Кадимки турмушубузда бул сөздү көп колдонобуз. Бир эле учурда жек көрүүнү жана суктанууну жараткан бул сөздүн аркасында кандай аял турат? Эмне үчүн эркектер стерваларды жакшы көрүшөт? Анда суроолордун жообун чогуу издеп көрөлү.
CТЕРВА БОЛУУ МОДАБЫ?
Илгери мындай сөз терс мааниде кабыл алынса, учурда китеп текчелерде “Кантип стерва болуу керек?” деген китептер жайнап турган учуру. Андан да кызыгы, стерваларды изилдөө үчүн атайын стервология деген багыт пайда болгон. Ал эми батышта стервалыкка окута турган мектептер ачылганына эрксизден таң каласың. Заманбап түшүнүктө стерва – максаттуу, күчтүү, керек жерден ташбоор боло ала турган айым. Алардын негизги өзгөчөлүгү – максатына жетмейинче тынбайт. Турмуштан эмнени каалаарын так билет жана ошол максатына жетүүнүн жолун да сезет.
Стерванын дүйнөсү эч кандай романтика менен кооздолгон эмес. Ал башка аялдардай өзүн иллюзия менен алдабайт. Жана өзүн алдаганга да жол бербейт. Бирок анда аялдык назиктик жок деп айтууга болбойт. Болгону, бул сезимдерди да өз пайдасына жумшаганды мыкты билет. Мисалы, ага пайдалуу келишимге кол коё турган эркектин дарегине жагымдуу сөздөрдү айтып, галстугунун өңү көйнөгүнө өтө жарашып турганын же анын жыты делебесин беш метр жерден козгоорун көз ирмебей туруп, жылмаюу менен айтып коюшу мүмкүн. Комплиментти кимге, кандай жагдайда, кандай мазмунда айтуу да өзгөчө искусство эмеспи. Бул искусствону мыкты өздөштүрүшкөн. Кыскасы, стерванын акылы менен куулугу кырк эшекке эмес, сексен эшекке да жүк боло алат.
ЭРКЕКТЕР СТЕРВАЛАРДЫ СҮЙҮШӨТ
Психологдордун айтымында, дээрлик бардык эркектер мындай айымдарга сексуалдык кызыгуу менен карашат. Табиятынан мырзалар мергенчилер. Оңой менен тузакка түшпөгөн стерва айымдар алардын кызыгуусун ойготуп, кызыктуу китепти барактагандай ырахат тартуулайт имиш. Стерванын жанында эркектерге тынчтык жок. Ал эми жай турмуш эркекти тажатып жиберерин бир билип коюңуз. Турмушта стерваны айланчыктап кете албаган эркектерди көрүп жүрсөңүздөр керек. Алардан кете албаганынын себеби стерва айымдын табышмагын жандырып, өзүн сүйдүрүп алышы керек. Бул ачылбаган эшикти каккылаган менен барабар. Анткени алардын табышмактуулугу – жүрөгүн эч кимге ача албаганында. А бирок, кыздар, жадыңарда болсун, эркектер стерваны сексуалдык объект катары гана карап, үйлөнүү үчүн мээримдүү, тынч, камкор кыздарды тандашат.
СТЕРВА БОЛУП ТӨРӨЛБӨЙТ
Ар бир аялда аз өлчөмдө болсо да стервалыктын белгилери болот. Аны өөрчүтүп кетүү же ооздуктоо жагдайдан көз каранды. Стервалыкты психологдор көпчүлүк учурда турмуштун ар кандай кырдаалдарынан пайда болгон көрүнүш катары эсептешет. Аялдын өзүн-өзү коргоо инстинкти күч алганда же кимдир бирөөнүн оор соккусунун алдында алсыз болгусу келбегенде гана ушул атка ээ болот. Ал эми айрымдарды акча, бийлик көптүрүп, өзүн жанга теңебей, жанындагыларды өйдөдөн төмөн карап, ушул статуска ээ болушат.
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg