Атың чыкпаса жер өрттө деп самса да болгон, мумиё менен жүрөк да дарылаган “Тамашоунун” “КG 77” командасынын эң сулуусу Аида бизде мейманда.
Аты-жөнү – Жээнчороева Аида Талантбековна
Туулган жылы – 19**-жыл, 22-март
Туулган жери – КРнын борборундагы №1-төрөт үйү
Бою – Така кийсе Зияштан узун болуп калат
Чачынын өңү – Азыр кара “Рalette”
Салмагы – Экзамен учурунда кийимдери чоң болуп калат
Хоббиси – Сиңдилеринин жинине тийүү
Жактырган тамагы – Жактырбаса деле жей берет, керек болсо эркектерден көп жейт
Дежур сөзү – “Бул жашоодо баары болот, капа болбо, карындаш!”
Жактырган жаныбары – Ат менен бүркүт, анткени аларды өзүнө окшош сулуу жандыктар деп эсептейт
– Балалыгыңдан кандай элестер калды?
– Чоң апам жапкан нанды сагындым. Тууган жана туубагандардын балдары болуп ойночу элек.
– Кимге окшошсуң?
– Апам, атам экөө тең мени тартып тамашакөй.
– Жигитиң кандай болушун каалайсың?
– Менден он эки жарым сантиметр узун болсо дейм.
– Өзүңө жаккан жана жакпаган сапатың кайсы?
– Дайыма кечигип жүргөнүм жагат, анткени эң жакшы нерселер “десертке” калат да. Бирок ак көңүлмүн, ошонусу жаман.
– “Тамашоуго” кантип келип калдың эле?
– Куба “бир эле оюнга катышып бер” деп алдап чакырып, азыркыга чейин коё бербей жатат.
– 10 жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?
– Эки баламды жетелеп алып, үчүнчүсү боюмда. Үйлөнүү салонун жетектемиш болуп жүрсөм керек.
– Келечекте жолдошуң куудул болушун каалайт белең?
– Жо-ок! Мен эле жетишем, антпесе балдарыбыз жалжаке болуп калат го...
Салтанат Мукасова
tamasha@super.kg