ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

АКШ

ТОРНАДО ОНДОГОН КИШИНИН ӨМҮРҮН АЛДЫ
АКШнын түштүк-чыгышында 14-апрелде башталган катуу шамалдын жана торнадонун кесепетинен 45 киши курман болуп, дагы ондогон адамдын дайыны чыкпай жатат. Оклахома, Миссисипи, Арканзас, Алабама жана Түштүк Каролина штаттарына олуттуу зыяндарды алып келди. Түндүк Каролина штатында 16-апрелде 62 торнадо катталып, акыркы жыйырма жылдагы күчү жагынан эң кубаттуу болгонун окумуштуулар билдиришти. Табият кырсыгы болуп өткөн аймактарда миңдеген үйлөр чатырсыз калып, бак-дарактар жыгылып, автоунаалар жабыркаган жана 250 миңдей тургун электр жарыгысыз калган.

Египет

МУБАРАКТЫН ДООРУ БҮТТҮ
Египеттин Жогорку административдик сотунун чечими менен Хосни Мубарак башкарып келген Улуттук-демократиялык партия таратылды. Алардын штаб-квартирасы турган имараттан баштап бардык мүлкү мамлекет карамагына өткөрүлдү. Мындай чечимин өлкөдөгү сот «Мубарактын режими кулатылса да, анын негизги куралы болгон партиянын иштегени – акылга сыйбаган иш» деген жүйөгө такаган. Египет мыйзамдарына ылайык, Жогорку административдик соттун чечимдеринин үстүнөн арыздануу укугу каралган эмес. Демек, акыркы чечим катары саналат. Учурда партия көпчүлүк тарапкерлеринен айрылып, жетекчилик кызматтагылар камакка алынышты. Алардын көпчүлүгү “паракорчулукка байланыштыгы бар” деп күнөөлөнүүдө. Ал эми Мубарактын өзүнө адам укуктарын бузгандыгы, кызмат абалынан пайдаланып, өлкөдөгү коррупциянын өнүгүшүнө жол бергени жана “Тахрир” аянтындагы демонстранттардын өлүмү үчүн кылмыш иши козголуп, суракка алынууда.
Эскерте кетсек, Египетти 1982-жылдан бери башкарып келген Хосни Мубарак үч жумага созулган массалык каршы чыгуулардан соң 2011-жылдын 11-февралында бийликтен кеткен.

Ливия

МИСУРАТАДАГЫ КАРМАШ 50 КҮНДӨН АШТЫ
Мисурата шаарындагы кармашта өкмөттүк күчтөрдүн огунан 1000ге чукул адам набыт болуп, 3 миңдейи жаракат алды.
Жергиликтүү оорукананын башкы дарыгери Халед Абу Фальга: “Курман болгондордун жана жаракат алгандардын 80 пайызын жөнөкөй жарандар түзүүдө. Алардын көпчүлүгү акыркы убакта көзгө атарлардын огунан жана авиабомбалоодон жабыр тарткандар”,- дейт.
Эскерте кетсек, Ливиядагы баш аламандык жарандык согушка жеткенде НАТО жөнөкөй жарандарды колдоо иретинде БУУнун Коргоо кеңешинин 17-марттагы резолюциясынын негизинде аскердик күчтөрүн киргизген. Ошондой эле 20-марттан баштап Катар жана Бириккен Араб Эмираттарынын учактары согушка киргендиги маалымдалууда. Оппозиция өкүлдөрүнүн билдирген маалыматына ылайык, согуштун жүрүшүндө каза болгондордун саны 10 миңге жетти.

Сирия

КАГЫЛЫШУУ КҮЧӨДҮ
Хомс шаарында полиция менен иш таштоочулардын ортосундагы кагылышуудан 15 адам көз жумуп, 50дөн ашууну жарадар болду. Укук коргоочулардын айтымында, өлкөнүн Коргоо күчтөрүндөгү кызматкерлер элдин арасында чагымчылдык иштерди аткарып, баш аламандыкты уюштурушкан. Ал эми көтөрүлгөн эл токтоосуз саясий реформа жасоону жана президент Башар Асаддын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. Эске салсак, массалык митингдер бир ай мурун Дераа шаарында өкмөткө каршы чакырыктарды дубалдарга жазышкан эки окуучуну камагандан кийин башталган.

Казакстан

НАЗАРБАЕВ КЫТАЙДАН БАШ КАЛКА ИЗДЕГЕНБИ?
Жашыруун келишимге ылайык, Казакстан Кытайга 1 миллион гектар айдоо жерди 99 жылга ижарага берет. Мындай маалыматты Казакстандын Австриядагы экс-элчиси, Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев таратты. Анын кайрылуусунда: “Назарбаевдин 2011-жылдын 21-февралында Кытайдын Пекин шаарына болгон иш сапарында келишимге кол коюлган. Бул үчүн Кытай тарап Назарбаевдин өмүрүнүн коопсуздугуна, кол тийбестигине жана кокусунан Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгүдөй элдик толкундоолор болуп кетсе, баш калкалоого Гонконг менен Хайнань аралынан резиденция берүүгө кепилдик берген. Ошондой эле келишимде эгер Казакстанда элдик толкундоолор башталса, жардамга Кытайдын 200 миң аскери аба жолдору аркылуу Алматы, Чымкент жана Караганда шаарларынын аэропортторуна келе турган маршруттары иштелип чыкканы белгиленген”,- деп билдирилет.

Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
talastykmyn
2011-04-25 20:27:24
менин жанымда эки казак кыз иштейт. назарбаевди оз атасынан артык корушот. ал учун урушуп да кетип копко суйлошпой журдук. назарбаевдин колокосунон чан уйлоп турушат. ал ды кытайга качып кетсе (кокус да) анда сталин олгондо эл ыйлагандай ыйлайбы?..ммдаааа..
0
Taalaibek
2011-04-26 06:55:15
Назарбаев деле анда элин да сатууга жана элин да атууга даяар экенда. Биздин Бакиев ден да кем эмес экен да.
0
altynkyz
2011-04-27 16:04:30
Анан силер эмне деп ойлодунар эле? Назарбаев алтындан бекен?
0
beshinchi
2011-05-01 10:37:23
казак оппозициясы азыр тонкорушко даяр эмес,алар бир топко биригишип,бир план менен иштешпей келишет.азырынча казактардан которулуш же тополон кутууго эрте.Назарбаев олкосун копко башкарып,Ельциндей болуп тактысын мураскерине откоруп кетиши мумкун.
0
№ 442, 22-28-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан