9-10-апрель күндөрү Спорт Ордосунда белгиленген Жазгы фестиваль ийгиликтүү өттү. «Тамашоуго» Кыргызстандын 7 дубанынан тамашакөй жигиттер биригип, ынтымакта оюн көрсөтүштү. Адатта, жаз кез – махабатка мас кез дейбиз. Буга кошумча бул күндөрү «Тамашоуго» келгендер күлкүгө да мас болуп кайтышты.
7 ДУБАН «ТАМАШОУДО» БИР ТУУГАН
Афишаларда жарнамалангандай эле Жазгы фестиваль өлкөбүздүн бардык аймактарынан келген командалардын катышуусунда «7 дубан «Тамашоудо» бир тууган» урааны астында өттү. «Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы?» дегендей, жаш куудулдардын «атасы» Эрмек Нурбаев калыстарды тааныштырып жатып, алардын дарегине тамашадан бир шиңгил ыргытканга үлгүрдү. «Жакшы адам макалчы, Урмат Усенов сакалчы», «Дизайнер, стилист, танкист Замира Молдошева» деген сыяктуу «учкул сөздөрү» залды күлкүгө бөлөдү.
Калыстар тобу Эрнест Абдыжапаров, Токтобек Асаналиев, Жамиля Муратова сыяктуу атактууларыбыз менен толукталыптыр. Анан, албетте, салтка айлангандай «Мыкты оюнчу», «Мыкты тамаша» жана «Мыкты команда» наамдары боюнча күрөш жүрүп, сыйлыктар өз жеңүүчүлөрүн тапты.
КАЗАКТАРДАН «ЭКСКЛЮЗИВ»!
Фестивалда командалар толук жана жарым форматта оюн көрсөтүштү. 9-апрель күнү толук форматты «Достук», «Тергөө», «Саяктар», «Оштук коноктор», «Ак-Өргө city», «Ак кеме», «Юристтер», «Фантастическая четвёрка», «УКГ №5» менен «68» жана Алматыдан келген «Эксклюзив» командалары түзсө, экинчи күнү толук форматта «ЧЕЗ», «IUK» менен «Юрский период», «Жигиттер», «KG 77», «Не дай бох!», «No name», «Азиатский стандарт», «Нарын united», «Тепкичтер», «КГБ», «Тамашарики», «Талас» «Sensation» командалары өз өнөрлөрүн тартуулашты.
9-апрелдеги мыктылар:
Мыкты оюнчу – Азимхан («УКГ №5» жана «68» курама командасы)
Мыкты тамаша – «Депутаттар» («Саяктар»)
Мыкты команда – «Тергөө» (ИИМ академиясы)
10-апрелдеги мыктылар:
Мыкты оюнчу – Мадияр («Sensation» командасы)
Мыкты тамаша – «Толгонайдын монологу» («No name» командасы)
Мыкты команда – «IUK» жана «Юрский период»
МЫКТЫ ТАМАШАЛАР
«Оштук коноктор»
– Кожомкулдун ар жагында балдар ойноп жатышат,
Билеттерин жоготушуп бизден көрүп жатышат.
Аа-аа-аа-ай, эмне, биз оштук болсок эле бизден көрө бересиңерби?!
«Саяктар»
– Кыргыздардын майрамы алгач айтыш менен башталат. Сөгүш менен коштолот. Анан аягында «обязательно» мушташ менен бүтөт.
«Чез»
– Күзгүнүн жанында бир саат турса,
«Тоналка» менен бетин шыбаса,
Достору менен учурашканда өбүшсө,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын!
«Sensation»
– Сенсация, сенсация! Кыргызстандык окумуштуулар изилдеп чыгышты. Аялдаманы кыргызстандык аял же орусиялык дама ойлоп табыптыр.
«КГБ»
Орус тилин үйрөнөбүз.
– Эй, Мурат, мен орус тилинен аябай кыйналып жатам.
– Анын айласы бар.
– Кандай айласы бар?
– Сен орус кыздар менен көбүрөөк өбүшсөң, тезирээк үйрөнөсүң.
– Анда эмнеге мен тажикчени билбейм?
«Нарын united»
– Сөөлжанга виагра берип койсоң мык болуп калат.
«No name»
Жер эне менен Толгонайдын маеги:
– Саламатсыңбы, Жер эне?
– Эх, Толгонай, саламатчылык.
– Жер эне, мен келдим.
– Эртең келчи, Толгонай!
– А эмнеге, Жер эне?! Менин «проблемаларым» аябай көп да. Укчу, бүгүн укчу.
– Толгонай, бүгүн башым ооруп турат. Анын үстүнө жездең бүгүн «ка-а-айп» келди. Кетчи, башты оорутпай!
Гүлжамал Бөрүкулова
tamasha@super.kg