Биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов кызматынан убактылуу кетти. Акыркы учурда ага карата айтылган дооматтарды иликтөө бүткүчө бийликтен четтеди. Өткөндө Байболов башкы прокурорлуктан түшсө, бул аптада Бабанов, кезек эми УКМКнын жетекчиси Дүйшөбаевге келген жокпу?
ТАШИЕВ “КЕТСИН” ДЕДИ
Бул аптанын башында “Ата Журт” фракциясы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевге “тоголок катын” жөнөтүшкөн. Анда “ата журтчулар” биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановду кызматынан алуу талабын коюшмак. Бирок коалициядан чыгуу жөнүндө кеп болгон эмес. Эгерде өкмөт башчы Өмүрбек мырзаны кызматтан алуу керектиги боюнча чечимди кабыл албаса, анда аталган фракция бул маселени парламенттин жыйынына алып чыкмак.
Эске салсак, “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев эгерде “Республиканын” лидеринин шектүү иштерге тиешеси бар экендиги тастыкталса, анда “ата журтчулар” коалициянын курамынан чыгарын билдирип келген. Мунун айынан Камчыбек мырза “республикачы” депутат Алтынбек Сулайманов менен мушташууга чейин барганын бардыгы билет.
“Ата журтчулардын” мындай чечимин “Ата Мекен” партиясы биринчилерден болуп колдоого алды.
Ошентип, Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңеште 120 депутат тарабынан кызматтан алуу маселеси талкууланардан бир күн мурун бийликтен кетүүнү өзү чечти. Бир сөз менен айтканда, ЖКнын “бомбалоосунан” Бабанов оңой кутулду.
БИРИНЧИ ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР ЭМНЕСИНЕН ИЛИНДИ?
Жаздын биринчи күнүнөн тарта эле “Республиканын” лидери “Ата Мекендин” катуу сын-пикирине туш болгон. Ошол учурда “Өмүрбек Бабановдун биринчи вице-премьерлик кызматта калууга моралдык укугу жок, кызматтан кетиши шарт” дешкен “ата мекенчилер”. Анда Өмүрбек Бабановдун жээни “Манас” аэропортундагы “Күйүүчү май куюучу комплекс” ЖАКысын жетектей тургандыгы айтылган болчу. “Андан тышкары вице-премьердин Орусияда чоң бизнеси бар. Башка мамлекеттен бизнеси боюнча көз каранды болуп отурса, өлкөнүн башкы экономисти өзүнүн функционалдык милдеттерин кантип жакшы аткармак эле?”- деген Ташболот Балтабаев.
Мындан көп өтпөй Орусиянын Мамдумасынын депутаттары Өмүрбек Бабановдун “Мегакомдун” тегерегиндеги окуяларга түз тиешеси бар экендигин жар салышты. Анда “Мегаком” уюлдук операторунун жана “Манас” аэропортуна байланыштуу коррупциялык схемалардын ичинде Бабановдун ысымы да аталган.
Биринин артынан бири чууруган ушак-айыңдар “ата журтчуларды” аргасыз чечимге түрттү. Анткени коалициядагы үчүнчү команда болгон КСДПчылар Бабанов жөнүндө кептерге реакция жасабай койду. Анын үстүнө Атамбаев менен Бабановдун партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгын угары менен эле жалпы журтка “ага-инидей” алакасы бар экендигин айтышканы эсте.
БАБАНОВ 14-МАЙГА ЧЕЙИН ЭС АЛАТ
Өкмөт башчы биринчи вице-премьердин суранычын канааттандырып, анын 14-майга чейин кызматтан убактылуу кетүүсүн кабыл алды. Бабанов бул аралыкта акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүндө болот. Ага чейин Бабановдун кызматын ким аткарып турары да белгисиз. Баш мыйзамда мындай жогорку бийликтеги аткаминердин кызматтан убактылуу четтөөсү тууралуу сөз болбогондуктан, депутаттардын башы маң.
Ал эми журналисттерге маалымат жыйын уюштурган биринчи вице-премьер: “Бир айдын ичинде депутаттар тарабынан түзүлгөн комиссия менин ишмердигиме иликтөө жүргүзүп бүтөт. Биз түрдүү ушактарга чекит коюп, алга карай кадам ташташыбыз керек”,- деп билдирди.
Өмүрбек Бабановдун бийликтен убактылуу четтешин кандайдыр бир деңгээлде оппозиция тараптын жеңиши деп баалоого болот. Саясатчы Эдил Байсалов менен укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова муну менен эле токтоп калбай, УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев да кызматынан алынышы шарт деп эсептешет.
Ал эми «Бүтүн Кыргызстандын» лидери Адахан Мадумаров: «Башкы чекистти кызматтан шыпыруу менен чектелбей, президент Роза Отунбаеваны да бийликтен четтетүү зарыл. Анткени Байболов айткан коррупциялык схемаларда мамлекет башчынын ысымы аталган болчу»,- деди.
Эльвира Караева
politika@super.kg