КААРМАНДАР ЧОҢОЙГОНДО

Тасмалардагы кичинекей каармандар жадыбызда дал ошондой элесте сакталып калат эмеспи. Бирок “мезгил – учкан куш” дегендей, алар биз элестеткен курактан эчак эле өтүп кетишкен. Окурманга жагымдуу таң калуу тартуулоо үчүн тасмадагы кичинекей каармандарды издеп көрдүк.

КЫСКАЧА МААЛЫМАТТАР

  • “Кызыл алма” тасмасында Анаранын ролун ойногон Анара Макекадырова азыр Москва шаарында турат деп эшиттик. Маалыматтарга караганда, ал илим адамы болгон.
  • Ал эми “Эрте келген турналар” тасмасында Султанмураттын ролун аткарган Эмил Борончиев кийин бир нече тасмаларга тартылган. Жакында эле ал “Гаишники” тасмасына катышты.
  • “Махабат дастаны” тасмасында карыяны ээрчип жүргөн, Раймалы менен Бегимай өрттөнүп жатканда көз жаш төгүп ыйлаган бала ким дебейсизби? Бул – композитор Түгөлбай Казаковдун уулу Мурат Казаков. Учурда борбор калаада эмгектенет.

АЛЬБИНА ИМАШЕВА

“Бешкемпир” тасмасындагы өспүрүм кыздын ролун ойногон Альбина Имашева азыр таланттуу актриса. Үй-бүлөлүү, ширин кыздын энеси.

– Биринчи жолу тасмага тартылганда 14 жашта болчумун. Анда февраль айы эле, мектептин ичи муздак болгондуктан, баарыбыз пальто, тончон отурганбыз. Бир маалда “тасмага артист издеп жүрөбүз” деген бир байке жаныма келип, “тонуңду чечип, ырдап көрчү” деди. Мен “Классташым” деген ырды ырдап бердим. Анан кастингдин жыйынтыгы чыгып, мени тасмага тартмай болгонун уктум. Айыл жергесиндеги 70тен ашык мектепти кыдырып, мага жана дагы бир кызга токтолушкан экен. Башында экөөбүздү салыштырып жатышты. Кийин Мирлан Абдыкалыковдон “кайсы кыз менен тартыласың?” деп сураганда, ал мени тандаптыр. Ошентип, Мирландын тандоосу менен негизги ролду аткаргам.
“Бешкемпир” тасмасынан кийин сөзсүз актриса болом дегем. Апам экөөбүз “ий, эми актрисанын окуусун каяктан табабыз?” деп аябай ойлонгонубуз эсимде. Мектепти аяктап, апам экөөбүз шаарга келип, Искусство институтун издеп жатып араң тапканбыз. “Бешкемпирден” жолдомо алган актрисалык кесибим ушинтип башталып, бир нече роль жараттым.

МИРЛАН АБДЫКАЛЫКОВ

Ушул эле тасмадагы кара тоголок бала азыр дасыккан режиссёр экенин билбесеңиз керек.

– Сизди атактуу кылган ролуңуз...
– Мен “Бешкемпирге” тартыла электе эле жаш актёр элем. “Ит качты” жана “Селкинчек” кинотасмаларында роль жараткам. Тасманын режиссёру атам Актан Арым Кубат “эгерде каармандын ролун жакшы ача алам десең гана тартыл” деп катуу эскертти. Кийин атам “тасманын көркүн ачуу үчүн менин дүйнө таанымымды түшүнгөн адам аткарышы керек болчу, ошон үчүн сени чакыргам” деп айтып жүрдү.
– “Бешкемпир” тасмасындагы “кум айымды” жасап алып эрмектешкен эпизодго токтоло кетсең...
– Уялганым менен, режиссёрдун көз карашын чагылдыруу керек экендигин да эске алдым. Бул “кум айымда” чындыкка камтылган жашоо бар эле да. Жашы жете элек ар бир эле баланын өзүнүн оюну бар экендиги сыр эмес го. Азыр карап отурсам, кыргыз клиптеринде мындан да өткөн уятсыздыкты көрсөтүп жатышпайбы. Учурда өзүмдүн жарнама, клип тарткан “Селкинчек” деген студиям бар. Атамдын ишин аркалап жатам десем да болот. Балалык кезимден кино жаатында эмгектенип, эми деле бул тармактан алыстаган жокмун.

НАТАЛЬЯ АРИНБАСАРОВА
“Биринчи мугалим” тасмасындагы секелек кыз Алтынайды билсеңиз керек. Алтынайдын ролу Натальянын актрисалыкка алган жолдомосу болгон. Актрисанын атасы кызынын балерина болушун каалаган. Бирок Наталья өзүн балерина эмес, актриса катары көрчү.
1964-жылы 16 жашында аны Андрей Кончаловский “Биринчи мугалим” тасмасына тартылууга чакырат. Кыргыз тоосу, табигаты таасир бергенби, ошол эле жылы режиссёр өзүнөн бир топ жаш кичүү Натальяга үйлөнөт.
Наталья Аринбасарова азыр КМШга таанымал актриса жана чоң эне. Анын мемуардык китебин кызы жазып, жарыкка чыгарган.

ГҮЛНУР АСАНОВА

Ырчы, актриса Гүлнур Асанованын актрисалык карьерасы 6 жашында башталган. «Карагул ботом» тасмасында кичине баланын ролу анын кино дүйнөсүнө биринчи кадамы болгон.

– Анда мен 1-класста окучумун. Карагулдун ролуна көптөгөн балдар кастингге катышкан, бирок бирөө да ал образга жан киргизе албай коюшкан экен. Алардын “кыз болсоң, анан эркек баланын ролун кантип ойнойсуң?” дегендери эсимде. Башыма тебетей, эликтин терисинен тигилген тон кийгенде эркек баладан айырмам жок болуп калганын эстеп азыр да күлкүм келет.
– Кичине болсоң, киного тартылуу деле оңойго турбаса керек...
– Андай деле түйшөлткөн кыйынчылык, тоскоолдук болгон жок. Тасма Чаткалдын тоолорунда тартылгандыктан, бир аз кыйналганбыз. Үн тунук угулсун үчүн жакабызга микрофон сайып койгонбуз. Мен таштын үстүнө чыгып ойноп жатып аны талкалап алгам. Кээ бир сөздөр угулбай калып, тасманы тартып жаткан топ кыйналган эле.

Мальвина Уметбекова, Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
AIZAJANKA
2011-04-25 16:39:21
Гульнур Асанова Карагул ботомдогу бала экен деп такыр ойлогон эмесмин
0
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан