САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Элмырзага баш ийкеген Ширинбек:
– Макул, аке. Мага айлыкты убагында берген иш болсо болду да.
– Э-эй, үкөм, айлыкты убагында, тыйынына чейин санап аласың. Сен подсобник, мен рамщик болуп иштейбиз. Бир аз иштегенден кийин жетишип каласың. Азырынча кыйналасың. Бир смен күндүз, бир смен түндө иштейбиз. Күндүзү эртең мененки сегизден кечки сегизге чейин, түндөсү болсо, тескерисинче. 12 саат иш.
Ошентип, Ширинбектин Орусиядагы алгачкы иш күнү башталды. Станок күрүлдөп үшүңдү алат. Алты метрдик карагайларды тоголотуп келип майдалап, андан кийин башка станокто өлчөмгө салып кыркышат. Анан барып даяр такта пайда болот. Ширинбек терге чыланып, колдору ооруксунуп чыкканына да кайыл боло учуп-күйүп иштеп жүрдү. Анын биринчи күнү эле жакшы иштеп жатканына Элмырза аябай сүйүнүп жатты. Түнкү саат 12ге жакындаганда гана баарын токтотуп, тамактанууга үйгө жөнөштү. Дима Ширинбекти карап:
– Мурда кайсы пилорамада иштедиң эле?
– Бул айылдан жаңы келди. Иштемек тургай, пилораманы жана эле биринчи көрдү.
– Кудай десе, мен тажрыйбасы жакшы экен деп ойлоп койдум эле. Азаматсың! Мындай иштесек, биз Даниярдын рекордунан ашабыз го,- деди да тар көчө менен өзүнүн үйү тарапка басып кетти.
Экөө үйгө келсе, берки балдар тамакты жылытып, даярдап коюшуптур. Самат менен Султан сырадан тамшана ичип отурушат.
– Баланы кыйнабадыңарбы? Ширинбек, иш кандай?- деди Самат.
– Жакшы эле. Тыным жок экен го.
– Силер канча куб кыркып койдуңар?- деди Элмырза балдарга.
– 2 же 3 куб эле. Самат пиво ичкенде кайдан иш болчу эле? Силерчи?
– Биз 5-6 куб кыркып койдук. Жыгач жакшы экен, чоң-чоң.
– Оо, силер ушундай баштаса­ңар, акчага көмүлүп каласыңар го.
Бул сөздү укканда Ширинбектин көңүлү жылый түштү. “Иш болуп эле, акча болсо болду. Жаңы үй алып, үйдөгүлөрдү кубантсам экен” деп ойлоп койду.
Кайрадан туруп ишке жө­нөштү. Дагы эле тыным жок. Бир маалда Ширинбек Элмырзага келип:
– Аке, араба толуп калды.
Сыртка чыгып арабаны көрүп эле күлүп жиберди Элмырза.
– Сен айылдагы Турсункулдун отун артышындай кылып­сың го. Ал дагы жарым эшек отунду бир эшекке зорго артчу эле го. Иреттеп жыйыш керек бул жерде. Бир сменге бир араба. Капталдарына жыгач­тан сайып, үстүнө жыя бер эми. Кайра башынан жыймак белең?!
Анын айтканындай кылып жыя берди. Таңга маал араба тоодой болуп үйүлүп кетти. Тыным жок иштегендиктен, Ширинбектин курсагы аябай ачты. Дарманы калбай, жаткысы келди. Тигилерди караса токточудай эмес. Элмырза станогунун араасын алмаштырып жаткан кезден пайдаланып Володя отурган бөлмөгө кирип барды.
– Володя, хлеб есть?- деп акырын сурады.
Тиги күлүп жиберип, 3-4 кесим нан сунду. Ошол жерден эле жеди да, артынан суудан ууртады. Ушул учурда кичинекей нан жашоосундагы эң чоң табылгасындай сезилди. Таң атып, иш да аягына чыкты. «Кудайга шүгүр, бүттү эми баары» деп жаны жай ала отуруп калды.
– Иш бүтө элек, Ширинбек. Үйүлгөн таарындыны ташып чыгарабыз,- деди акеси.
Таарындыны көрүп көздөрү алайып кеткенин байкап, Элмырза аны аяп кетти:
– Макул, бүгүн мен ташып коём, чарчадың сен. Кийинкиден баштап Дима экөөң гана ташыйсың.
Таарынды ташылып бүткөн соң Элмырза кыркылган такталардын санын эски блокнотуна жазып алды да, үйгө жөнөштү. Үйгө чейинки жол өмүрүндөгү эң узак жолдой туюлду. Жетери менен кийимдерин эптеп чечип эле жатып калды. Айылда канча иш кылса да, мынчалык эч качан чарчабаган эле. Колу-буту эч нерсени сезбей калыптыр.
– Ии, чарчадыңбы? Сен жакшы, ордуңа келип жаттың. Башкалар босогодон кирип эле жерге жатып калышчу,- деди Султан.
– Ширинбек, туптуура 20 куб кыркыптырбыз. Ошондо 2000 рубль иштеп таптың бүгүн,- деди Элмырза.
Мынча акчаны бир түндө тапканына сүйүнүп, терең-терең дем алып алды Ширинбек.
– Канчадан эсептедиңиз кубун?- деп сурап калды Султан.
– 300 рублдан да.
– Азыр 350 рубль болуп калган кубу.
– Оо, анда коё тур, башынан эсептейин. 2330 рублдан иштеппиз. А жакшы!
Бирок бул сөздү Ширинбек уккан жок. Анткени эбак уйкуга кеткен эле. Түшкө жакын уйкудан турду. Балдардын баары ары-бери басып жүрүшүптүр. Тамак даярдап коюшкан экен, курсагын кампайтты. Андан соң Элка акеси экөө райондун борборуна жөнөштү. Жолдо баратып Элмырза:
– Иш кандай экен?
– Оор экен, ээ?! Курсагым ачып, өлүп калайын дедим. Сиз арааны алмаштырып жатканда Володядан нан сурап жеп келдим.
– Ой, Кудай, ошондой болдубу? Мындан кийин нан алып ал анда. Тамак-ашка жакшы караш керек. Иш оор аябай. Канча балдар келип, иштей албай кетишкен. «Курулуш бул иштен алда канча жеңил» дешет. Чыдай албай ыйлап жиберген да балдар болгон. Сен жакшы иштедиң. Азыр келип кенен тамак-аш алабыз. Бирөөдө 10 миң акчам бар эле. «Кел, берем» деди го, Кудай жалгап.
– Элка аке, Самат көтөрө бер деп телефон берди. Кантип чалам мындан?
– Оо, жакшы болуптур. Симкасы жок экен. Азыр номер алабыз экөөбүз тең.
– Анан чалсам болобу?
– Албетте, болот.
– Милиция токтотуп текшерсе, «Ахмедде иштейм» деп кой, макулбу?! Ахмед өзү ингуш. Бул райондо чечен, ингуштар кыйын. Баарын ошолор башкарат. Анан илгертен отурукташып калган казактар бар. Алар да күчтүү. Андан кийин биз кыйын,- деп күлүп койду.
– Биз ошондо орустардан да кыйынбызбы, э?
– Алар жоош калк. Ичип эле асылбаса, ашыкча сүйлөшпөйт. Болбосо алардын жери го. Негизи, кавказдыктар кыйын болушат экен да. Ахмед дагы бизге окшоп эле жөнөкөй жумушчу болуп келген. Жердештери жардам берип, азыр миллионер. Булар эч бир ингушту көчөдө калтырышпайт. Аябай ынтымактуу келишет. Биздей эмес.
Ошентип, телефонуна номер алган соң дисктерди саткан дүкөнгө киришти. Ал жерден «Терминатор» тасмасынын дискин көрүп калып, Мыктыбек абасы эсине түшүп кетти. Үйүн, айылын сагынганын туйду. 3-4 диск алышты да, чыгып кетишти.
Аялдамага келе жатышса, алдыларына машина келип токтоду. «Ахмед деген ушул» деди Элмырза.
Тигилерди күлмүңдөп караган ал адам:
– Кайда жөнөдүңөр?- деп калды.
– Станцияга.
– Отургула, ала кетейин. Мен пилорамага.
Кандай адам болду экен деп элестетип жүргөн Ахмед ушул турбайбы. Бизге окшогон эле адам тура? Айдаган машинеси деле орустардыкы. Сүйлөгөнү да биздей эле. Мен тим эле башкача элестетип алыптырмын...
– Кечээ жакшы иштепсиңер. Таза да кыркылыптыр такталар.
– Биз өзү дайыма эле таза кыркабыз да, Ахмед,- деп күлүп калды Элмырза.
– Ооба, сага. Билем силерди. 10 тактаңардан бирөөсү бүтүн чыкчы эле го. Өзүңө кошуп келген бала булбу?
– Ооба. Өзүмдүн үкөм болот. Аты Ширинбек.

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Evelet
2011-04-26 04:50:17
kopton jazgyla4y, emi kyzygyna kelgende butup kaldy goi
0
gumalya
2011-05-05 14:43:51
мынаа кызык аяабай кызыктуу экен
0
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан