«ӨЛСӨМ ДА ИНИМДИ СЕНДЕЙ КЫЗГА ҮЙЛӨНДҮРБӨЙМ»

Гезитибиздин бул жолку тамаша торуна белгилүү ырчы жигит СЕМА түшүп отурат. Семаны торго илүү оңойго турган жок. Иниси Жанарбектин Казакстанда жүргөнүнөн маалымдар болгон соң анын болочок келинчегинин ролун аткардык. Жашыруун номер менен чалып, орус тилинде жүргүзүлгөн тамашаны кыргызчалатып сунуштап жатабыз.

– Алло, бул Семабы?
– Ооба.
– Мен сенин иниң Жанарбектин болочок жубайы, башкача айтканда, келиниң Арайлыммын.
– Эмне дейт?
– Мен эмне, түшүнүксүз сүйлөп жатамбы? Ке-ли-ниң!
– Кайсы келин? Дөөрүбөңүзчү, чоң кыз?
– Мени тааныбасаң эми тааныйсың. Тойго чакырып жатам.
– Кайсы тойго? Андай болсо бер телефонду Жанарбекке, аны менен мен өзүм сүйлөшөм. Эмне, тили жокпу? Мындай иштерди сен чечет бекенсиң?
– Ал азыр үйдө жок, дүкөнгө кеткен. А мени менен сүйлөшсөң эмне экен? Жанарбек бирдеме чечет деп атасыңбы? Ал менин айтканымдан чыкпайт. Муну билип кой.
– Сен ким экенсиң анчалык?
– Макул, билбесең айтайын. Казакстандын атактуу миллионеринин кызы болом. Башка сурооң жокпу?
– Миллионер эмес, миллиардердин кызы бол мага десең. Ишим канча?
– Эмне сен мага үнүңдү бийик көтөрүп жатасың? Кандай акың бар? Мага минтип атам да катуу сүйлөбөйт. Тойго чакырып койгонума рахмат де. “Айтты, айтпады...” дебегиле. Келесиңерби же келбейсиңерби, ал силердин ишиңер. Кыйкырат тимеле. Жанарбек айткан, сенин Кыргызстанда жылдыз экениңди. Ырчы болсоң өзүңө.
– Башымды оорутпачы?! Сен билип кой, мен ырчыдан да мурда Жанарбектин бир тууган байкеси болом.
– Ким болсоң да ук мени! Кыскасы, той 8-сентябрда Алматыдагы “Ак куу” ресторанында өтөт. 350 орунга заказ кылдык. 15 конок силер тараптан болсун деп чечтик. Болочок кайын журтум деп силерди расмий түрдө өзүм чакырып жатам.
– Сенин чакырууңа зар болгон жерим жок. Билсең, бизге арнаган 15 VIP орундарың бош калат, муну эсиңе алып кой. Атаң миллионер болсо эмне экен? Сенин оюңа койсо Жанарбекти күч күйөө кылгың барбы, ээ? Колуңдан келбейт. Өлсөм да Жанарбекти сендей кызга үйлөндүрбөйм. Биздин үйбүлөдө андай эч убакта болгон эмес, болбойт дагы.
– Эй, сен антип силкинбе мага! Керек болсо ар бир сөзүңө жооп берип каласың азыр! Болбосо эми болот.
– “Эй” деп сага окшогон акмактарды айтса болот. Мага “эй” деп сүйлөгөнгө акың да жок.
– Катуу кетпе сен антип, келин болсом да бирөөгө баш иейин деген ниетим жок. Болочок келин деп жылуу сүйлөгөндүн ордуна...
– Кудай сактай көр, мага чалып алып аңкылдаганыңа рахмат айтайынбы?
– Иниңди адам кылып, бир фирманы жетектетип койдум. Дүркүрөгөн той бергени жатабыз. Ата-энемдин жалгыз кызы болгондуктан, кийин алардын бүт байлыгы бизде калат. Эмне, жаманбы?
– Сенин байлыгыңды урганым барбы?! Сеникиндей ата-эне бизде да бар, Жанарбек алардын батасын албай эч убакта агарып-көгөрө албайт. Муну эске алып кой. Сен антип мага байлыгыңды милдет кылба, керек болсо азыр жетип барып эки кулач тилиңди кайрыйм, айтып коёюн.
– Кайнага деп сыйлап койсо тимеле нервди козгойсуң да?! Тилиң менен буудай оруп жүрүп көнгөн окшойсуң. Колуңдан эч нерсе келбейт. Мага келсең байлыкты эмес, башка көргүлүктү көрсөтөм.
– Такыр эле мээси иштебеген акмак турбайсыңбы? Жанарбекти сендей ажыдаардан куткаруу керек экенин эми түшүндүм.
– Ии, куткарат имиш! Жанарбекти сен эмес, мен куткарып жүргөнүмө көп болду. Керек болсо сен үйлөнгөндө белекке берилген сыналгынын акчасы да меники болчу. Эми балалуу болоорубузга аз калганда мунун айтып турганын кара. Колуңдан келгенин кылып ал!
– Эмне-е? Кылгылыктын баарын кылып коюп, эмне сен камаарабай мага “балалуу болобуз” дейсиң? Сендей кызга ишенип болбойт. Андай эле болсо ДНКга анализ тапшырасыңар. Эгерде чын эле бала Жанарбектики болсо, бул жакка келип, батирге болсо да жашайсыңар. Келбес оюңарга койбой сүйрөп келем, уктуңбу?
– Сиз “Супер-Инфонун” “Тамаша торундасыз”.
– Тамашаңды ур... Ай! “Супер-Инфо” дейсиңби? Чын элеби? Чын эле тамашабы? Оо, Кудай, рахмат сага ушул жөн эле тамаша болгонуна. Рахмат. Ушундай келинден сактай көр, тфу-тфу. Кара тер басып, калтырап да кетпедимби.
– “Мени тамашалап жатышат” деген ой кеткен жокпу?
– “Тамаша торду” окуган сайын мен дагы бир күнү кылтакка илинип калбасам болду деп ойлоп койчу элем. Бирок, азыр таптакыр шек санаган жокмун. Арайлым деген атты кайдан тапкансыңар деги? Анча-мынча жүрөгү начар адамдарды тамашага салганда этият болгула. Болбосо укмуш экен тамашаңар.

Тамашалаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 253, 7-13-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан