Пулуң болсо, кулуңмун. Бул кептин башка өлкөлөрдө канчалык мааниси бар экендиги белгисиз, бирок Кыргызстанда анын мааниси чоң. Акча төлөп коюп соттон акталган же ЖОЖдордо сабакка барбай жүрүп кызыл дипломдуу болгондорду угуп эле жүрөбүз. Ал эми жасалма паспорт канча турат? Бул кылмыштын жазасы кандай?
Каржы полициядан атайын операция:
“СРОЧНО ПАСПОРТ КЕРЕК!”
Үстүбүздөгү жылдын февраль айында Мамлекеттик каржы полициясына “борбор шаардын паспорт столунда иштегендер жасалма паспорт жасап беришүүдө” деген маалымат келип түшөт. Бирок анда кайсы райондун паспорт столу мындай иш менен алектенип жаткандыгы так айтылган эмес. Мунун негизинде Каржы полициясынын кызматкерлери атайын операцияны иштеп чыгышат. Алгач Бишкектин Октябрь жана Ленин райондорунун паспорт столдорун иликтеп көрүүнү чечишет. Бул максатта сценарий түзүлүп, алдын ала киши даярдалат. Ал паспорт столдун кызматкерлерине паспорт жасап берүү өтүнүчү менен кайрылмак.
ОКТЯБРЬ РАЙОНУНДА ЖАСАЛМА ПАСПОРТ 450 ДОЛЛАР...
Атайын даярдалган адам Октябрь районунун паспорт столунда каттоочу болуп иштеген Айгүл (аты өзгөртүлүп берилди) аттуу кызга кезигет. Ага “Орусияда иштеп жүргөн агам паспортун жоготуп жиберип, кайра мекенине келе албай жатат. Паспорт жасап бербейсизби?” деп кайрылат. Айгүл “өзү жок болсо, жаңы паспорт жасап берүүгө акыбыз жок” демиш болгону менен, аягында макул болот.
24 жаштагы каттоочу мындай кызматтын акысы 300 доллар болорун, жоголгон паспорттун көчүрмөсү жана 4 даана фотосүрөт керектигин айтат. Каржы полиция кызматкерлери көчүрмөнү алып барууда бул операцияга катышып жаткан бир жигиттин паспортун колдонушат. Аны көчүрмөдөн паспорттогу сүрөттүн үстүнө башка бирөөнүн сүрөтүн коюп өткөрүшөт. Жаңы сүрөттө мөөр басылбай калгандыгын каттоочу айым негедир байкабай калат (же байкамаксан болгон) да, көчүрмөнү, сүрөттү жана акчаны алып калат. Көп өтпөй кардарга телефон чалып, “сиздин агаңыз биздин райондо катталбаптыр, ошондуктан жасап бере албайбыз” дейт. Кайра сүйлөшүүлөрдөн кийин дагы 150 доллар кошсо, аталган районго каттап берүүгө макул болот. Ошентип, Американын 450 “жашыл” акчасына 5 күндөн кийин жаңы паспорт даяр болот. Аты-жөнү башка кишиге, сүрөтү башка кишиге таандык бул паспортту Айгүл өзүнүн үйүнүн дарегине каттатып коёт.
ЛЕНИН РАЙОНУНДА БОЛСО 800 ДОЛЛАР!
Жогоруда Октябрь райондук паспорт бөлүмүнүн кызматкеринин тузакка кантип илингенине күбө болдуңуз. Финполчулар эми Ленин райондук паспорт столун текшерип көрмөкчү болушат. Кардар кайра эле тааныш болуп калган Айгүлгө кайрылат. Бирок мунусунда Ленин районунун паспорт столу аркылуу ушундай эле паспортту башка адамга жасоо керек болуп жаткандыгын айтат. Сүйлөшүүлөрдөн кийин иш оң жакка чечилип, кезектеги жасалма паспорттун баасы 800 долларга бычылат. Айтылган акчаны алган каттоочу айым тез эле кийинки жаңы паспортту даярдап берет. Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголду.
КАНДАЙ ЖАЗА АЛАТ?
Мамлекеттик каржы полициясынын кызматтык кылмыштарга каршы башкармалыгынын башчысынын орун басары Конокбай Өскөнбаев бизге төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Бул эки факт жетиштүү болуп, кылмыш ишин козгодук да, Ленин жана Октябрь райондорунун паспорт столдорун тинтүү үчүн санкция алдык. Тинтүү учурунда башкаларга да паспорт жасап берип жүргөндөрүнө далил болуучу документтер: турак жай эксплуатациялык кеңсенин толтурулбаган, бирок мөөрү басылган аныктамалардын бланктары табылды. Паспорт столунда каттоочу болуп иштеген Айгүлгө Кылмыш кодексинин 350-беренеси (жасалма документтерди жана мамлекеттик мөөр, бланк, сыйлыктарды жасоо, өткөрүү жана колдонуу) боюнча айып тагылып, ал азыр убактылуу кармоочу жайда.
Мыйзам боюнча, жогорудагыдай кылмыш жасагандар 4 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Албетте, мындай иштерди каттоочу айым өзү жалгыз жасай алмак эмес. Жасалма документтерди жасоодо сөзсүз башка бирөөлөр жардам беришкен. Азыркы тапта ошолорду аныктоонун үстүндө иш жүргүзүп жатабыз.
ЖАСАЛМА КЫРГЫЗ ПАСПОРТУН АЛУУ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР ҮЧҮН ДА ЖЕҢИЛБИ?
Иликтеп көрсөк, чет өлкөдө жасалма кыргыз паспорту менен жүргөн бир катар кылмышка шектүүлөр кармалгандыгы маалым болду.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg