11-23 11:31:41
kub_u3_kgstana, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
№ 252, 31-август-6-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан