САНДЫКТАГЫ БИЛИМДЕР

Учурда Жер шарындагы калктын 4 миллиардга жакыны сабаттуу деп эсептелинет экен. Алардын арасынан ар тармактан билим алып, бир эмес, бир нече диплом, сертификаттарга ээ болгон кыргыз шоу-бизнес өкүлдөрүн да кездештирүүгө болот. Учурда алардын кимиси өз кесибинде иштейт да, кимиси билимдерин сандыкка катып коюшкан?

Бек Борбиев – автожол куруучу
1986-жылы Кыргыз техникалык университетинин босогосун аттаган Берадор мырза 5 жылдан соң автожол куруучу кесибине ээ болгон. Бир диплом аздык кылат дегенби, андан соң бир эле мезгилде КМКТАУдан бажы тармагы, Искусство институтунан менеджер-уюштуруучу адистиктери боюнча сырттан окуп билим алганга жетишкен. “Учурда бажы тармагы боюнча алган дипломумдун жанын жай алдырбай иштетип жатам. Ал эми калган экөө ардактуу эс алууда” дейт ырчы тамашага салып.

Чач кыркып тажаган Кундуз Канатбек кызы
2010-жылы КУУнун экономика факультетинин банк иштери боюнча бөлүмүн бүтүргөн ырчынын дагы бир кесиби бар экенин көпчүлүк биле бербесе керек. Көрсө, Кундуз 9-классында каникулун текке кетирбей, чачтарачтык боюнча билим алып коюптур. “Практиканы үйдөн өткөм. Мен “универсал” чачтарач болгондуктан, үйгө келген коноктордун баары менин кардарым болчу. Кээде жарашыктуу жасасам, кээде бузуп койгон күндөрүм болгон. Кийин бул жумушумдан тажадым окшойт, таштап койдум. Алган сертификатым “качан иштетет?” деп мени күтүп үйдө жатат” дейт Кундуз жылмайып.

Эшик каккылаган Гүланда
Гүланда 2006-жылы Кыргыз техникалык университетинин энергетика факультетин аяктаган. Бул тууралуу ырчы “кесибим, жалпак тил менен айтканда, электрик. Студент кезимде кечкисин кафеде ырдап иштечүмүн. Сахна мени жеңип кетти окшойт, биротоло ырчылыкка ооп кеттим. Антпесе азыр жүрмөкмүн “канча иштеттиңиз?” деп ар бир үйдүн эшигин каккылап. Буюрса, эртеби-кечпи, өз кесибим менен иштейм деген оюм бар” дейт. Андыктан Гүланда эшигиңизди каккылап калса, чочубай эле койсоңуз болот.

Акчаны шыкылдата санаган Омар
Омардын өз кесиби эсепчи. Мындан сырткары учурда КУУнун юридикалык факультетинин 4-курсунда билим алып жатат. Ырчы “жашымдан эле бизнесмен болсом деген тилегим бар. Ошондуктан бул кесиптерди тандап алгам. Эсепчилик кесип менен аз эле иштедим. Буюрса, юридикалык окуумду ийгиликтүү аяктап, анан бизнес баштайм деген тилектемин” дейт.

Тата Улан – актёр
Этно-акын Тата Уландын Москвада Щепкин атындагы театралдык окуу жайынан актёрлук боюнча билим алып келгени баарыбызга эле белгилүү. Аталган окуу жайды 4 жыл таптаган жигит “менде, болгону, бир эле диплом бар. Алган билимим башта, ал эми кагазы сандыктын астында. Өзүңөр билгендей, Кыргызстанда кино тармагына анчейин көңүл бурулбайт. Ошондуктанбы, учурда сапатсыз тартылган тасмалар жайнап кетти. Бул тармакка көңүл бурулса, мен да алган билимимди катып жата бербей, мыкты образдарды жаратып, талантымды өз элиме арнасам” дейт. Анда Тата Уландан мыкты образдарды күтөбүз.

Айпери Кубик кызы – Ашпозчу
Учурда Кыргызстан Эл аралык университетинин 3-курсунда окуп жаткан Айпери ашпозчулук боюнча да билим алып койгон. “Биздин университетте ашпозчулукту үйрөтүүчү атайын курс бар. Кыз кишиге бул кесип аябай керек. Андыктан окуп алганыма сүйүнөм. Көп нерселерди үйрөндүм. Экзаменден болсо апамдын рецеби менен палоо басып өтүп кеткем” дейт ырчыбыз.

Компьютерди чаккан Темир
Атасынын сөзүн эки кылбай ОшМУнун бизнес жана менеджмент бөлүмүнө тапшырган Темир ошол эле мезгилде эстрадалык вокал боюнча 5 жыл билим алууга да жетишкен. “Түшкө чейин бизнес жана менеджмент бөлүмүндө окусам, түштөн кийин гамбургерден жеп алып кийинки окуума жөнөчүмүн” деп эскерет ырчы студенттик күндөрүн. Мындан сырткары компьютер боюнча тереңдетилген билим алган ырчы учурда 3 жерде, “Ош” телерадио компаниясында музыкалык оюн-зоок программаларынын продюсери, Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын жана Ош мэриясынын маданият бөлүмүнүн солисти болуп иштөөдө.

Гүлзинат Суранчиева – фортепианочу
Көпчүлүк Гүлзинатты ырчы катары таанышат. Бирок ырчы айымдын Улуттук консерваториянын фортепиано бөлүмүндө 5 жыл окуп, алганга жараша толук кандуу билим алайын деп 2 жыл аспирантурада окуганынан көпчүлүк кабардар болбосо керек. Фортепиано боюнча эл аралык сынактардын 4 жолку лауреаты болгон Гүлзинат учурда Шубин атындагы музыкалык окуу жайында өз кесиби боюнча эмгектенип келет.

Дамира Арстанова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ХАНЗАДА
2011-04-26 16:19:20
Сандыктагы билимдер деп, сандыктын суроту турса тартпайт окшойт. Ичине кирсен кызыктуу мультяшкалар кездешет экен.
0
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан