КҮЙӨӨМДҮ ӨЛТҮРГӨН ЖИГИТ МАГА ҮЙЛӨНӨМ ДЕЙТ...

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар “кимди тандоо керек?” деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. “Психологдун кеңеши” рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Суроолорду 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

Эл катары орун-очок күтүп, 2 балалуу болуп жакшы жашап жатканыбызда бизди кырсык басты. Жолдошум шаарда машинасы менен баратып автокырсыктан каза болуп калды. Ошентип, күлгүндөй кезимде эки кичине баламды боорума басып, жесир калдым.
Күйөөмдү сүзүп кеткен машинанын ээси келип, кайын журтумдан кечирим сурап, кыргызчылык кылып сотко бербешибизди өтүндү. Акыркы жайга узатуу, аш берүүнү моюнуна ала турганын, мени менен эки балама каралашарын айтып сыздады. Кайын журтум алгач “кылмышы үчүн камалсын” дешкени менен, акыры туугандарынын сөзүнө көнүп, кечиришмек болушту. Жигит менен туугандары бизден жардамын аябасын айтышты.
Мен “ушул кантип болсун, сүзгөн киши камалышы керек. Силер акчага сатылып жатасыңар” деп ботодой боздодум. Бирок менин сөзүмдү угушкан жок. Ошентип, күйөөмдү жайына тапшырдык.
Ошондон кийин тигил жигит үйгө бат-бат келип, азык-түлүк, балдарга оюнчук алып келип таштап кетип жүрдү. Алгачкы учурларда ал келгенде үйгө киргизбей кууп жиберчү элем. Кийин үйгө көп келгендиктенби, негедир балдарым ага көнүп калышты. Ал келсе балдарды эркелетип, ою менен болот. Жылуу мамиле жасап, эмне кем-карчыбыз бар экенин сурап турат. Ушулардан уламбы, билинбей мен да ага көнүп баратканымды ичимден сезчү болдум. Кээде аны жол карап күтүп калабыз. Бирок ал келген сайын күйөөмдүн арбагы мени үстүдөн карап тургандай болуп уялам. Анын үстүнө канчалык жакшы адам болгону менен, жүрөгүмдүн түбүндө күйөөмдүн өлүмүнө себепкер деген ой турат.
Бир күнү ал аялы менен ажырашып, мага үйлөнгүсү келерин айтты. Айтымында, аялы төрөбөйт экен. Ал “сенин алдыңда көп күнөөм бар. Балдарыңды багып, чоңойтууга жардам берем” дейт. Ошондон бери мени ой басууда. Эмне кылсам болот? Тагдырдан эмнени күтөрүмдү билбей чайналдым...

Элвира, 29 жашта, Кара-Балта шаары.

– Адатта, мындай кырдаалда кыргыздар “эл эмне дейт?” деген намыс менен эсептешет. Анткени биздин баалуулукка ориентациябыз сырткы чөйрөгө багытталган.
Жазганыңызга караганда сиз­де “эл эмне дейт?” деген суроо жок. “Күйөөмдүн арбагы көрүп тургансып жаман болом” деген гана кооптонуу жан дүйнөңүздү кыйнап жатат.
Орой айтылса да кыргыздарда “өлгөндүн өз шору, тирүү күнүн көрө берет” делет. Бул чындык. Жолдошуңуздун өлүмү менен жашоо токтоп калган жок да. Өмүр көчү уланууда.
Биз, адамдар жамандыкты күтүп алууга даяр болуп, кор­гоо механизмдерин иштеп чыгарып турабыз. Жакшылыкты күтүп алууга да ар бир адамда ички психологиялык даярдык болуусу керек.
Сиз өзү­ңүздү сүйө билип, жан дүйнөңүз менен эсептешиңиз. Ойлорго чайналгандан көрө өзүңүзгө: “Эмне үчүн тигил эркек сөзсүз түрдө аялы менен ажырашуусу керек? Ажырашпай эле эки үй-бүлөгө камкордук көрүүнү колуна алса болбойбу?” деген суроо берип көрүңүзчү. Дал мына ушундай суроого баш катырсаңыз, турмушка реалдуу карайт бе­леңиз?..


МЕН ЖОКТО АЯЛЫМ БАШКА МЕНЕН ЖАШАП АЛЫПТЫР
– Мен Орусияда иштеп, акча таап жүрөм. Аялым 2 балам менен Бишкекте турат. Досторумдун айтымында, аялым башка бирөөнү киргизип алып жашап жатыптыр. Аялыма телефон чалып сурасам, “карандай калп” деп актанып койду. Ошондон тарта ичим муздап, телефон чалбай койдум. Жакында Бишкекке келем. Аялым менен мындан ары чогуу жашаарымды элестете албайм. Бирок эки баламды кыя албайм. Эмне кылсам болот?

Марат, 32 жашта.

– Чечим кабыл алуу өз колуңда.“Ар бир адам жаңылганга укуктуу, андыктан кечирүүгө болот” десеңиз да, же “башымды аттаганын кечире албайм” деп турмушту жаңы барактан баштайм десеңиз да өз эркиңиз. Сиз ачык жооп таба албай, чечим кабыл ала албай жатканыңыздын өзүндө аялыңыз менен байланыштырып, үзүлө албай турган сезим кылдары бар (балдарды шылтоологондо да). Андыктан жети өлчөп, бир кесиңиз.
Кыргыз эли “атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер” деген кечиримдүү эл. Кечирүүгө бел байласаңыз, анда окуяны жүрөгүңүздөн унутуп жашоого бел байлооңуз керек. Эгер балдарды кыйбай, бирок аялыңыздын күнөөсүн кечире албай жашасаңыз, анда жашооңуз тозокко айланарын да эске алыңыз.

Сиздердин сурооңуздар­га психолог,
Жусуп Баласагын атындагы
КУУнун психология кафедрасынын
доценти Наралиева Бермет Каратаевна
жооп берди.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Gumaw
2011-04-27 11:32:57
Мага да психологдун ойу анча жага бербеди,психолог болгондон кийин бир эле жагын карап койбостон,баардык жагынан карап анализдеп,баардык жагын карап коруп анан акырында бир тыянак чыгарып жооп берсе болмок!
0
Aalan
2011-04-27 18:08:57
Урматтуу Марат ага сиз эн биринчи ошол ар кандай ушактарга ишене бербестен,жакшылап ойлонуп бир жакшы чечим чыгараарынызга толугу менен ишенем!!! сизге ийгилик...
0
UvE
2011-04-28 00:26:30
Эн жаманы, ушак-айындын артыдан аялына же аялы куйоосуно сууп калганы! Марат - сен оз алдынча изилдоо жургуз, кандай болгон кундо да бироого ишенбе, бул уй-було, балдарынды ойло! Эгер чындап ошондой болсо аялын м.н конкреттуу турдо суйлошуп кор, эмнени каалайт, эгер сени м.н жашоону кааласа анда кечиргенге аракет кыл, кечиримдуу болсон кудайга жагасын, сооп иш! Бирок билем, бул учур сен учун абдан оор, кечируу андан да оор, бирок кандай болбосун, акылын менен чеч, озунду колго карма! Ийгилик!
0
mandalak
2011-04-28 13:10:02
emne ele Rassiaga baryp ishtep kelgenderd ele achyrasham ele dep kalat
-1
maradona
2011-04-28 16:28:51
Сиз бул ушул маселени жакшылап карап корунуз балким ушактыр. Андыктан келип жакшынакай эле жашап аны андуу керек. Качан гана озунуз кармап алгандан кийин кечирууго мумкун эмес.
0
milli
2011-04-28 21:10:33
Marat baykege ayytat elem, alysta jursonuz, dostorunuzdun, taanyshtarynyzdyn sozdoruno ele ishenip, eki balanyzdyn enesi, jubayinizga tez ele ichiniz suup kalgany tura emes. Bizde negizi kyrgyz myrzalar jubaylary jonundo soz uksa ele daana jubaylarynyn dushmanyna aylanyp kalyshat. Marat bayke ishkeke barsanyz, jakshynakay ele uyunuzgo baryp, baldarynyzga sagynychynyzdy taratyp, anan kozmo koz jubayiniz m-n suyloshunuz,annan maseleni chechiniz.
-1
Nuura
2011-04-29 04:51:21
Kantip joldoshunuzdu olturgon adamga turmushka chygat eleniz al adamdyn sunushun kabyl albanyz deit elem antkeni baldarynyz chonoigondo bul oku9 jonundo ugup kalsa anda sizdi ele kunoloit tushunushu kyiyn bolot baldarynyzdyn sizdi.
-1
Nuura
2011-04-29 04:54:24
Marat baike eger siz chyndap suisonuz a9alynyzdy anda ushaktarga ech ishenbeniz.Antkeni aityp koiotgo eri jokgo baka da er bolgon dep oshon synaryndai siz jokto el arkandai ushaktardy chygargandyr birok siz a9alynyz menen jakshylap suiloshup korunuz.
-1
yalida-82
2011-04-29 11:04:20
Биринчи окуяда автокырсык деп айтылып атат ал киши Эльвиранын куйоосун атайлап олтургон жок ал кырсык, ал эми жардам берип атканы куноосун сезип кудай алдында куноолу болуп ошону учун келип журуп баласы жок байкуш балага арбалып атса керек, ал эми аялым торобойт ажырашам дегени туура эмес ал да кудайдын колунда балким аялы торобогуно озу куноолудур, аялын кетирип аялдын убалына калбасын, бала багып алсын, ал Эльвирага уйлонбой деле жардам берип турса болот, эгер Эльвира ал кишиге тийип алса чын
+1
yalida-82
2011-04-29 11:07:37
эле балдары чонойуп окуя кандай болгонун билсе башкача соз чыгып Эльвиранын озун куноолошу мумкун.А Эльвирага болсо бакыт каалайм кыз чырагы кырк дейт бактынызды таап бактылуу болунуз
0
yalida-82
2011-04-29 11:13:34
Экинчи окуя болсо Марат байке эгер сиз аялынызга ишенбесениз аялынызды жалгыз калтырып кетпесениз болмок жанына сиз ишене турган бир туугандарынызды же ата-эненизди таштап кетсениз болмок, мен жокто башка менен жашап алыптыр деп уктум деп ар кимдин созуно ишенип ашырашам дегениниз туура эмес, аялыныздын деле башы бардыр балдарынын козунчо кантип бироону уйго алып келсин, сиз кудайга койунуз эгер ал соз чын болсо кудай озу таразалайт. Бактылуу болунуз уй булоонуз менен!
-2
GulyaJ
2011-05-02 20:33:10
Tagdirdin sinoosyy Elbira ech kachan al kishige turmushka chikpa .Saga bashka erkek tygonyp kalsa da kiiin baldarindan jaman soz ygyp kalishin mynkyn. Sabirdin tyby sari altin.
-1
jainagulergeshbaeva
2018-04-25 18:27:45
Жаратканым жар болсун сизге.2 баланыздын татыктуу энеси болунуз.Жана жалгыздык Аллага гана жарашат жаш экенсиз чечимди озунуз кабыл алып турмушка чыгыныз.
-2
fantomas
2018-04-26 06:41:42
Жогорудагы "акылдуулардын" пикирерин угуп ирээнидим ачыгы...

Озунор ошол психологчо кенеш бере албайсынар, анан туура эмес деп сынайсынар...

Же экинчи окуядагы Мараттын достору калп айтканын коруп-билип келдинерби?!!

2 окуя боюнча да психолог туура эле кенеш берген...

Россиядагы Марат эч кимге кабарын айтпай, аялына чалбай туруп самолетко билет алып, уйуно сюрприз кылып барып, кептин чын-тогунуно жетиши керек эле, эми да кеч эмес. Ан
-1
fantomas
2018-04-26 06:46:21
Биринчи келин болсо озу менен озу кенешсин. Биринчиден ал кырсык, атайылап куйоосун олтурбосо керек. Экинчиден турмуш токтоп калбайт, келин жаш экен, ал да аялзаты болгон сон эл катары жашагысы келет кайра куйоого тийип. Балдарына ата керек, огой болсо да камкор.

Эми тиги жигит баларына кам корсо, озун жакшы корсо, келин аны кечире алса, ага турмушка чыга берсин, бирок бир шарт менен. Жигитке токол болуп тийсин, анын биринчи аялынын турмушун бузбасын.
-1
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан