Учурда кайсы гана ырчы сахнага чыкпасын, артында чимириле бийлеген бийчи кыздарды көрөсүң. Алардын катарында Айпери деген сулуу да бар. 15 жылдан бери бий дүйнөсүндө жашап, мындан сырткары окуучуларга өз өнөрүн үйрөтүп келе жаткан Айпери бизде конокто.
Туулган жылы – 1984-жыл, 4-декабрь
Бою – 178 сантиметр
Салмагы – Билбейт. Таразага түшө элек
Кесиби – Дизайнер-архитектор
Жактырган тамагы – Куурулган картошка
Көп колдонгон сөзү – «Ужасно нравиться, бывает»
ЭҢ БИРИНЧИ ЖОЛУ...
– Айпери, жакында эле Азербайжан өлкөсүнө барып келдиң. Сапарың тууралуу сөз кылсаң...
– Эл мени “Версус” тобунун бийчиси катары тааныйт. Бийчиликтен тышкары модельерлик кесип менен 3 жылдан бери алектенип келем. Менин колумдан чыккан кийимдерди шоу-бизнестин көпчүлүк өкүлдөрү сахнага кийип чыгышууда. Сапарым боюнча айтсам, Жаштар иштери боюнча министрлигинин тандоосу менен Кыргызстандын атынан “Баку мода жумалыгы” деген эл аралык фестивалга катышып келдим. 20-30 жаштагы айымдар арасында болгон бул фестиваль жогорку деңгээлде өттү. Улуттук стилде тигилген 12 көйнөк алып барган элем. Бирок регламентке карап, алтоосун гана эл алдына алып чыктым. “Узун көйнөктөр биздин менталитетке жакын” деп жакшы кабыл алышты. Кеткен каражаттын баарын Азербайжан өлкөсү көтөрдү. Фестиваль 5 күнгө созулду. Шаар кыдырганга да жетиштим. Аябай кооз өлкө экен. Катышуучулардын баарын диплом, белек-бечкектер менен сыйлашты.
– Элибизде “каяктыксың?” деген дежур сөз бар эмеспи. Мен да ушул суроону узаткым келип жатат...
– Мен Бишкекте төрөлүп, ушул жерде окуп, иштеп келе жатам. Атам Обозов Алайбек чүйлүк. Техника илимдеринин доктору, профессор. Апам Адашканова Даанакан Оштон болот. КРнын Эмгек сиңирген сүрөтчүсү. Шайым аттуу эжем, Бектур деген келбеттүү иним бар. Эжемди кошунам, ашпозчум деп койсом да болот. Экөөбүздүн үйүбүздү дубал гана бөлүп турат. Башынан эле эки квартирабыз бар болчу. Кийин ата-энем өздөрү чакан жер там салып көчүп кетишти да, квартиранын бирин эжеме, бирин мага белекке беришкен. Убактым тар, ошондуктан көп тамак жасабайм. Көбүнчө эжемдикинен тоюп алам. Жигиттер тамак жасай албайт экен деп ойлоп калышпасын, түрлөп жасаганды да билем.
– Эки сөзүңдүн бири эле орусча экен. Орус классты бүткөнсүң го дейм...
– Жок, №5-Улуттук гимназияны аяктагам. ЖОЖдо окуганда, тескерисинче, орус тилинен кыйналып, кийин үйрөнүп кеттим. Жалаң орусча окугангабы, бул тилде көбүрөөк баарлашып калдым.
– Сени “шоу-бизнестеги бай кыздардын катарын толуктайт” дешет...
– Чын эле ошентип ойлошот бекен? Ата-энемдин кесиби тууралуу жогоруда айтып өтпөдүмбү. Кыргызстанда мындай кесиптин ээлери кайдан бай болмок эле? 9-класстан баштап эле косметика саттым, каникулда официант болуп иштедим. Мен эч качан арданбайм. Апам “кызым, иштебей эле койчу” деп аябай каршы болчу. Атам болсо “туура кылат. Жөн кой, иштей берсин” дечү. Мектепти аяктаган соң “Жаш кыялдан” чыккан төртөөбүз “Версус” тобун түздүк. Эки жыл жакшы эле кыйналдык. Азыр өз арабабызды тартып, маданият тармагына салымыбызды кошуп келебиз. Үйүң, машинаң болсо эле “крутой” бирөөсү бар” деп ойлошот экен. Кээде тааныштарым чалып, “Айпери, карызга акча берип турчу” деп көп суммадагы акча сурап калышат. Аларга мен “түшүмө кирбеген акчаны айтпагылачы” деп күлүп калам. Машинамды топтон иштеп тапкан акчама алдым. Мен да элге окшоп карыз алам. Мисалы, банктан кредитке акча алып, квартирамдын оңдоо-түзөө иштерин бүтүргөм. Мейли, бай деп ойлой беришсин. Ошенткенде бат бай болосуң, ха-ха...
– Бийден сабак бересиң, концерттерге катышасың, кол өнөрчүлүк менен алектенесиң. Ушунун баарына кантип убакыт табасың?
– Негизи, убакытты туура пайдаланып, бардык жакка жетишсең болот. Мен ар бир ишиме өзүнчө убакыт бөлүп коём. Бир жакшы жагым, канчалык кеч жатпайын, эрте турам. Анан да Мерседес S 220 үлгүсүндөгү унаамдын көп жардамы тиет.
– Экөөбүз маектешип отурганда Арсен менен Ома келсе, тура калып өөп учурашып жаттың. Сурайын дегеним, шоу-бизнесте кимдер менен доссуң, кимдер менен кассың?
– Өзүм аябай эмоционалдуу кызмын. Ак көңүлдүк, ачыктык жайым бар. Эң жакын досторум деп тобумдагы кыздарды айтам. Ал эми жаңы таанышкан досторум аз эле. Көпчүлүгү менен 5-10 жылдан бери таанышмын. Шоу-бизнестен Гүлнур Сатылганова эжени бир тууган эжемдей көрөм. Көп жерден жардам берет. Учурда анын жардамчысы болуп иштеп жатам. Мындан сырткары Кундуз, Асема, Аида Кулуева, Нэна менен тыгыз байланыштамын. Таарынган адамдарым бар, бирок аларды душманым деп эсептебейм.
– Концерттерде бийлеп чыкканыңарда жанымдагылардын “тиги чоң кыз бийлебей эле койбойбу, фонду бузуп” деп шыбырашып жатканын уккан элем. Сынды кандай кабыл аласың?
– Эгер сынды профессионал хореографтар айтса, аягына чейин угуп, туура кабыл алам. Анан ар кимдин сынын уга берсең, кулак деле калбайт го. Мага окшоп бийлегенди үйрөнүп, анан сын тагышса болмок.
– Ар тараптан өнүккөн кыздын жүрөгүнүн ээси бар болду бекен?
– Мм... Азырынча жок.
– Негедир жигит жөнүндө сөз козгосом, көзүңө жаш тегерене түштү...
– Ушул тема сөз болсо эле Микаэль эсиме түшөт. Экөөбүздүн жылдызыбыз жакшы келишчү. Эки жыл кыз-жигит болдук. Ата-энелерибиз, жакындарыбыз мамилебиз тууралуу билишчү. Бири-бирибиздикине конокко барып турчубуз. Анын жөнөкөйлүгү, тамашакөйлүгү абдан жагар эле. Тагдыр экен, минтип арабыздан эрте кетип калды. Анын ордун эч ким толуктай албаса керек...
– Сени ойго салып койдум окшойт. Кел, балалык кезиңдеги кызыктуу учурлардан кеп салбайсыңбы?
– Бактылуу балалыктын кучагында, эч нерседен кем болбой чоңойдум. Бул үчүн ата-энеме ыраазымын. Балалыгымды эстеген сайын мектептеги рэкет кыздарды сабаганым эстен кетпейт. Жаңы мектепке которулганымда ошол мектептин рэкет кыздары мени четке алып чыгып жатпайбы. Мен да муштумумду түйдүм эле, ошондон кийин мага жолобой калышты.
Дискотекада. Айпери чачын ары-бери серпип берилип бийлеп жатат. Бир убакта жанына келбеттүү жигит басып келип:
– Чоң кыз, сиз бийлеп жатасызбы?
– Ооба!
– Ошондой деңизчи! Мен ток уруп жатат экен деп ойлоптурмун...
Дамира Арстанова
star@super.kg