КАЙДАН ТҮШТӨНӨСҮЗ ЖАНА КАНЧА АКЧА КОРОТОСУЗ?

Асылбек Өзүбеков:
– Мен көпчүлүк учурда түштөнбөйм. Анткени, күндүз ишим көп болгондуктан, тамактанууну да унутуп калам. Болгону, суусаганда 8 сомго шоро ичип коём. Ушинтип түшкү тамакты ичпегенге өзүм да көнүп калгам.

Эмил Балтагулов:
– Гастролдо көп жүргөнүмө байланыштуу кайсыл жерден тамактануу керек болуп калса, ошол жерден түштөнө берем. Кээ бир учурларда тамактануучу жай таппай калсам, өзүм колго жасап жейм. Негизи, мен тооктун этин жакшы көрөм. Андыктан кафеде тамактанып калсам, сөзсүз тоок этин заказ берем жана тамагыма орточо эсеп менен 100-150 сом коротом.

Юрий Бобков:
– Көпчүлүк учурда түштөнүүгө "Жалалабат" кафесине барып, куурдак же манты заказ берем. Тамактанганга өзүм жалгыз барбайм, топтогу балдар менен барып, аларга да тамак алып берем. Ошон үчүн орто эсеп менен алганда 400-500 сомдун тегерегинде акча коротом. Кээ бир учурларда жумушубуздун жанындагы ашканага барып тамактанабыз. Ал жак арзаныраак болгондуктан, 200-250 сом коротобуз.

Анжелика:
– Эртең менен дайыма үйдөн жолдошум менен тамактанып, ал эми түштө көбүнчө үйдө болбой калам. Ошондуктан, шаарыбыздагы чакан болсо да сольянканы жакшы жасай турган бир кафеге барып, ошондон түштөнөм жана ал жерге канча барбайын тажабайм. Түшкү тамакка орто эсеп менен 300-350 сом коротом.

Расул Маматкулов:
– Үйдөн тамактанганга не жетсин?! Антсе да иштер менен жүрүп түш маалында көчөдө болуп калган учурлар кездешет. Андай кезде кафеден тамактанам. Өзүм эттен жасалган тамакты жакшы көргөндүктөн, көбүнчө шишкебек, болбосо, манты же уйгурлардын ашканасынан лагман жейм. Бир күндүк түшкү тамагыма орто эсеп менен 200 сом сарптайм.

Роза Шакирова:
– Дамамат курбум менен түштөнөм. Акчам аз болуп калган учурлар көп эле болот. Андай учурларда борщ же ошол сыяктуу арзаныраак тамак жейм. Негизи, түшкү тамагыма 100 сомдун тегерегиндеги акча коротом. Эгерде үйдө тамактансам, анда пияз, помидор, жумуртканы аралаштырып кууруп жегенди жактырам.

Керим Турапов:
– Чынын айтсам, мен беш бармак, палоо деген майлуу тамактарды жакшы көрө бербейм. Мен жеңил, кайнатылган тамактарга жакынмын. Үйдө күндүз болбогонума байланыштуу, түштө бирге иштешкендерим менен кээде кафеге барып тамактансак, кээде филармониянын ашканасынан тамактанабыз. Тамакка канча акча кетээри мен үчүн мааниге деле ээ эмес.

Мирбек Атабеков:
Ал эми ырчы Мирбек Атабековго "кайдан түштөнөсүз жана канча акча коротосуз?" деген суроо узатканыбызда ал: "Продюсеримден сурагыла",- деп оозубузду ачырды. Тобо-о, эмне эле жаш ырчы балтыр эти толбой арыкчырай десек, көрсө, продюсеринин уруксаты менен гана тамактанып, ал жок кезде тамактанбай деле коёт окшобойбу.

Эрнест Абдыжапаров:
– Мен келинчегимдин колунан чыккан күлчөтай, беш бармак, палоону жакшы көрөм жана мүмкүн болушунча үйдөн түштөнөм. Айрыкча, түшкү тамакка беш бармак жеп, артынан кымыз ичкенди жакшы көрөм. Ал эми жумушта болуп калганда ашканадан тамактанам. Тамактануума канча акча кете тургандыгына маани деле бербейм. Андыктан, мынча акча коротом деп айта албайм.

Гүлзат Батырканова:
– 1994-жылы Японияга барганымда мага япондордун тамагы абдан жаккан. Ошондон бери япон ашканасынан даярдалган тамактарга баа берем жана тамшана жейм. Бирок, япон ашканасынан түштөнүүгө кээде убактым болсо, кээде болбой калат. Түштөнүп калсам, 500 сомго чейин коротом. Эгер ал жакка барбай башка кафелерден тамактансам, анда 200 сомдун тегерегинде акча коротом.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 253, 7-13-сентябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан