Баарыбыз даамдуу тамакты сүйөбүз. Бирок даамдуу азыктардын кээ бирлери зыяндуу экендигин билгибиз келбейт. Антсе да доктурлардын кеңешин угуп, зыяндуу тамак-ашка чекит коюуну үйрөнүшүбүз керек. Бул ден соолугубуз үчүн зарыл. Анда эмнелерди билишибиз керек?
КАЙДАН КЕЛИП ЧЫККАН?
Фаст-фуддун (англисчеден “fast” – “тез”, “food” – “тамак”) чоң киреше алып келе турганын биринчилерден болуп америкалык ишкер Билли Инграм түшүнгөн. Ал Канзас штатында “Ак сарай” деп аталган бир нече кафе ачкан. Ал жерде 5 центтик гамбургерден башка нерсе сатылчу эмес. Кийин “Ак сарайга” атаандаш болуп “Макдональдс” чыккан.
Кыргызстанда фаст-фуд азыктары 1990-жылдары пайда болуп, учурда өзүнүн алтын доорун жашап жатат. Пиццерия, бистро сыяктуу тез татым кафелеринин саны көп. Аларда гамбургер, хот-дог, италия пиццасы, түрк шаурмасы, япон сушиси сатылат. Ошолордун катарында фаст-фуд түрлөрү: самса, беляш, пирожки, чебуреки, котлеттер, май токочтор бар.
ЗЫЯНЫ ЭМНЕДЕ?
Булардын даамдуулугу даамдуу деңизчи, бирок алардын коркунучтуу жактары көп.
1-коркунуч – калория
1 гамбургер менен 1 стакан кока-кола сизди жарым күндөн ашыкка жетүүчү калория менен камсыз кылат. Ушундай эле калорияга курамында майлуу эт менен былчылдата куюлган майонез бар 1 шаурма да ээ. Же сыр, колбасалар кошулган 1 пиццаны же болбосо хот-догду жесек да ошондой эле калорияга ээ болобуз. Мындай тез даярдалуучу тамакты жеп туруп, артынан таттуу суусундукту ичүү – адат. Ал эми 1 стакан таттуу суусундуктагы (кола, пепси) канттын өлчөмү 6 чакмак кантты түзөт. А биз буларды жеп-ичкенден кийин көп кыймылдабаганыбыз аз келгенсип, башка тамактарды да жегенге үлгүрөбүз. Демек, фаст-фуд ашыкча салмак топтоого өбөлгө.
2-коркунуч – май
Фаст-фуд азыктарын трансгендик майларды колдонуу менен даярдашат. Трансгендик май тамакты даамдуу кылат. Бирок мындай майдын зыяны абдан көп. Анткени андай майга маргарин, ошондой эле мурун бир нерсе куурулган же бышырылган майлар кирет. Ошондой эле бир нерсени бышырууда майдын үстүнө май кошула берет да, мурунку май күйүп, трансгендик майга айланат. Мисалы, самсаларга маргарин кошулат. Ал эми картошка-фри же хот-догго салынуучу сосиска мурун колдонулган майга бышырылышы мүмкүн.
Мындай майлар адамга көп калория менен кошо жаман холестериндерди тартуулайт. Демек, семирүүнүн, жүрөк-кан тамыр жана ичеги-карын ооруларынын келип чыгышына жол ачылат. Ал тургай залалдуу рактын жаралышын шартташы мүмкүн.
3-коркунуч – шашылып тамактануу
Фаст-фудду басып баратып деле жеп кете берүүгө болот. Мындай учурда чоң-чоң сугунуп, жакшы чайнабай жутасың. Тоюу сезими болсо, тамактангандан соң бир топто барып билинет. Андыктан шашып баратып бир нерсе жегенде тойгонуңду билбей ашыкча жеп аласың. Кээде фаст-фудду жол боюнан эле сатып алып, ызы-чуулуу жерде туруп жегенге туура келет. Мындай жерде аң-сезим тамакты сиңирүүгө жакшы көңүл бура албай калат.
Ошентип, жакшы чайналбай жутулган жана ашыкча желген фаст-фуд ашказанга оордук келтирип, гастритти жаратат. Эгер мурун гастрит бар болсо, аны күчөтөт. Мындан тышкары айрым адамдардын ичи катса, кээ бирлердин ичи өтөт.
4-коркунуч – туз
Адамдын организмине күнүнө 1 миллиграмм туз (чай кашыктын төрттөн бир бөлүгү) керектелет. Бул нерв жана булчуңдардын калыптагыдай иштеши үчүн керек. Өлчөмдөн ашыгы ден соолукка зыян. Ашыкча туз артериалдык кан басымды жогорулаткандан тышкары адамды шишүүгө жеткирет. Ал эми 2 гамбургер жеген адам 1 күндүк туздун нормасын алган болот.
ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ
Пайдалуу кеңештер
ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДООЧУ ТУНДУРМА
Төмөндөгү чөптөрдүн тамырларынан жасалган тундурма адамды активдүү кылып, боордун, уйку безинин жана бөйрөктүн иштешин калыптандырат. Чалкандын, каакымдын, аирдин, уйгактын тамырларынан 1 аш кашыктан алып термоско салып, үстүнө 1 литр кайнак суу куябыз. Дары суюктук 1 сааттан кийин колдонууга даяр. Бирдей өлчөмдө бөлүп ичип, бир күндө түгөтүү керек. Дарылануу курсу 1 айдан 6 айга чейин.
ЦЕЛЛЮЛИТТЕН АРЫЛУУ ҮЧҮН...
Кызылчаны тазалап, сүргүчтөн өткөрүп, ага 3 аш кашык бал жана 1 чай кашык мурч кошуу керек. Бул аралашманы белдеги майлуу жерге сыйпап, целлофан коюп туруп сыртынан таңуу кажет. Жарым саат коюп, анан жылуу суу менен жууп таштоо зарыл. Компресстин ордун крем менен майлап коюу жетиштүү.
КУРГАТЫЛГАН ӨРҮК
Оорудан кийин сакайып келе жаткандар, өнөкөт оорудан жапа чеккендер (мисалы, бөйрөк оору же ич катуу), кош бойлуу аялдар жана балдар суткасына 100-150 грамм кургатылган өрүк жеш керек. Анткени анын курамында организмге керектүү калий, кальций, магний, фосфор, темир, органикалык кислоталар жана башка пайдалуу заттар бар. Мисалы, ичи каткан адам күнүгө айтылган өлчөмдө өрүк жеп жүрсө, ич катуудан акырындап арылат. Курамдагы витаминдер оңой сиңет, андыктан кош бойлуулар менен балдарга абдан пайдалуу. Дамамат колдонгон соң ооруган адамдын абалы кадыресе жеңилдейт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg