КҮЙӨӨМ КЫЗДЫГЫМДАН АЖЫРАТА АЛБАЙ МЕНИ ДА, ӨЗҮН ДА КЫЙНООДО

Эч кимге ооз барып ай­та албаган, бирок, олуттуу жооп­ту та­лап кылган, денсоолук жаа­тын­­да­гы жү­рөк өйү­гөн суроолоруңуз бол­со, биз­­ге кат жазыңыз. Сизге тажрыйбалуу медицина кыз­мат­керлери жооп беришет.

КҮЙӨӨМ КЫЗДЫГЫМДАН АЖЫРАТА АЛБАЙ МЕНИ ДА, ӨЗҮН ДА КЫЙНООДО

– Биз жакында үйлөнүп, төшөктө 3-4 ирет кошулуп көрдүк. Бирок, ал менден бир топ жоош болгондуктанбы, үстүмө чыкканда эле кайсактап эмне кылаарын билбей кайра түшүп кетет (сыягы "алигимдин" кайда экендигин билбейт окшойт, а мен аеримди көрсөтүп берүүдөн тартынам). Бир аз мурун эле зыңкыйган немеси да жатып калат. Ошентип, экөөбүз тең сыртыбыздан билдирбегенибиз менен ичибизден кыйналуудабыз. Эмне кылсак? Дина, Жалалабат.

– Күйөөңүз сизге "оорутуу жаратып албаймбы?" деп сактанып, кыжаалат болуп, сиз сүрөттөгөндөй абалга туш келүүсү мүмкүн. Андыктан, аны туура түшүнүңүз. Сиздерге айтаар кеңеш, төшөктө тартынуудан арылып, эркин болуңуздар. Фантазияңыздарга жол бериңиздер. Мындай учурда кыз демилгени өз колуна алганы жакшы. Кыз жыныс кынынын оозун атайын интимдик гель же крем (дарыканада сатылат) менен сыйпап, күйөөсүн чалкасынан жаткызып, үстүнө чыгып, "алигисин" акырындап жыныс кынына киргизет. Ушинткенде кыздык оңой алынат.

СЕКС ТАЗДАРГА ДАРЫБЫ?

– "Бат-бат болуп туруучу секс таз эркектер үчүн дары катары эсептелет" дегенди угуп ишене албай жатам. Кантип эле төшөк оюнуна берилген таз эркекке чач чыгып калсын? Же мен жаңылышып жатамбы? Дегеле, секстин чачка кандай тиешеси бар? Алик, Талас.

– Негизи, дамамат болуп туруучу секс чачтын өңүн оңдоп, жалтырак, серпилгич кылат. Бул кан айлануунун жакшырып, чачтын түптөрүнө азыктын жакшы баруусу менен түшүндүрүлөт. Бирок, медицинада "секс түздөн-түз баштагы таздан арылтып, чач чыгарат" деген нерсе жок. Эгер секс таздан арылтса, таздар секс менен алаксып эле чачтарын өстүрүп алышпайт беле?!

ЭРИМ КАРТАЙСАМ ДЕЛЕ ЖАНЫМДЫ КОЙБОЙТ

– Мен 45 жаштамын, күйөөм болсо 49да. Менимче, биздин куракта төшөк оюну токтош керек. Бирок, күйөөм күн сайын төшөккө сүйрөйт, алтургай бир күндө эки ирет барпыратып басып калууга барат. Мен: "Картайганыбызда минткениң туура эмес",- деп уялганымдан урушам. Ал болсо: "Мен мунсуз жашай албайм",- дейт да турат. Кандай чара колдонсом болот? Же меники туура эмеспи? Тома, Бишкек.

– Эркектердин төшөктө активдүүлүгү анын денсоолугунун чыңдыгы менен түшүндүрүлөт. Баяндооңузга караганда, күйөөңүз толук денсоолукта жана сексуалдуу. Ага чындыгында төшөк оюну зарыл. Эгерде анын төшөктөгү активдүүлүгүн чектеп койсо, денсоолугу начарлап кетет. Көпчүлүк эркектер 65-70 жашка чейин аптасына жок дегенде бир ирет төшөк кумарына батууга жөндөмдүү. Андыктан, маселеңизди медициналык жол менен эмес, күйөөңүздү туура түшүнүү жана өз ара сүйлөшүү аркылуу чечиңиз.

КЫРСАМ ЭЛЕ КЫЧЫШАТ....

– Жука чурайымдагы жүн­дөрдү кырсам эле эртеси териси кычыша баштайт. Кычышканы кетеби деп кайра кырсам ого бетер кычышат. Андыктан, жүндөр өсүп, кычышпай калганча чыдашым керек болот. Кыраар алдында атайын гелди жана кыргандан соң сакал алгандан кийин сыйпоочу кремди колдоном. Канткенде кыргандан кийин кычышпай калат? Боло, Бишкек.

– Сакал алгандан кийин колдонулуучу крем одуракай териге (ээкке) колдонуу катары чыгарылгандыктан, сезимтал териге (мисалы, жука чурайга) сыйпаганда албетте, кычыштырууну жаратат. Андыктан, башка крем (антибактериалдык кошулмалары бар) колдонуп көрүңүз.
Акырында айтаар нерсе, кыргандан соң кычыштыра берсе, кырып өзүңүздү кыйнап эмне кереги бар? Жөн эле кайчы менен кыркып койсоңуз болбойбу? Ойлонуп көрүңүз.

ТӨРӨТТӨН СОҢ ИЧ САЛАҢДАП КАЛБОО ҮЧҮН НЕ КЫЛУУ КАЖЕТ?

– Кээде кош бойлуу учурда ич абдан чоңоюп, териси чоюлат да, төрөгөндөн кийин ич тартылбай, курсак салаңдаган бойдон калат. Ошондуктан, боюнда барда ич салаңдап кетпеш үчүн эмне кылса болот? Жыкы, Токтогул.

– Балалуу болууну пландап, бирок, бойго болтура элек кезде курсактагы булчуңдарды чыңдоо үчүн фитнес же атайын көнүгүүлөр менен алаксуу керек. Ошондо гана кош бойлуу кезде ич абдан чоңоюп кетпейт жана төрөгөн соң бат калыбына келтирүүгө оңой болот.

ЭМНЕ ҮЧҮН МУЗДАК?

– Менимче, менин жумурткалыгым ооруга кабылган окшойт. Себеби, кармап көрсөм дайыма муздак. Бул эмнеси? Бакы, Сокулук.

– Бул эч кандай оору эмес. Сиздин жумурткалыгыңыз толук жайында. Болгону, жумурткалыктагы температура курсактын температурасына караганда 3-4 градуска төмөн. Бул бел суунун (сперманын) пайда болушу жана сакталышы үчүн керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
chon.alai.
2016-10-21 03:18:21
менин ХХХ бат баттан ХХХ кыйнай берет аял кишини коргондо айрыкча ХХХ балее боло берет анан ХХХ ХХХ ХХХ чыгып кете берет эмне себептен
0
admin_portal
2016-10-21 13:31:59
chon.alai., порталдын эрежелерин сактаңыз!
0
№ 253, 7-13-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан