ЖАСТИН ТИМБЕРЛЕЙК

Жер бетиндеги миллиондогон кыздардын жүрөгүн багындырган атактуу ырчы Жастин Тимберлейк учурда жаңы кинолорго тартылып, талантын ар тараптан такшалтып жаткан кези. Ал тургай жеке жашоосун да аксатпастан сүйгөн кызына баалуу белектерди берип, келечекте ал кызга үйлөнөөрүн айткан.
Булар тууралуу кеңири маалымат, жалпы эле Жастиндин өмүр баяны бүгүнкү “Дүйнө жылдыздары” рубрикасында...

АЛТЫН БАЛАЛЫК

Атактуу ырчы Жастин Рэндалл Тимберлейк 1981-жылы 31-январда АКШнын Теннесси штатындагы Мемфис шаарында туулган. Эми эле там-туң баскан кичинекей Жастиндин ырга-бийге жакын болоору ошол кезде эле байкалат. Эс тартып калган кезинен эле Майкл Жексонду кумир тутуп, анын ырларына кызыкчу. Ал эми 11 жаш курагында “Жылдыздарды издейбиз” жаш таланттар сынагына катышып, эл алдына чыгуу сапарынын алгачкы кадамын таштаган. Андан көп узабай эле ар кандай телешоуларга чакыруулар келип, жаш экенине карабай Уолт Диснейдин “Микки Маус” балдар клубунда иштеген. Бритни Спирс, Кристина Агилера, Жошуа Скотт Чавестер сыяктуу келечектеги кесиптештери жана атактуу ырчылар менен дал ушул жерден таанышкан эле.

АТАКТУУЛУКТУН АЛГАЧКЫ ДААМЫ

“Микки Маус” клубунда эки жыл жүргөндөн кийин кайрадан өз ата-энесинин колуна кайтып келет. Бирок, ырдабай тынч жата албасын түшүнгөн Жастин Орландо шаарын көздөй бет алат. Жаңыдан эл көзүнө илине баштаган 14 жашар ырчы жигит тез эле жаңы түзүлүп жаткан топко кабыл алынат. Топтун курамына Жастин курактуу 5 бала кирип, алардын аттарынын акыркы тамгаларын кошуп топту “N SYNG” деп аташкан. Алардын эмгегинен жаралган алгачкы альбому да “N SYNG” деген аталышта чыгып, топтогу балдар тез эле эл сүйүп уккан ырчыларга айланышкан. Жастиндин ыр жазуу таланты бар экенин байкаган топтун продюсерлери 1993-жылдын аягында жазылган ырлардын көпчүлүгүн толук ишеним менен тапшырышкан эле. Көпчүлүк мектеп жашындагы дүйнө жылдызы Жастинди “Сулуу жигит”, “Тармал чач” деген ат менен таанышчу. Ал учурда энергияга толгон ырчы жигит мектептеги окуусунан тышкары ырдаганга жана актёрдук курстарга да катышууга жетишчү. Топтун экинчи альбому “Кышкы альбом” 1998-жылы, ал эми 2000-жылы “Шартсыз” деген аталышта чыккан үчүнчү альбому “N SYNGге” “бриллиант” статусун алууга чоң салымын кошкон. 10 миллион даанада чыккан бул альбомдун бир күндүк сатылышы 1,1 миллионго жеткен, а бул болсо дүйнөлүк рекорддордун бири экени талашсыз. Убакыттын өтүшү менен талыкпас эмгектин артынан Жастин дүйнөлүк атактуулукту багындырат. 1990-жылдардын аягында эң популярдуу ырчылардын катарына кошулуп, 2002-жылы жеке карьерасы үчүн иштөөнү чечкен.

ЖЕКЕ КАРЬЕРА

2002-жылы өзүнүн алгачкы “Негизделген” аттуу альбомун жараткан. Бирок, бул альбомдун аталышынын дагы бир “Жастиндештирилген” деген мааниси эл арасында кенен тараган. Андагы “Көз жашка толгон дарыя” чыгармасы менен MTV музыкалык каналы уюштурган Европа ырларына сыйлык тапшыруу аземинде “Эң мыкты альбом”, “Эң мыкты аткаруучу” жана “Эң мыкты поп-ырчы” деген наамдардын ээси болуп кайткан. Ал эми 2003-жылы популярдуу жана сапаттуу видео тасмаларды аныктоо аземинде “Көз жашка толгон дарыя” ырына тартылган клиби үчүн “Эң мыкты видео тасма”, “Эң мыкты бий тасмасы” наамдарына татыктуу болгон. Ушундан кийин ырчы бир канча башка дүйнө жылдыздары менен биргеликте учурдун хит ырларына айланган чыгармаларды жарата баштаган. Андай ырлардын катарына Жанет Жексон менен болгон дуэтин кошууга болот. 2004-жылдын февраль айында Жастин америка футболунун Супер кубогуна болгон таймашта чоң жаңжалга кабылган. Мында миллиондогон футбол күйөрмандарынын алдында ырдап жатканда чоң жагымсыз абалга кабылган. Пландар боюнча “Бул ырдын аягына чейин мен сени чечиндирем” деген саптардан кийин Жастин Жанеттин кийимине жабыштырылган кандайдыр бир бөлүкчөнү алып салышы керек эле. Бирок, баары пландагандай болбой, Жастин кокустан Жанеттин ич кийимин да чечип алып, ырчы кыздын төшү түз эфирден бүт дүйнөгө көрсөтүлгөн. Мындан кийин шоу-бизнес дүйнөсүнө чоң жаңжал салган ырчыларды эл алдына чыгууга тыюу салышкан. Ушундай ыңгайсыз абалдан кийин “Грэмми” сыйлыгына ат салышуу аземине катышуу үчүн экөө тең эл алдында кечирим суроого мажбур болушкан. Конкурстун жыйынтыгында Жастин эки чоң сыйлыктын ээси болуп кайтат. 2006-жылы музыка жаатында өзүнүн экинчи жеке альбомун чыгарган.
Ал эми актёрдук карьерасына кайрылсак, кичине кезинен эле майда эпизоддордо ойной баштаган. Көзгө кө­рүнүктүү тасмаларына “Эдисон” триллери, 2006-жылы чыккан “Альфа ити” драмасы, “Түштүктөгү өрөөн” мюзиклы кирет. Ал эми дагы бир айта кетчү нерсе, Жастин учурдун эң популярдуу мультфильмдеринин бири “Шрек-3төгү” король Артурдун үнүн чагылдырган. Учурда Жастин белгилүү сценарист Майк Майерстин “Сүйүү адиси” кинокомедиясында тажрыйбалуу хоккей оюнчусунун ролуна тартылып жаткан кези.

СҮЙҮҮ ЖОЛУНДА

Жастинди кичине кезинде апасы анча жакшы көрбөй көп уруша бергендиктен, эне мээримине зар болгон бала өтө уялчаак болуп чоңоёт. Башты жерге салып, үн чыгарбай жүргөнү менен өз талантын даңазалоого жол тапкандыгы үчүн ырчыга баа берүүгө болот. Ал эми ошол кездеги үн-сөзү жок жоош баланы эми көрүп алыңыз, дүйнө кыздары сүй­гөн ырчыга айланды. Жастин “N SYNG” тобунда жүргөн кезде атактуу ырчы Бритни Спирс менен жакын мамиледе жүргөн эле. Жеке карьерасына жаңы багыт алган кезде Бритнинин көп жалган сүйлөп, аны алдагандыгы үчүн жолдору эки айрылган эле. Андан көп узабай Жастин атактуу актриса Кэмерон Диазды сүйөөрү тууралуу көпчүлүккө жар салган. Кэмерон Жастинден 9 жашка улуу экенине карабай экөө 3 жылдан ашуун убакыт чогуу күн көрүшөт. Тилекке каршы, бул жолу да экөөнүн мамилелери аягына чыкпай “Биз өз каалоолорубуз менен эле ажырашып жатабыз” деген билдирүүлөрдү таратышкан. Андан кийин ырчы “Скарлетт Йоханссон менен жакын экен” деген ушак кептер тараган. Мындан тышкары тун сүйүүсү Вероника аттуу кызга да шек түшүп, “Жастин бейтааныш эле бир Вероника аттуу кызга үйлөнгөнү атыптыр” деп да чыгышкан. Айтор, азыркы тапта ырчы белгилүү актриса Жессика Биль менен чогуу өмүр сүрүүдө. “Жессика менин оюмдагыдай кыз, мен аны сүйөм” деген билдирүүлөрү менен ага сүйүүсүн далилдеп баалуу шакек белекке бергени маалым болду.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 252, 31-август-6-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан