“Ататүрк” сейил багында шаарды жашылдандыруу максатында ишембилик уюштуруп, “Супер-Инфо” гезитинин жана www.super.kg сайтынын колдонуучулары биргеликте бак тигип, Достук багы деп атадык.
БИР БАК ТИКСЕҢ, МИҢ СООП АЛАСЫҢ
9-апрель күнү WWW.SUPER.KG сайтынын колдонуучуларынын демилгеси жана биздин редакциянын каржылоосу менен шаарыбыздын эртеңине кайдигер карабаган жарандардын катышуусунда ишембилик өткөрдүк. Анын алкагында “Ататүрк” сейил багынын түштүк тарабындагы мурда кыйылып жок болгон дарактардын ордуна 90 түп ясень, мүрөк дарак жана арчанын көчөттөрү отургузулуп, ал аймак “Супер-Инфо” гезитинин жана www.super.kg сайтынын колдонуучуларынын Достук багы” деп аталды.
Бул иш-чарага уюштуруучулардан тышкары Жаштар министри Алиясбек Алымкулов, алпаруучу Эрмек Нурбаев, ырчылардан Ильяз Абдыразаков, Гүлзинат Суранчиева, Каныкей жана "Тумардын" ди-джейлери Лейла менен Аслан да күрөк кармап жардамын аяшкан жок. Иштин жүрүшүндө катышуучулардын кээ бирлери созолонто ырдап, бири-бирин тамашага салып, шаңдуу иштеп, жагымдуу маанай тартуулаганга да үлгүрүштү. “Бир бак тиксең, миң сооп аласың” дегендей, арык чаап, тегерек-четтеги таштандыларды тазалап жатканыбызды көрүп, ары-бери өткөндөр: “Азаматтар! Силерди Кудай колдоп, өмүрүңөр арчадай узун болсун”,- деп жасап жаткан ишибизге ыраазычылыктарын билдирип жатышты.
ЖАКШЫ ТИЛЕК – ЖАРЫМ ЫРЫС
Көчөт тигүүнүн алдынан бата тилеп, ата-бабалардын салтын улай кой союп, казан астык. Эт бышканча редакциянын жамааты менен сайттын колдонуучулары дасторкон четинде таанышып, кызыктуу оюндарды ойноп, кеңири баарлаштык. Салттуу бешбармактан соң баарыбыз алакан жайып, “келечекте шаар тургундары коноктору, үй-бүлөсү, достору менен келип эс ала турган көлөкөлүү жайга айлансын. Мындан кийин биз дагы бирге болуп, достугубуз бекемделсин, Кыргызстанда тынчтык болсун!” деген тилектер айтылып, бата кылуу менен ишибизди жыйынтыктадык.
БИЗ ЖАШЫЛ ШААР ҮЧҮН!
Жол жээктери, сейил бактарынын ичи кызыл-тазыл гүлдөргө толуп, бак-дарактарда куштар сайрап турса кандай жагымдуу. “Тазаланган эмес, таштанды төгүлбөгөн жер таза” деген сөз бар. Андыктан көчөнү да өз корообуздай көрүп таза кармасак, Бишкегибиз “жашыл шаар” деген атагына кайрадан ээ болот деген ишеничтебиз.
КӨЧӨТ ОТУРГУЗУУНУН ЖОЛДОРУ:
1-кадам
Көчөттүн тамырына жараша тереңдиги 50-80 сантиметр кылып чуңкур казабыз.
2-кадам
Даяр болгон чуңкурга көчөттү салабыз. Көчөттүн тамыры жерге тийбей, ортодо бош болуусу кажет. Ал үчүн аны чуңкурга салганда, жерге тийгизбей кармап туруш керек. Андан кийин топурак менен көмөбүз.
3-кадам
Көмүп бүткөн соң үстүнөн нымдуулук жакшы сакталуусу үчүн бут менен таптап, казылган жерди тегерете кырдап чыгабыз.
4-кадам
Кырдап болгондон кийин үч-төрт чака суу куюп коёбуз.
«Супердин» сурак бурчу
БИШКЕКТИ “ЖАШЫЛ ШААР” ДЕГЕН АТАЛЫШЫНА
КАЙТАРУУ ҮЧҮН КАНДАЙ САЛЫМ КОШО АЛАСЫЗ?
Таабалды Эгембердиев,
ишкер:
– Ар бир уюм, компаниянын жана жеке турак жайдын ээлери өздөрүнө караштуу жайга бак тигишсе эле, шаарыбыз кооз болуп калат. Мен болсо “Супара” этникалык комплексинин тегерегине 100 түп карагай жана 500 ар кандай көчөттөрдү отургузуп жатам. Бирөөнө акча берип жасатпай, баарын өзүбүз жасашыбыз керек.
Алина Жетигенова,
ырчы:
– Сейил бактарды оңдоп- түзөөнү колго алсак, ошондо Бишкек "жашыл шаар" деген аталышына ээ болот. Өзүмдү айтсам, көчөдө баратканда таштандыларды алып урнага салмай адатым бар. Жалпы тургундар чогулуп шаарды жашылдандыруу боюнча иш аткарабыз десе, мен да даярмын.
Закир Коомбаев,
"Жашылдандыруу жана курулуш" ишканасынын директору:
– Биздин ишкана көчөттөрдү тигип, жашылдандыруу иштерин алга жылдыруу боюнча атайын акция өткөрүүдөбүз. Анын алкагында көчөттөрдү шаардык мекемелерге бекер таратып, аларды тигип, өстүрүүнүн жолдорун үйрөтүү менен алекпиз.
Мухтарбек Өмүракунов,
“Замандаш” партиясынын лидери:
– Бишкек башка чет жердеги шаарларга салыштырмалуу жашыл шаар. Ушуну сактап калышыбыз керек. Мэрия жашылдандыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгып, ишканаларга, партияларга аймактарды бөлүп берип, өз каражатыңар менен көрктөндүрөсүңөр десе, биз колдойт элек.
Карганбек Самаков,
ЖКнын депутаты, "Ата Мекен" фракциясы:
– Бир кезде Бишкек Киевден кийинки эң жашыл шаар эле. Кийинчерээк көңүл бөлүнбөй, бак-дарактар куурап, шаардын кунары кетип калды. Кайра мурунку абалына келтириш үчүн ар бир шаардык бирден көчөт отургузса эле жетиштүү болмок. Мен өзүмө тиешелүү мекемелерге 500 түп көчөт тиктим.
Замира Молдошева,
стилист:
– Бактарды, гүлдөрдү көп-көп отургузсак, борборубуз көркүнө келет эле. Бул үчүн мэрия шаар ичинен бир аймак бөлүп берсе, биз, шоу-бизнес өкүлдөрү да ал жерди өз күчүбүз менен жашылдандырууга даярбыз.
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg