ЭЛ ЭСИНДЕГИ ЭСКИ КЛИПТЕР

Жаштыгыбызды, балалыгыбызды эске салып, көргөн сайын жагымдуу маанай тартуулаган клиптер бар. Бул клиптерди кимдер тартканы, канча каражат кеткени баарыбызга эле кызык болсо керек.

Ырыскелди Осмонкулов:
“ЫР МАЙРАМ” БЕКЕР ТАРТЫЛГАН”

Режиссёру – Александр Губин
Тартылган жылы – 1999-жыл
Кеткен каражаты – 100 доллар

– Үчөөбүз жөн жерден ырдап чыгып калган эмеспиз. Композитор Бакыт Алишеровдун жубайы “үчөө ырдап чыгышса сонун трио болмок” деген оюн айтыптыр. Муну угарыбыз менен макул болдук. Ал эми клип тартуу идеясын Адиль Чекилов көтөрүп чыккан.
Тоң жана Чолпон-Атада тартылган бул клиптин режиссёру Александр Губин. Ал жакын досубуз болгондуктан, эмгеги үчүн эч кандай акча алган эмес. Жол кире, тамак-ашка гана 100 доллардай сарптаганбыз. Баса, жакында Актан, Адиль, мен үчөөбүз “Ыр майрамдын” “Ыр дүйнө” деген уландысын ырдап чыгуу алдында турабыз.


Жылдыз Тутуева:
“СЦЕНАРИЙСИЗ ТАРТЫЛГАН КЛИП”

Режиссёру – Мыктыбек Арстанбек
Тартылган жылы – 1999-жыл
Кеткен каражаты – 5000 сом

– Бул сценарийсиз тартылган клип. 20 жаш күлгүндөй курагым. Бир күнү “Туңгуч” театрындагы кесиптешим Болот Тентимишевди ээрчитип алып Бишкектин четине клип тартканы жөнөп калдык. Эмне болуп кетти билбейм, бир убакта Болот сууга түшүп кетти. Мен дароо ушул жерин клипке кошобуз дедим да, анын кийимдерин кермеге жайып, кымыз сунуп, аны жактырып калган кыздын образын жараткам.
Болот кесиптешим да, эч кандай гонорар сураган эмес. Замандын алмашканын караңыз, ошол кезде 5000 сомго клип тартууга мүмкүн болсо, азыр 500 долларга да тарта албайсың.


“Жаныш-Байыш” тобу:
“ТАЯК МЕНЕН ГАЗДЫ БАСКАНБЫЗ”

Режиссёру – Капар Сабырахунов
Тартылган жылы – 1998-жыл
Кеткен каражаты – 5000 сом

– Ооба, бир кезде эки адамдын бири эле “анын Мерседеси бар” деп кыңылдап ырдап калышкан. Бул ыр “Мафтун” деген өзбек тобуна таандык. Аны угуп жактырып, которуп ырдоого уруксат алганбыз.
Клип Чоң-Арык айылына бараткан жолдон жана ЦУМдун жанындагы чоң сааттын алдынан тартылган. Эжем Дилянын машина айдаган жери бар го, ошону тартканда аябай эле кыйналганбыз. Биз көрүнбөй таяк менен газды басып, айтор, кыз айдагандай кылып тартканбыз,- деп жылмайды Байыш Момунов.


Айбек Карымов:
“БОЗ ТОРГОЮМ” ТУРМУШКА ЧЫКСА КЕРЕК”

Режиссёру – Рустам Аташов
Тартылган жылы – 2001-жыл
Кеткен каражаты – 4000 сом

– Эх, жаштык, жаштык! Сүйүктүүмдү боз торгойго теңеп, ага арнап клип тартып салганыма караганда, аябай өрт кезим окшойт. Клип 3 күндө тартылып бүткөн. Клиптеги агайдын ролун Максат аттуу досум, анын келинчегинин ролун Мадина, ал эми агайына кат ыргытып тийишкен селкини Жыпара аттуу группалаштарым ойношкон.
Учурда Максат менен байланышып турам. Кыздар менен такыр байланышым жок. Алар да мага окшоп үй-бүлө күтүп калышкандыр,- деп эскерет ырчы мырза.


Алина Жетигенова:
“КЛИП ТАРТЫЛАРДА УКТАП КАЛЫП...”

Режиссёру – Александр Губин
Тартылган жылы – 1993-жыл
Кеткен каражаты – 8000 сом

– “Эрсай” тобунун ырчысы болуп жүргөнүмдө жетекчим Азамат Имашев бул ырыма клип тартып берем деп калды. Съёмканы 25-майда, акыркы коңгуроо күнүнө белгилеген элек. Кара басып ошол күнү уктап калыптырмын. Мектепке барсам, окуучулардын баары тарап кетишкен. Режиссёр жаңыдан урушуп келе жатканда сыртка чыктым да, ойноп жүргөн, жөн эле бараткан балдарды чогултуп келе калдым.
Клипте мени түртүп кеткен бир бала бар эмеспи, ошол баланы апасы менен дүкөнгө бара жаткан жеринен көндүрүп алып келгем. Азыр ал жигитти көрсөм такыр тааныбасам керек. Ал эми мени карабай койгон жигит – жолдошум Эржан. Аны араң көндүргөм.

Венера Кабакбек кызы
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
operaledi
2011-04-25 21:14:18
Таяк менен газды басышканы жакты.
0
cosmopolit
2011-04-26 01:05:25
эн кымбат тартылган клип Алинаныкы болуптур...чынында сонун тартылган...
0
aikoledi
2011-04-27 23:34:12
ооба Алинаныкы еле жакшыраак болгон экен
0
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан