ДАНИЯР ЭРМАТОВ

Учурда ким көп, ырчы көп. Ошолордун катарында “талантымды элиме арнасам” деген жакшы тилеги менен редакциябызга баш баккан Данияр Эрматов менен маек курдук.

Эрматов Данияр Бурканбекович
1989-жылы 1-февралда
Өзгөн районунун Куршаб айылында жарык дүйнөгө келген.
Бойдок. Репертуарында “Кечелердин периси”,
“Баланын арманы” сыяктуу ырлары, 2 клиби бар.

– Данияр, ырчылык кесипке жөн жерден келип калбасаң керек...
– Ырчылык – кичинекейимден бери эңсеген кесибим. “Көк жылгаяк”, “Шамал, шамал, бузба чачымды” деген ырларды ырдап чоңойдум. Талантымдын ойгонушуна таякем Улан Саматовдун да салымы чоң. Ал убагында аккордеон менен ырдаган белгилүү ырчы эле. 1-класстан бери эле мектеп сахнасынан түшпөдүм окшойт. “Эртерээк чоң сахнага чыксам” деген балалык кыял менен жашачумун. Бул тилегим 2010-жылы Съездбек Искеналиевдин концертинде ишке ашты.
– Эки клип тартканга жетишипсиң.Демөөрчүлөрүң күчтүү го дейм...
– Демөөрчүлөрүм деп эки байкемди жана эжемди айтам. Учурда улуу байкем менен жеңемдин эрке баласымын. Алар менен чогуу турам.
– Обончулар, акындар, продюсерлер менен иштешесиңби же...
– Алтынбек Алымов, Артык Саитов, Мырза Айдаралиев байкелер менен чыгармачылык байланыштамын. Кээ бир ырларымдын сөзү, обону өзүмө таандык.
– Жакшы. Жеке жашооңдун эшигин каккылап көрбөйлүбү...
– Беш бир туугандын төртүнчүсүмүн. Апам үй кожойкеси болсо, атам айдоочу. Азырынча жүрөк бош. Ырларымды угуп, мен иштеген кафеге келип кол тамга алып кеткен күйөрмандар пайда болууда.
– Рахмат. Сага ийгилик каалайбыз.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан