АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бирөө минтип түн жарымында гүл берип жибериптир. Кучак толо бажырайган гүлдөргө жаш балача кубанып, кайра кимден келгенин билбей бушайман болуп отуруп калдым. Куш тилиндей кабар да жазбаптыр. Үйгө алпарсамбы же жумушка таштап эле койсомбу? Элдардан жашырсам, күнөө кылгандай өзүмдү жаман сезем. Экөөбүздүн ортобузда бир гана айтылбай турган сыр бар, ошол эле жетиштүү. Башка сырдын болушун каалабадым. Ошон үчүн гүлдөрдү үйгө ала бардым.
Элдар адатынча конок бөлмөдөгү диванда уктабай күтүп отуруптур. Кучак толо гүлдү көрүп, кашы суроолуу көтөрүлө түштү.
– Охоо, кимден?
– Биринчи кандайсың деп ал-жайымды сурап койсоң боло?
– Мындай гүл алган аялзатынын акыбалы жаман болбойт. Азамат, түнкү выпуск жакшы болду. Бир да жолу такалбай, жаңылбай сүйлөдүң.
Сүйлөп жатканы менен, эки көзү гүлдө.
– Сурабай эле кой, мен өзүм да билбейм, ким жибергенин. Эми чыгалы деп турсак, алып келип таштап кетишти. Кимден экени жазылбаптыр.
– Билбесең да ала бердиңби?
– Албай койсом деле болмок, бирок гүлдөргө жалко. Карачы, бажырайганын. Букет жакты, анан алып алдым. Не, ушу да кылмышпы?
– Жок, жаны, кылмыш деле эмес, өзүңө жакса ала бер.
Деген менен бир аз кабагына көлөкө түшкөнсүп калды. Элдар өзү жөнөтүп сынап жатабы деп ойлогом. Анын реакциясын көрүп, башка адам экен деп калдым. Бирок ким? Бир эле жолу эмес, күн алыс жөнөтчү болду. Кызык, ким болду экен, бул табышмактуу адам?
Буга чейин жүрөк маселесинен башым чыкпай күн өткөрүп келсем, эми менде карьера куруу максаты пайда болду. Бул ишти мындан эки-үч жыл эртерээк баштасам деле болмок экен.
Менин бүткүл ой-туюмумду ээлеген адамым Бостон шаарына жайгашып алды. Угушумча, иштери жаман эмес. Күндүзү эки иште, анан түнкү курска барып, кайра баштан англис тилин үйрөнүп жатыптыр. Кайда болбосун өз ордун таап кетерине ишенем. Анткени Арстан абдан өзүнө ишенимдүү, эмгекчил жан. Сагыныч-кусамды эске албаганда Арстан үчүн санаам тынчып, көңүлүм бир топ калыбына түшүп калды. Ошондой күндөрдө Элдардын кеби мени ойлонтуп койду. Бир күнү кечинде тамактанып бүткөн соң Искенди уктата албай аябай убара тарттым. Эки күндүн биринде кечки чыгарылышка калып, үйгө түндө келем. Атасынын да жумуштары баштан ашат. Андыктан бала көбүнчөсү бала багуучу менен калып, бизди кадимкидей сагынат.
– Уктадыбы?
– Ооба, моюнумдан кучактап көпкө чейин уктабай жатты. Көздөрү үлдүрөп, кирпиги жабышса да уктабай, мени кетиргиси келбейт десең. Боорум ачып кетти. Бала деле баарыбыз чогулган маалды жактырып, сагынат окшойт.
– Сагынбаганда анан. Экөөбүз жумуш менен убара тартып, таң заарынан чыккан боюнча үй бетин көрбөсөк. Айдайка...
– Ии.
– Искенди качан карындаштуу кыласың?
– ...
– Чоң жигит болуп калды. Төрөсөң кызганбай, тескерисинче, кубанса керек. Анын үстүнө минтип жалгыз, бала багуучуга чыргоолонуп жүрө берип, мүнөзү да эрке-талтаң болуп калабы дейм. Карындаштуу болсо эркелиги калып, чоңоё түшмөк. Жоопкерчилик пайда болмок.
Дагы төрөйм деген нерсени такыр оюма албагам. Искеним алты айга толгондо врачтарга барып, “кайра төрөгүм келбейт” деп тиешелүү иштерди жасатып алгам. Биринчиси капыстан боюма бүттү. Кудайга шүгүр, төрөгөнүмө капа эмесмин. Бирок экинчи бала керекпи? Кыздуу болгусу келсе, Элдардын Разиясы бар эмеспи?
– Искендин Разия аттуу эжеси бар, ошол эле жетиштүү го.
– Сен түшүнбөдүң, мен сендей татынакай кызым болсо деп кыялданам. Искен менен Разия чогуу өспөй калды. Анын үстүнө экөөнүн жаш айырмасы да бир топ. Искен аны бир тууган эже эмес, сенин курбуң катары көрүшү мүмкүн.
– Кайрадан кыйналгым келбейт.
– Жаным, түшүнөм, бул – Кудайдан аялзатына берилген кыйынчылык. Аны мен жеңилдете албайм. Бирок аял канча төрөсө, ошончо ирет организми жаңыланып, жашарат. Элестет, сендей татына кызым болсо, тыкыйта кийинтип, тыпылдата жетелеп жүрсөм.
Мен да элестетип ийдим. Мойтойгон татына кыз. Менин кызым! Арстан экөөбүздүкү болсо кандай керемет болор эле, ээ?! Экөөбүз дайыма талашчубуз. Адатта, эркектер уулдуу болууну эңсешет эмеспи. Арстан болсо кыздуу болгусу келчү. “Жыл сайын төрөсөң деле макул. Сага окшош сулуу кыздарым болсо, мен аябай авторитет болмокмун. Эркек баланы не кыласың? Алардын бири мына мен. Атам менен апам ажырашкандан бери же атамдын, же апамдын чекесин жылытпадым” дечү. Ал мага окшогон кыздуу болууну эңсесе, мен так өзүндөй күчтүү, акылдуу, тамашакөй, сулуу уулдуу болууну каалаар элем. Ошол күндөрдү эстеп, кадимкидей көзүмө жаш тегерене түштү. Мени капшыра кучактап өөп жаткан Элдар абалымды байкабады.
– Эртең окууң жок, жумушка түштө барасың, ээ?
– Ооба, эмне экен?
– Эң сонун. Анда эртең менен сени врачка алпарам.
– Эч жерим оорубай эле. Врачтардын көмөгүнө муктаж эмесмин.
– Жаны, балалуу болууга даяр элесиң, чочулай бербе, бизде баары жакшы болот.
Ысык эриндер чоло жеримди калтырбай өөп жатты. Врачтарга бармайынча боюма бүтпөсүн түшүнүп турат да. Иий-йий, мыжыгып таштасаң! Эч нерсени жашырып болбойт! Тажрыйбалуу эркек деген ушундай болот экен, кыздар, эч нерсени жашыра албайсың. “Барып спиралды алдырып сал” деген турат. Мм-мм, кандай кылсам?
Башында кучак толо гүлдөргө кубанар элем. Эми кадимкидей кыжалат болчу болдум. Гүл ташуучудан сурасам, “кимден экенин билбейбиз. Биз, болгону, заказды аткарабыз” дейт. Байкап көрсөм, катардагы адамдын капчыгына мындай гүлдөр чак келчүдөй эмес. Менин иш графигимди да жакшы билет. Күн алыс түнкү кабарлардан соң жөнөтөт. Жалаң тандамал, кымбат гүлдөрдү. Мурдагыдан айырмаланып, эми куш тилиндей кабар жазып кошуп койчу болду. “Жумушуң сага туура келбейт. Олуттуу жаңылыктарды алып барам деп жатып эле өңүң да олуттуу болуп баратат. А сенин баладай жылмайып койгонуң керемет” дептир бүгүнкүсүндө. “Сенин баладай жылмайганың керемет...”, “жылмайганың керемет...” Минтип бир гана адам айтчу. Ал азыр Америкада. Менсиз өзүнчө турмуш куруу максатында кеткен. Анда ким? Көңүлүмө тымызын бүлүк түшүп, кандайдыр жагымсыз жагдай жакындап келе жаткандай. Эмнеден, кайдан коркунуч келерин боолгой албай жаным кыйналат. Тынччылык болгой эле.
Мени өлкөбүздөгү эң алдыңкы телеканалга жумушка чакырышты. Өзүм иштеп жүргөн канал менен келишимдин бүтөрүнө бир айдай убакыт калган. Кааласам, келишимди узартышым мүмкүн. Же тиги жакка өтүп кетсемби? Чынында, ал каналдын жүзү болууну ким болбосун тилейт. Бир аптадай ойлонуп жүрүп, акыры жаңы сунушту кабыл алууну чечтим. Жетекчиликке, албетте, бул нерсе жаккан жок.
– Дарак бир жерден көгөрөт дейт. Ооба, ал каналдын биздикине караганда мүмкүнчүлүгү кенен. Бирок! Ал – мамлекеттик канал. Финансылык планда алып караганда бизде андан эки эсе көп табасың. Анан да эсиңе алып кой, ал жакта интрига күч.
Ошентип, мага нааразы болуп бошотушту. Кадимкидей ичим ооруп калды. Балким, тынч эле көнгөн жумушумда жүрө берсем жакшы болор беле? Айтор, бараандуу телеканалдын жүзү болдум. Баягы сырдуу жан ал жакка да жетти. Биринчи эле иш күнүмдө орхидея гүлдөрүнөн букет берип жибериптир. “Абдан катаал коллективге барып алдың. Эми бул жердин былыктарга толгон сазына чөгүп кетпегенге аракет кыл. Жанда жок аруу жансың. Ошону сакта”.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Tokmok
2011-04-25 15:58:25
Kyzyksyz bolup bartat. Aidai tim ele duinodo jalgyz suluu kyzdai ele maktaile beriptir,chan juguzbai. Jindi keltiretko......
0
operaledi
2011-04-25 20:43:24
Айтпаныз, обу жок мактап ийген. Эми манкоо баш кылбай, акылдуу кылып жазгыла.Чечкиндуу болсо болоор эле.Ойду-тоону энсебей.
0
Elmira
2011-04-25 21:33:38
Чын эле коп коп жазсанар жакшы болмок. Ислам дини менен байланышы жок да ошого мактанат, а бирок мактоо бир гана Аллах Таалага гана татыктуу нерсе!!!
0
kan
2011-04-26 11:53:37
качан бутот, жадатып жиберди, бутурбойсунорбу, кызыгы жок болуп баратат.
0
aliya-leyla
2011-04-27 15:27:07
жадатты го Айдай да...
0
kyrgyzman
2011-04-28 10:18:27
тигил Арстан дегени жаман жадатты го уй булого зыянытийе турган болуп. Айдай дагы бир эсине келе калбады. балдарынан да Арстанын ойдо коюп
0
yalida-82
2011-04-29 10:47:01
чын эле сулуулугун ашыкча мактап койгон как будто андан башка сулуу жок жалгыз эле ошол баары эле шилекейи чууруп калган кылып жазып койгон, андай сулуулар толтура го, ички дуйносу сулуу акылдуу болсо ошондо ааламда жок сулуу болмок
0
Tosha
2011-04-30 09:39:35
Akmoordon da suluu blup ketti go ...
0
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан