БИЗДИН МОДЕЛЬЕРЛЕР ДҮЙНӨНҮ БАГЫНДЫРА БАШТАШТЫ

Кыргызстан революция менен гана эмес, мода дүйнөсү менен да чет жерге тааныла баштаганы жагымдуу жаңылык. Жакында мода жумалыгы өтүп, бул туурасында маекти “Витлайн Промоушн” борборунун жетекчиси Виталина Борзенко менен курдук.

ПАРИЖДИ БАГЫНДЫРЫП...
Март айында Парижде өткөн мода көрсөтмөсүндө Гран-Приге кыргыздын кызы Жылдыз Шекербекова ээ болду. Бул көрсөтмөгө Орусия, Дагестан жана Кыргызстандын дизайнерлери чакырылган. Өзүнүн «Фантасматория» коллекциясы менен Франция жана башка өлкөлөрдүн белгилүү модельерлерин биздин Жылдыз багындыра алды. Ал жакында Франциянын белгилүү Жан Клод Жетруа аттуу дизайнеринин дизайн-студиясында тажрыйба топтоого 1 айга сапар алат.

МОДА ТУУРАЛУУ

  • Дүйнөгө мода деген түшүнүктү киргизген эң биринчи модельерлердин бири Поль Пуаре болгон. Польдун түшүнүгүндө мода бул – аялзат менен искусствонун биргелешкендиги. Поль өзүнүн кутюрье («кутюрье» француз тилинен которгондо «тигүүчү» дегенди билдирет) кесибин үч эжеси белек кылган бою 40 сантиметрлик куурчакка көйнөк тигүүдөн баштаган.
  • Алгачкы манекенди кечил ойлоп тапкан. «Бачио» чиркөөсүнүн дубалдарына ыйыктардын сүрөтүн тартчу экен. Өмүрү аял көрбөгөн ал кечил аялзатынын денесин жыгач менен ылайды аралаштырып жасап, ошондон улам манекен пайда болгон.

– Виталина, кепти 2011-жылдын жазгы жумалыгынан баштасак...
– Мен мындан 10 жыл мурун мода дүйнөсүнө баш багып, аталган борборду негиздегем. Башында кыйналдык. 5 жылдан кийин гана ишибиз ийгиликтүү болуп, күзгү жана жазгы коллекция боюнча жумалык өткөрө баштадык. 2011-жылдын жазгы коллекциясына катышууну каалагандардын саны 66дан ашты, бирок тандоодон мыктылардын мыктысы тандалып жатып, 33 дизайнердин коллекциясы жумалыкка катышты.
– Дизайнерлердин коллекциялары сынакка катышуу үчүн кандай этаптарды басып өтөт?
– Алгач сайтка жарнама беребиз. Аны окуган дизайнерлер бизге өздөрүнүн анкетасын толтуруп жиберишет. Чыгармачылыкка эч кандай чектөө жок. Сайттан иргелген эмгектер эл аралык сынактарга катыша бергенге укугу бар.
– Сиздерде ийгиликке жол кыска көрүнөт го...
– Ийгиликтин жолу кыска болгону менен, көп эмгек талап кылат. Бир эле коллекцияны жылдап тиккен учурлар болот. 2011-жылдагы жумалыкка катышкан 33 дизайнердин ичинен наамдар боюнча 11и мыкты деп табылды. Ал эми сынакка катышкан мүмкүнчүлүгү чектелген (буту баспайт) Укей Мураталиева өзүнүн тырышчаактыгы үчүн калыстардын атайын даярдалган белегине ээ болду.
– Жазгы коллекция сизди эмнеси менен таң калтыра алды, кандай өзгөчөлүктөр болду?
– Өзгөчө фантазия жана креативдүү көз караш менен тигилген кийимдер мени абдан кубандырды. Элестетиңиз, биздин дизайнерлердин кийимдери Парижде Гран-Прини жеңип алганын. Бул Кыргызстандагы мода дүйнөсүндөгү бир чоң бурулуш десек да болот. Жылдан-жылга жаш дизайнерлерибиз күчтөнүп, фантазиясы курчууда. Мени таң калтырган коллекция жаратылыштын нукура материалдарынан (жалбырактан, буурчактан, гүлдөн) тигилген коллекция болду.
Бизге Орусиянын белгилүү жаш дизайнерлеринин бири Сергей Москоленко да келди. Ал өзгөчөлөнгөн дизайнерлердин коллекцияларын жактырып, жогору баа берди. Кызыктуусу, калаабыздын дизайнерлери “жакшы сапаттагы кездемелержок” дегенинен орусиялык конокторубуз менен бирге “Мадина” базарына барууга да үлгүрдүк. Аларга биздин базар өтө жагып, “силерде миң түркүн кездемелер бар турбайбы. Мындан 100 пайыз сапаттуу кийим тигилет” деген сөздөрдү айтышты.
– Сиздерде ийгилик артынан ийгилик болуп жатканын кулагыбыз чалды...
– Ооба, биздин борбор аркылуу кеткен модельерлер тобу март айында Франция, Германия өлкөлөрүндө өткөн эл аралык долбоорго катышып келишти. 8 модельердин ичинен бирөөсүнүн коллекциясы Гран-Приге ээ болуп, калган үчөө биринчи орунга татыктуу болушту. Дагы бир модельерибиз Франциядагы белгилүү мода үйлөрүнүн биринен бермети бар колье белекке алды. 
– Сиздин оюңуз боюнча, мода тармагында Кыргызстанда кандай мүмкүнчүлүктөр бар?
– Жакынкы жылдары кийим тигүү боюнча Кыргызстан мыкты жетишкендиктерге ээ болуп келе жатат. Бул мамлекетибиздин казынасына бир топ эле каражат киргизери да анык. Мисалы, учурда эң керектелүүчү кесип бул – тигүүчүлүк, мындан улам келечекте Кыргызстан тигүү тармагы боюнча алдыңкы позицияларды ээлейт деп ишенем.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
zana
2011-04-15 22:29:39
uschunchalyk kubanychtuu janylyk! Kyrgyzdardy dagy moda jagynantaanyi baschtaschat ekenda!!!!!!
0
elif
2011-04-16 17:19:31
En sonun,kuttuktaym,ushul uchurda suyundurgon kabarlarga kırgız eli muktaj,bir gana karuseldi 'aylanma selkinchek' dep nege kotorushkan emes,karusel degen kulaktarina jakshi ugulgan okshoyt ee?
0
merim
2011-04-16 22:50:35
ЖЫЛДЫЗ АЗАМАТСЫН!!!ДАГЫ коп жерди багынта бер!
0
botokoz
2011-04-17 02:30:17
молодцы!!!!!!!!!!!!!
0
chocolate
2011-04-18 13:18:48
Супер! успехов творческих!!!
0
Аида
2011-04-19 01:59:03
Азаматтар окуп алып кубанып жатам,Кыргызстанды,апамды аябай сагындым.
0
arlekino
2011-04-19 11:15:14
Укмуш сонун супер!!!!!!!!!
экинчи жашыл сары юбкасы .............
0
bagdat
2011-04-20 01:56:33
Кыргыздын кыздарын суйомда, Силерге эч ким жетпейт, суктанам силерге!!!!!!!!!!!!!!
0
gulnura88
2011-04-20 19:39:37
oouuu Kyrgyzdar alga bar bolgula bizdin modelerler iygilik silerge super
0
japarova
2011-04-21 10:49:38
jakwi,jakwi,..birok modelder 4in aytsam an4a emes bolup kaliptir,men ozum modelermin,menin oiyum4a bizdin modelerler mindan jakwiraak modelderdi 4igara aliwat! no vse je molodsi!
0
oxy
2011-04-22 14:09:53
Супппперсинер КЫРГЫЗДЫН кыздары!!!Дайыма алгаааааааа
0
Агата Кристи
2011-04-22 18:18:44
жакшы экен!!!
0
Jazgulya
2011-04-23 03:40:12
sonun, uda4i vam))))
0
azizamamasabyrkyzy
2011-06-17 18:29:11
Эн жакшы баракелде ийгилик силерге!!!
0
Jakulinka
2011-09-16 04:17:27
Iygilik!!!!
0
№ 441, 15-21-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан