СОГУШ ӨРТҮНДӨГҮ ЛИВИЯ

2011-жылдын февраль айынын орто чендеринде Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада болгон массалык элдик толкундоолор Ливияга да келип жеткен. Жергиликтүү оппозиция өлкөнү 42 жыл башкарган Муаммар Каддафинин бийликтен кетишин талап кылууда.

Ливия Республикасы (Араб жамахириясы) – Африканын түндүгүндө, Жер Ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан Араб өлкөсү
Калкынын саны – 6 миллион 365 миң 563 киши (2009-жылкы эл каттоо боюнча)
Аянты – 1 миллион 759 миң 540 чарчы чакырым (мунун 90 пайызы чөл)
Борбору – Триполи шаары, калкы 1 миллион 700 миң
Дини – Ислам, калкынын 97 пайызы ислам динин (анын ичинде 85 пайызы сүннөт) тутушат
Тили – Араб, итальян жана англис тилдери
Акча бирдиги – Ливия динары (1динар – 40 сом)
Ливия – Унитардык республика
Өлкө башчысы – Президент
Муаммар Каддафи – 1969-жылдан бери өлкөнү башкарып келет
Аткаруучу бийлик – Жогорку элдик комитет
Өкмөт башчысы – Жогорку элдик комитеттин катчысы
Мыйзам чыгаруучу орган – Жалпы элдик конгресс
Өлкө – 1971-жылдан бери Араб Республикалар Федерациясынын катарына кирет

ЛИВИЯ ТУУРАЛУУ

  • Мамлекет үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө жылына 1000 доллар дотация (жетишпеген чыгымдарды жабуу үчүн мамлекеттен берилүүчү жардам) төлөйт.
  • Жумушсуздук жөлөк пулу 750 доллар.
  • Мээрман айымдын айлыгы 1000 доллар.
  • Ар бир төрөлгөн балага өкмөттөн 7000 доллар төлөнөт.
  • Жаңы баш кошкондорго үй сатып алууга 64 миң доллар берилет.
  • Жеке бизнес ачууга 20 миң доллар жардам иретинде бекер берилет.
  • Ири салыктарга жана жыйнап алууларга тыюу салынган.
  • Билим берүү жана медициналык тейлөө бекер.
  • Чет өлкөдө билим алуу жана стажировкадан өтүү чыгымы өкмөттүн эсебинен төлөнөт.
  • Кээ бир дарыканаларда дарылар бекер берилет.
  • Электр энергиясы калкка бекер.
  • Спирт ичимдиктерин сатууга жана ичүүгө тыюу салынган.
  • Автоунаа жана үй сатып алуу үчүн насыя акча үстөксүз берилет.
  • Автоунаа сатып алгандарга өкмөт жарым акчасын төлөп берет.
  • 1 литр бензиндин баасы 6 сом 50 тыйын.

ТАРЫХЫ
1911-жылга чейин Ливия Осмон империясынын курамына кирип, 1911-жылдан 1942-жылга чейин Италиянын колониясы болуп келген. 1943-жылы Германия-Италия коалициясы ураганда Англия менен Франция басып алган. 1951-жылы 24-декабрда БУУнун резолюциясынын негизинде Ливия падышалыгы болуп, көз карандысыз мамлекет катары таанылган. 1969-жылы Муаммар Каддафи башында турган Ливия аскерлеринин офицерлеринен турган топ монархтык режимди кулатып, Ливия Араб Республикасы деп атап алышкан. 1977-жылы март айында өлкөдө жамахирия (элдик өлкө) куруу жөнүндө декларация кабыл алынган.

ЛИВИЯ – МУНАЙДЫН МЕКЕНИ
Ливия мунай запасы боюнча (39,1 миллиард баррель) Африкада 1-орунда, жаратылыш газынын запасы (1,43 триллион метр куб) жагынан 3-орунда турат. Экономикасынын негизги тармагы – мунай-газ өндүрүү жана мунайды кайра иштетүү. Бул жалпы экспорттун 95 пайызын түзөт. Бул өлкөдө күнүнө 1,6 миллион баррель мунай жана 42 миллион 135 миң метр куб газ өндүрүлүп, ал мунайдын 90 пайызы экспорттолот. Ливия мунайын, негизинен, Италия, Германия, Испания, Франция, Кытай жана АКШ сатып алат. Дүйнө жүзүндө өндүрүлгөн нефтинин 5 пайызы дал ушул өлкөгө туура келет. Италиянын жалпы нефть керектөөсүнүн 51 пайызы, Германиянын 13 пайызы ушул жерден импорттолот. Жеңил өнөр жайы (кездеме, кийим, бут кийим чыгаруу жана тери иштетүү) өтө чоң эмес ишканалардан турат. Ливия калктын санына карата киреше табуу деңгээли боюнча (киши башына жылына 6000 доллар) да Африкада 1-орунда.

ТЫШКЫ САЯСАТЫ
Ливия көптөгөн ири эл аралык уюмдарга (БУУ, Араб өлкөлөрүнүн лигасы, Африкалык союз, Ислам конференциясынын уюму) мүчө. Мындан башка да Араб Магрибдеринин союзуна төрага, Сахара-Сахель өлкөлөрү коомуна мүчө. 2004-жылдан бери Бүткүл Дүйнөлүк соода уюмунун курамында.

ЖАРАНДЫК СОГУШ КАНТИП БАШТАЛГАН?
Өлкөнү 42 жыл башкарган Муаммар Каддафинин жана анын режиминдеги бардык чиновниктердин бийликтен кетишин талап кылган элдик толкундоолор 15-февралда башталган. Анда чоңдугу боюнча Ливиядагы экинчи шаар – Бенгазиде полиция бөлүмүнүн алдына “Абу-Слим” түрмөсүндө камалып жатып, 1996-жылы белгисиз себептерден улам каза болгондордун туугандары өздөрүнүн жактоочусу Фетхи Тарбелди бошотушун талап кылышкан. Тарбелди коё беришкенден кийин да топтолушкандар таркаган эмес. Ошондон кийин митингчилер күч менен таркатылып, кагылышууда 38 адам жаракат алган. Ошол эле күнү өлкөнүн көптөгөн шаарларында, анын ичинде Бенгазиде да Каддафини колдоо максатында жөө жүрүш болуп өтөт. Ал эми 19-февраль күнү таңкы 5те күч кызматтары көздөн жаш агызуучу газ жана дубинка колдонуп, Бенгазидеги митингчилердин чатырларын талкалап салышкан. Бул кагылышууда 84 киши курман болгон.
21-февралда Бенгазидеги аскер күчтөрү оппозиция тарапка өтүп, массалык толкундоолор өлкөнү каптайт. Коопсуздук күчтөрү менен козголоңчулардын кагылышуусунун натыйжасында өлкөнүн чыгышындагы бир нече ири шаарлар оппозициянын көзөмөлүнө өткөн. Ливиянын оппозициясынын маалыматында, Каддафинин режимине каршы акциялардын башталышынан бери миңдеген киши каза болуп, ар кандай жаракат алган.

КОЗГОЛОҢЧУЛАР КИМДЕР?
Оппозиция Өткөөл улуттук кеңешти түзүп, аны мурдагы Юстиция министри Мустафа Абдул-Жалил жетектөөдө. Ал эми күч бийликтери мурунку Ички иштер министри Абдель Фаттах Юнистин колунда. Ал кеңешке Ливиянын негизги шаарларынан 31 өкүл кирген. Өлкөдөн мурда качып кеткен оппозиция өкүлдөрү да кайтып келишкен. Козголоңчулардын арасында “Аль-Каида” сыяктуу террордук уюмдардын мүчөлөрү да бар деп айтылат.

СОГУШ КАДДАФИНИН "АЛТЫН ДИНАР КИРГИЗЕМ"
ДЕГЕНИНЕН ЧЫККАНБЫ?
Согуштун себебине АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн көзүн кызарткан мунайдан сырткары башка себептер да айтылууда. Каддафи доллар жана евро менен эсептешпөөнү көтөрүп чыккан. Ал Араб жана Африка элдерин жалгыз валюта – алтын динар менен эсептешүүгө үндөгөн. Каддафи бул каржылык база менен бирдиктүү африкалык мамлекет түзүүнү сунуштаган. Бирдиктүү алтын валюта биримдигин түзүү, Африка өлкөлөрүн бир күчтүү федерацияга бириктирүү идеясын акыркы жылы Африканын көптөгөн өлкөлөрү колдогон. Ливиянын мындай демилгеси АКШга жана Евробиримдикке жакпай, эскертүү бере башташкан. Бирок Каддафи Бирдиктүү Африканы түзүү үчүн жаңы кадамдарга баруусун уланта берген. НАТОнун Ливияга аскердик кийлигишүүсүнүн негизги себеби ушул болушу толук мүмкүн.

КАДДАФИГЕ КАРШЫЛАР
2011-жылдын 18-мартында БУУнун Коопсуздук кеңеши "Ливиянын аба мейкиндиги учууга мүмкүн эмес зона" деп жарыялап, анын калкын коргоо боюнча резолюция кабыл алды. БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнөн АКШ, Англия, Франция жана убактылуу мүчөлөрүнөн Босния жана Герцеговина, Колумбия, Габон, Ливан, Нигерия, Португалия, Түштүк Африка өлкөлөрү макулдугун беришкен. Ал эми Орусия, Кытай, Германия, Бразилия жана Индия унчукпоону эп көрүштү.
2011-жылдын 19-мартында “Одиссея. Таң” аталыштагы операция башталган. Ал боюнча АКШ, Англия, Франция, Канада, Бельгия, Италия, Испания жана Дания өлкөлөрүнүн аскер аба күчтөрү Ливиянын борбору – Триполи шаарын бомбалай баштаган. Андан кийин Франциянын аскер учактары деңиз жээгиндеги Мисурата, Зуара жана Бенгази шаарларындагы аскердик эмес объекттерди аткылаган. 31-марттан бери Ливиядагы аскердик операцияны НАТО жетектеп келүүдө. Операцияга орточо 350 учак тартылып, батыш коалициясы бомбалоодо Ливиянын аскердик аба күчтөрү жана аба күчтөрүнө каршы системасы жок кылынганын билдирүүдө. Бирок Каддафинин жөө аскерлери козголоңчулар ээлеп турган шаарларды курчоого алууда. Ал эми Каддафи "кандай болбосун жеңем" деп ишендирүү менен алек.
Ушул убакка чейин НАТОнун учактары Ливиянын үстүнөн болжол менен 1500 ирет учушкан, анын жарымы согуштук учактар болгон. Ливияга курал-жарак ташылбасы үчүн НАТОнун 20 аскердик кемеси Жер Ортолук деңизин көзөмөлдөөдө. Англия альянска мүчө өлкөлөрдүн баарын согуш аракеттери болуп жаткан жерлерге учактарын алып баруу үчүн кысымга алууда. Азыркы убакта өлкөнүн чыгышында абал оор, Мисурата жана Аждабия шаарлары үчүн болгон согуш уланууда.

СОГУШКА КАРШЫ ЧЫККАНДАР КӨБӨЙДҮ
Азиянын жана Латын Америкасынын бир нече өлкөлөрү БУУнун Коопсуздук кеңешине Ливиядагы ок атууну токтотуу талабы менен кайрылышты. Муну БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Бразилия менен Индия да колдоду. Бул ортодо БУУнун Баш катчысы – Пан Ги Мун да НАТОдон Ливиянын тынч калкына ок атууну токтотушун талап кылды. Кытайдын Хайнань аралындагы Санья шаарында 14-апрелде жолуккан БРИКС (Бразилия, Орусия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы) лидерлери да Ливияда тынч калктын кырылып жатканына кабатыр болуп, "маселени курал менен эмес, саясий-дипломатиялык жол менен чечүү керек" дешти.

КАДДАФИ САЯСИЙ РЕФОРМАГА ДАЯР
Ливиядагы жарандык согушту токтотуу боюнча Африка союзунан делегаттар келип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн жыйынтык чыккан жок. Каддафи Ливияда шайлоо өткөрүүгө жана саясий системаны реформалоого даяр экендигин билдирди. Бирок Каддафи бийлик башында калыш керекпи же кетүүгө тийишпи, аны Ливия эли өзү гана чечиш керек деп эсептейт. Ал эми оппозиция Каддафи бийликтен кетмейинче согуш токтобостугун билдирүүдө.

Африкадагы кээ бир кедей өлкөлөрдө элдер ачкадан өлүп жатканда АКШ курал-жарак жана аскердик техникаларга эле триллиондогон акчаларын коротууда. Америка кедей өлкөлөргө жардам берип жатабы же анын буту баскан жердин баарында согуш боло береби? Эгер Каддафи кетсе, Ливиянын эли кайра мурункудай деңгээлде жашай алышабы же жокпу? Мындай суроолор Жер шарынын көпчүлүк жаранында жаралууда.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
antislav
2011-04-15 20:52:08
Черчиль айткандай "1 тамчы нефти, 1 тамчы кандан баалуурак",капиталист,оторчулар учун.
0
mikasa
2011-04-18 14:43:50
Ар бир төрөлгөн балага өкмөттөн 7000 доллар төлөнөт.
Жаңы баш кошкондорго үй сатып алууга 64 миң доллар берилет.
Жеке бизнес ачууга 20 миң доллар жардам иретинде бекер берилет.
.................................
ушундай болсо балакетин алганы тонкоруш кылышканы журобу? Кудай деп жата берсе да болчудай экен.
0
kurstams
2011-04-19 15:11:01
mikassa туура айтасын, кудай деп жата беришсе болмок
0
zana
2011-04-19 17:00:30
Elderi janagyncha akchany alyp atkandan kijin jyrgap ele tynch jatyschpaiby,bizde uschulardai akcha berse kudai demekpis,emi Kaddafi ketse bularga akcha berebi kim bilet.
0
Kirgizjigit
2011-04-19 21:47:32
Demek Liviyanin eli tan kalyshtuu el eken da. Bizge ushunday nerseler jomok siyaktuu ugulat. mamleket eline jakshy ele jardam beret eken tobo dep jashagandy da bilish kerek da.otko aydasan bokko kachat degendey bolup jatkandaryn karagyla batysh oozdoruna bir kesimden et berip neftinin baaryn aluu maksatynda Liviya elin koldonup jatkanyn korup teroristter bular super derjavalar degen soz chyn ele eken. Eldi bolup jaryp jep jutup,ozdorunun kursagyn toyguzuunu kana oylogon Batysh olkolor.
0
Kirgizjigit
2011-04-19 21:49:00
Bir kunu silerge da kezek keleer. Biroogo or kazsan taiyz kaz ozun tushup kalyshyn mumkun degen soz bar bele oshogo okshop bir kunu ozdorunun elderi da azyrky Liviyanyn abalyna tush kelip kalbasyn.
0
Yaposh31
2011-04-25 04:23:01
Туура айтасынар достор бул батыштагылардын иши болушуда мумкун. Мен Каддафини колдойм себеп ал эли учун кызмат кылган адам экен. Ливиядагы жашоо шартын карагыла ушундай шарт дуйнонун бир дагы мамлек-де жок. Кандай арзанчылык, мамлекет элин ар тарптан колдойт экен. Кудайым коруп турат Каддафи элинин алдында куносуз болсо женип чыгаар. Алга Каддафи!!!
+1
moinok
2011-04-25 11:58:02
Бул согуш сөзсүз сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсүнөн чыкты да. Адам жылкы мүнөз деген ушул.
-1
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан