7 жыл мурун жоголуп кеткен наристе эми жигит болгон учурунда табылды. Тагдырдын элеги Нурланды жакшы эле элеп, кулчулуктун да азабын тарттырган экен. Анын азаптарына ким күнөөлүү дебейсизби? Эмесе, сөз башынан болсун.
БАЗАРДАН ЖОГОЛГОН БАЛА
– Мен карапайым үй-бүлөдө төрөлгөм,- деп баштады өзүн Нарынкүл деп тааныштырган эже. – Атам 16 жашымда менин макулдугумсуз токтогулдук жигитке күйөөгө берип салды. Көңүл келбеген соң турмуш болбойт экен. Үч айдан кийин боюмда бар экенине карабастан, ажырашып кеттим. Күйөөм баладан ошондо эле баш тарткан. 17 жашымда уулдуу болуп, атын Нурлан деп койгон элем. Уулум 3кө чыкканда атасы келип, “менин каным” деп талаша баштады. Ал буга чейин көп жолу үйлөнүп, бирок балалуу болбоптур. “Ошондо кереги жок бала эми керекпи?!” деп уулумду бербей койдум. Кийин мен башка турмуш курдум. Ал мезгилде балам 7ге чыгып, 1-класска барып калган. Ошол учурда Нурланды өзүнүн атасы уурдап кетти. Көп жолу издеп барып, анан “мейли, эми өз атасы менен болсун” деп тынып калган элем. Ошол боюнча уулумдан кабар албадым. Кийин билсем, 2004-жылы чоң энеси менен “Ош базарында” жүргөндө жоголуп кетиптир. Анда Нурлан 10 жашта болчу. Алар 5-6 күн “Ош базарды” кыдырып издеп, дайынын таппай коюшат.
“КУЛЧУЛУККА ЖАЛДАП...”
– Көчөдөн Нурланды таап алган адам райондук милиция бөлүмүнө алып барып таштап кетет. Ал эми ошол учурдагы өспүрүмдөр иши боюнча инспектор Нурдин Өмүрбеков уулумдун ата-энесин тапканга аракет кылбаптыр. Көчөдөн табылган баланы олжо катары көрүп, башка метрика менен Казакстан аркылуу Таластагы ата-энесиникине жиберет. Ошентип, балам ата-энеси тирүү туруп кулга айланат. Жазында жер айдап, буурчак сээп, кышында мал багып, үй-бүлөгө тиешелүү бардык жумуштарды жасачу экен. Баламды мен кокусунан таап калдым. Тааныштарым “Кайдасың?” телеберүүсүнөн Нурланды чоң энеси издеп тапканын көрүшүптүр. Бир жумадан соң уулумду таптым. Ага “эмнеге мени издеген жоксуң?” деп айтып ыйладым. Кайненем “апаң өлүп калган” деп ишендирип койгон окшойт. Азыр уулум колумда. Бизди табыштырган Кудайга рахмат айтканыбыз менен, 7 жыл бою кулдукта кармаган адамдарга наалат айтам. Уулумду кыйратып окутушпаптыр, китепти муундап окуйт. Баламды кулга айландырган инспектордун ата-энеси келип алдыбыздан өтүп, “150 миң сом компенсация төлөп беребиз, арызыңарды алгыла. Баарын кыргызча эле бүтүрөлү” деген бойдон кабарсыз жоголду.
Нурлан Макушов:
“КҮРӨК МЕНЕН УРУП КЫЙНАШКАН”
Биз балакай кезинде жоголуп, инспектордун ата-энесинин колунда кыйынчылык көргөн жаш жигит Нурлан Макушов менен да маек курдук.
– Нурлан, жоголуп кеткен күндөн баштап башыңдан өткөргөндөрдү айтып берсең...
– «Ош базарынан» чоң апам менен жүрүп адашып калдым. Атам шаарда батирде турчу. Жашаган жерин таап барсам, бир байке чыгып “атаңдар көчүп кетишкен” деди. Ал мени эки күн багып, анан милицияга өткөрүп берди. Эртеси келсек, Нурдин байкенин күзөтү экен. Менде ата-энемди табам деген үмүт бар эле. Бирок Нурдин байке “мен сени багып алам” деди. Элес-булас эсимде, “Казакстан” деген жазуу бар жерден өткөнбүз. Мени өзүнүн баласынын метрикасы менен алып өттү. Ошол күндөн баштап Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл Октябрь айылында бир үй-бүлөнүн кадимки кулуна айландым. Бардык жумуштарды жасачумун. Мектепке жиберишкен жок. Кыйналып кетип, акыры качканга аракет кылдым. Бирок мени кармап алышып, күрөк менен сабашты. Башымдан кан куюлуп кулап жатсам, бири да жардам бергенге жарабай басып кетишти. Кийин алардын туугандары жардам беришип, качып чыгып, борборго келдим.
– Биз ал инспекторго телефон чалсак, “менин ал ишке тиешем жок” деп жатат. Сен ошол инспектор экенин далилдей аласыңбы?
– Кантип эле тааныбай калайын? Жакында эле Нурдин байкенин ата-энеси алдыбыздан өтүп келгенде атасы “сени мен “Ош базардан” эле таап алгам” деп жатпайбы. Мени “Ош базардан” таап алган эмес. Жөн гана уулунун иштеген жерин жашыргысы келип жатат.
“СИЛЕР МЕНЕН АДВОКАТЫМ СҮЙЛӨШӨТ”
Бул окуя бизди таң калтырып, учурда Бишкекте, Ленин РИИБинде иштеп жүргөн Нурдин Өмүрбековго кайрылдык. Биздин телефон аркылуу маегибиз мындай болду:
– Саламатсызбы. Биз гезиттен телефон чалып жатабыз. Нурлан деген баланын тагдыры боюнча...
– Мен андай баланы тааныбайм. Силер жаңылышып жатат окшойсуңар.
Ушинткен ал телефонду коюп койду. Кайрадан байланышка чыгууга аргасыз болдук.
– Байке, сиз тааныбайм деп жаткан Нурлан сизди тааный турганын айтып, кандай машина минип жүргөнүңүздөн бери билет экен. Балким, келип маек куруп берерсиз?
– Азыр силер менен сүйлөшкөнгө убактым жок. Силерге менин адвокатым өзү чалып байланышат.
Кыска сүйлөгөн Нурдин мырза телефонун өчүрүп салды. Биздин заманда минтип караламан кишини кул кылып алуу да бар экенине таң калып баш чайкадык. Эми эне-бала өз укуктарын коргоп, инспекторду жазага тарттыра алышар бекен?
Лунара Бекиева
koom@super.kg